Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:43

Украинага каршы согушка катышкан өзбек жараны абакка кесилди


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Ташкент облусунда өзүн "Донецк элдик республикасы" деп атап алган аймакта согушка катышкандыгы үчүн айыпталган 38 жаштагы өзбек жараны 5 жылга эркинен ажыратылды.

Өзбекстандын соту Ташкент облусунун Юкоричирчик районунун тургуну Илдар Хайрулинди Өзбекстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Жалданмачылык) менен күнөөлүү деп тапты.

"Азаттыктын" өзбек кызматы - "Озодлик" радиосу иликтеген тергөө документтерине ылайык, өзбекстандык жигит 2014-2015-жылдары Украинада "мамлекеттик куралдуу күчтөргө каршы согуштук аракеттерге катышкан".

Бирок жакындары Хайрулин Украинадагы согушка катышпаганын, ал жакка барбаганын, айып тагылган учурда Орусияда болгонун айтышууда.

Ал Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерге катышканы үчүн соттолгон биринчи өзбекстандык.

Буга чейин расмий Ташкент "Луганск Элдик Республикасы" жана "Донецк Элдик Республикасы" деп жарыялап алган аймактарды тааныбай турганын жана Украинанын аймактык бүтүндүгүн жактай турганын билдирген.

"Иним Украинада болгон эмес"

Илдар Хайрулиндин соту 23-октябрда Ташкентте өттү. Эжеси Албина Хайрулина буларды айтып берди.

"Сот төрагасы инимди 5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн жарыялады. Адвокат инимдин Украинанын аймагында болбогону боюнча фактыларды айтып, эмненин негизинде ушундай адилетсиз жаза берип жатасыңар деп сурады. Анын суроосуна судья ага жооп берүү ниети жок экенин айтып, "өкүмгө каршы даттанууга убакыт бар" деди".

Айыптоо корутундусу

Илдар Хайрулиндин үй-бүлөсү "Озодликке" берген айыптоо корутундусунда жана соттук документтерде, 2023-жылы жүргүзүлгөн тергөөдө ал 2014-2015-жылдары Донецк облусундагы согуштарга катышканы аныкталганы айтылат.

Илдар Хайрулин
Илдар Хайрулин

Ташкент облусунун Юкоричирчик районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү кылмыштын далили катары "Миротворец" сайтында Илдар Хайрулиндин атына ачылган профилди келтирген.

Тергөөнүн версиясы боюнча, бул сайтта аскердик кийимчен жана курал кармаган адамдын сүрөтү "Портреттик изилдөөлөрдүн корутундусу" тарабынан Хайрулин экени аныкталган жана профилдин ээси билдирүүлөрүндө Украинадагы "аскердик аракеттер тууралуу маалымат бергени" жана "аскердик иш-чараларга катышуу үчүн атайын барганы" айтылат.

Мындан тышкары, Хайрулиндин уюлдук телефонунан ага коюлган айыпты тастыктаган скриншоттор табылып, кийин далил катары алынган. Жыйынтыгында Илдар Хайрулинге Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүгү менен айып тагылган.

"Миротворец" сайты орус армиясынын катарында Украинага каршы согушуп жаткан жалданма аскерлердин ким экенин ачыктаган интернет-ресурс катары белгилүү.

Активисттердин тобу ачкан бул сайтта ар кайсы өлкөнүн жарандарынын, анын ичинде өзбектердин аты-жөнү жазылган. Бирок бул сайттагы маалыматтар расмий тастыкталган эмес.

Туугандарынын доосу

Туугандары "Миротворец" сайтындагы сүрөт Илдар Хайрулинге таандык экенин, ал чындап эле аскердик форма жана курал кармап түшкөнүн ырасташууда.

Бирок алардын айтымында, Хайрулин бул сүрөттөргө Орусиянын аймагында түшкөн, Украинага такыр барган эмес жана сүрөттөгү курал чыныгы мылтык эмес.

"Бул ок атуучу курал эмес, пневматикалык мылтык. Ал Татарстанда жана бүткүл Орусияда ачык сатылат, эч кандай уруксат талап кылынбайт. Бул сүрөт "Миротворецтин" сайтында кантип пайда болгонун билбейм. Тергөөдө бул сүрөттөр, бир нече смс жана дагы эки күбө камтылган. Илдар бул күбөлөр менен сүйлөшпөгөнүн айтты. Күбөлөрдүн бири иним менен мас абалында сүйлөшкөнүн моюнуна алды. Экинчиси сотто көрсөтмө берүүдөн баш тартты", - дейт Хайрулиндин агасы Ленур Давлетшин.

Анын айтымында, чындыгында иниси Илдар 2023-жылдын май айында такыр башка себеп менен, апасынын мүлкүнө байланыштуу үй-бүлөлүк чырдан улам камакка алынган.

Камалгандан кийин Хайрулин дээрлик үч ай бою "Таштүрмө" абагында кылмыш иши козголбой, тергөө жана суракка алынбай отурган.

Апасы Мадина Хайрулинанын айтымында, Илдар 2014-жылы Татарстанда болгон. Ошол кезде ал улуу баласы Ленур менен Орусяда жашаганын айтат.

"Ал согушка катышкан эмес. Баламдын колунда ит тиштегенден калган тагы бар. Алар бул так октонбу же иттин тишиненби деп таң калышты. "Илдарды менин көзүмчө ит тиштеп алган, ит чоң болчу" дедим. Ал анда үйдө дарыланган, медициналык справкасы бар" дейт апасы Мадина Хайрулина.

Жакындары Илдар Хайрулиндин Украинага такыр барбаганын далилдей турган документтерди сотко тапшырышканын айтышууда.

Алар бул иш боюнча тергөө жана соттук териштирүүлөр толугу менен негизсиз экенин, 23-октябрдагы өкүм боюнча Апелляциялык сотко даттанарын билдиришти.

Украинада согушуп жаткан өзбектер

Бул - Өзбекстандын жараны Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерге катышканы үчүн соттолгондугу тууралуу "Озодликке" белгилүү болгон биринчи окуя.

Украинада 2022-жылдын 24-февралында Орусия баштаган куралдуу агрессия азыр да уланууда. Украинанын чыгышында дээрлик бир жарым жылдан бери согуш жүрүп жатат.

Буга чейин "Озодлик" украин армиясынын катарында согушуп жаткан көптөгөн өзбек жарандары менен маектешкен.

Алардын ичинен орус армиясынын катарына барып, Украинада курман болгон өзбектер тууралуу бир катар тасмаларды да даярдаган.

Бул боюнча Өзбекстандын Ички иштер министрлигине кайрылган, бирок редакция азырынча так жооп ала элек.

Өзбек бийлиги буга чейин согушка катышкан жарандар жоопко тартылып, 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин эскерткен.

Расмий Ташкент ошондой эле Украинадагы согушка катышкан жана бул үчүн соттолгон жарандардын саны тууралуу расмий маалымат бере элек.

Анткен менен Орусиядагы өзбектердин абалына көз салган укук коргоочулар Украинадагы согушка өз ыктыяры менен тартылып же алданып калган өзбекстандыктар бар экенин айтышууда.

Буга чейин расмий Ташкент "Луганск Элдик Республикасы" жана "Донецк Элдик Республикасы" деп жарыялап алган аймактарды тааныбай турганын жана Украинанын аймактык бүтүндүгүн жактай турганын билдирген.

Макаланы өзбек тилинде бул жерден окуй аласыз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG