Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:12

Пасха Украинада согуштун, Грузияда акциялардын тушунда майрамдалууда


Украиналык аскер Донецк облусунда Пасха жөрөлгөсүнө катышып жатат.
Украиналык аскер Донецк облусунда Пасха жөрөлгөсүнө катышып жатат.

Дүйнө жүзүндөгү миллиондогон православ христиандары 5-майда Пасханы белгилеп жатышат. Православ жылнаамасындагы эң ыйык күн деп саналган Пасха Украинада согуштун, Грузияда нааразылык акцияларынын тушунда майрамдалууда.

Украиналык христиандар Киевдин негизги соборуна жана өлкөнүн башка чиркөөлөрүнө чогулушту.

Украинанын Православ чиркөөсү ондогон жылдар бою чыңалып турган мамилелерден кийин 2019-жылы орус чиркөөсүнүн көзөмөлүнөн чыгып кеткен. Украин православ чиркөөлөрүнүн чакан тобу Москва чиркөөсү менен мамилесин сактап, бирок 2022-жылы Орусия ачкан согуштан кийин алака үзүлгөн.

Грузияда миңдеген демонстранттар Пасха түнүн Тбилисинин борборунда өткөрүштү. Колдоруна Грузиянын жана Евробиримдиктин желектерин кармап алган жарандар Орусиянын "чет элдик агент" мыйзамына окшош мыйзам долбоорун кабыл албоо талабы менен бир канча күндөн бери акция өткөрүп жатышат. Демонстранттар акцияга Пасха нандарын алып келишти.

Орусиянын президенти Владимир Путин 5-майда эртең Москвадагы башкы храмга келип, Патриарх Кирилл өткөргөн жөрөлгөгө катышты. Путиндин ишенимдүү жактоочусу деп сыпатталган Патриарх Кирилл Орусиянын "ыйык чек араларын коргоону" Кудайдан тилеп, дуба кылганын ТАСС агенттиги жазды.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Пасха менен куттуктап, бул майрам православдар үчүн эң маанилүү экенин белгиледи. Ал өлкөдө диний салттардын көп түрдүүлүгүн сактоого шарт түзүлүп жатканын кошумчалады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG