Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:46

Садык Шер-Нияз президенттикке талапкер болууга арызын тапшырды


Садык Шер-Нияз.
Садык Шер-Нияз.

Мурдагы депутат жана экс-маданият министри, «Айтыш» фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз Борбордук шайлоо комиссиясына президенттикке талапкерлигин каттоо жөнүндө арыз тапшырды. Бул тууралуу анын тарапташтары «Фейсбук» социалдык тармагында кабарлашты.

Буга чейин президенттикке талапкер болуш үчүн Клара Сооронкулова, Элеонора Турдубекова, Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Бектур Асанов, Бакыт Бакетаев, Канатбек Исаев, Абыкаар Сыдыков, Сазыкбай Турдумалиев, Нурлан Мотуев, Рашид Тагаев, Бактыбек Калмаматов, Аймен Касенов жана Жеңишбек Байкуттиев БШКга расмий арыз тапшырышкан.

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын бурмаланган жыйынтыгына нааразы болгон он чакты саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн. Митинг башаламандыкка айланып, бул окуя бийликтин алмашуусуна алып келген. Азыр президенттин милдетин элдик толкундоо убагында тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алган жана кийин Жогорку Кеңеш премьер-министр кылып шайлаган Садыр Жапаров аткарып жатат.

Жапаров өзү да алдыдагы президенттик шайлоого катышарын 26-октябрда жарыялаган, бирок БШКга арыз бере элек.

XS
SM
MD
LG