Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:04

Орусия миңдеген непалдыкты согушка салганбы?


 Украинадагы согушка тартылган орус күчтөрүнүн жоокерлери
Украинадагы согушка тартылган орус күчтөрүнүн жоокерлери

Орусия Украинага каршы согушка Непалдын 15 миңдей жаранын жалдаган болушу мүмкүн. Бул тууралуу CNN телеканалы непалдык депутат, мурдагы тышкы иштер министри Бимала Рай Паудялга шилтеме берип жазды.

Телеканал бул санды ырастай албаганы менен, булактар Украинадан кайтып келген же согуштан качкандарга таянып ушундай маалымат берүүдө. Буга чейин Непалдын полициясы согушка азгырган деген шек менен бир нече кишини кармаганы кабарланган.

Америкалык телеканалдын кабарчылары Орусия тарабында согушкан непалдыктар менен сүйлөшүп, аларды миңдеген чакырым алыс өлкөдөгү урушка аттанууга эмне түрткөнүнө кызыгышкан.

"Төлөй турган насыяларым бар болчу. Акча көп беришерин угуп калып, армияга барууну чечкем”, - деп айтып берген жараат алгандан кийин согуштан качып келген 24 жаштагы жигит.

Хадка аттуу дагы бир мурдагы жалданма согушкер Москвага былтыр сентябрда барган экен. Аны эки жума машыгуудан өткөндөн кийин дароо айыгышкан кармаштар жүрүп жаткан Бахмутка жиберишиптир.

"Мен орус армиясына жыргаганыман барган жокмун. Непалда жумуш табуу мүмкүн эмес эле. Бирок артка кылчайып карасам, ал туура эмес чечим болуптур. Майданга тез эле жөнөтүшөрүн, абал ушундай коркунучтуу болорун түшүнгөн эмеспиз".

Орус армиясына жалданып Украинада согушкан непалдык киши жараат алганын AFP агенттигине айтып берген. Катманду, 6-февраль 2024-жыл
Орус армиясына жалданып Украинада согушкан непалдык киши жараат алганын AFP агенттигине айтып берген. Катманду, 6-февраль 2024-жыл

AFP агенттиги непалдык жалданма согушкерлер Орусияда бир айда тапкан акча мекениндеги бир жылдык кирешесинен эки эсе ашарын жазат. Ошондой кишилердин бири жарым жылда 15 миң доллардай алганын, ушундан улам орус тарапта согушууга макул болгонун баяндап берген.

Непал Гималайда, Индия менен Кытайдын ортосунда жайгашкан чакан, кедей өлкө.

"Досье" борборунун журналисти Денис Коротков “Настоящее время" телеканалынын эфиринде айткандай, Непалда айлык акы 150-200 долларды түзөт, перспективалар аз. Анын пикиринде, идеядан улам "Орусия үчүн согушкандар барбы?" деген суроонун жообу түшүнүктүү.

Непалдыктарды согушка азгырган дагы бир себеп – орус жарандыгын алуу мүмкүнчүлүгү. Непалдын паспорту дүйнөдөгү рейтингде эң төмөнкү орундарда турат. Аны менен 40 өлкөгө кире алса, Орусияныкы менен 119 мамлекетке ээн-эркин каттап турууга жол ачылат.

Коротков Непалда чет жердеги согушка жалдануу кылмыш болуп эсептелерин, бирок сот жообуна тартылуу коркунучу өлкөдөн кетүүнү каалагандарды токтото албай турганын белгилейт.

"Демек, биринчиден мекенине кайтып баруу кооптуу болуп калат. Экинчиден, непалдыктар үчүн орус жарандыгы мекенинедеги жакырчылыктан суурулуп чыгуунун дагы бир мүмкүнчүлүгү болсо керек".

Эксперттердин айрымдары 15 миң непалдык майданда дароо байкалат болчу деп эсептешет.

Орусиянын Чек ара кызматынын маалыматында, 2022-жылы Орусияга Непалдын 72 жараны расмий түрдө кирген. 2023-жылы – 1039 киши туристтик виза менен барган. Бул сандарды "Медиазона" текшерип чыккан.

Жыл башында Reuters агенттиги Непалдын бийлигине таянып, Орусиянын Коргоо министрлиги менен 200гө чукул жаран келишимге кол койгонун, ошол эле маалда дагы 100дөй адамдын дайыны чыкпай жатканын жазган.

Расмий маалыматка ылайык, соңку эки жылда Орусияда иштөөгө 800дөн көп кишиге уруксат берилген.

Украинада канча непалдык жаран бар экени тууралуу маалымат жок.

"Медиазона" басылмасынын журналисти Дмитрий Трещанин “Настоящее время" телеканалына айтып бергендей, непалдыктардын согушка катышканы жана каза тапканы тууралуу маалыматтар чыкканы менен массалык далилдер жок.

“CNN айткандай фронтто жок дегенде 2 миң непалдык жүрсө, аны жоготуулардан, эң негизгиси туткунга түшкөндөрдөн байкамакпыз. Өзгөчө чет өлкөлүктөрдүн же түрмөлөрдөн жалдап алган кылмышкерлердин өлүмүн жашыруу оңоюраак болсо, туткунга алынгандарды жаап-жашыра алышпайт. Менимче, Непалдын төрт жараны украиндердин туткунуна түшкөнүн билебиз”.

Өткөн декабрдын башында Непалдын полициясы жумушсуз жарандарды Орусияга жөнөтүүгө шек саналган ондон ашык киши кармалганын билдирген. Анда кылмышка шектүүлөр ар бир адамдан 9 миң долларга чейин алып, Орусияга “туристтик виза” менен негизинен Бириккен Араб Эмираттары аркылуу жөнөтүп турганы, алар андан ары орус куралдуу күчтөрүнө жалданганы айтылган.

Reuters Непалдын жалданма аскерлери жакшы машыкканын, мыкты согуштук чеберчилиги менен белгилүү болорун, муну алар британ жана Индия армияларында далилдегенин жазган. Ал мамлекеттер менен Непалдын тиешелүү келишими бар, бирок Орусия менен түзүлгөн эмес.

Өткөн жылы декабрда Непалдын бийлиги орус тарапта согушкан алты жараны каза тапканын билдирген. Өлкө бийлиги Орусияга кайрылып, маркумдардын сөөктөрүн кайтарууну, жакындарына кенемте төлөөнү сураган. Ошондой эле непалдыктарды жалдоону токтотууга, ал жакта жүргөн жарандарды кайтарууга чакырган.

"Медиазона" жана Би-Би-Си биргелешкен иликтөөдө орусиялык жалданма кошуундарда Украинада согушкан 254 чет элдик жарандын өлгөнүн аныкташкан. Арасында Непалдан башка Ирак, Замбия, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Кыргызстан жана Беларустун жарандары бар. Орус армиясына Сербия, Сирия жана Кубадан да кишилерди жалдап алышканы тууралуу маалыматтар жарык көргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG