Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:41

Непал: жарандарга Орусия менен Украинада иштөөгө уруксат берүү токтоду


Непал армиясынын жоокерлери. Иллюстрациялык сүрөт
Непал армиясынын жоокерлери. Иллюстрациялык сүрөт

Непалда бийлик жарандарына Орусия менен Украинага барып иштөөгө уруксат берүүнү убактылуу токтотту. Мунун алдында Украинадагы согушка орус тараптан катышкан бери дегенде он непалдык мерт болгону ачыкка чыккан.

Reuters агенттиги Непалдын бийлигине таянып, Орусиянын Коргоо министрлиги менен 200гө чукул жаран келишимге кол койгонун, ошол эле маалда дагы 100дөй адамдын дайыны чыкпай жатканын жазды.

Расмий маалыматка ылайык, соңку эки жылда Орусияда иштөөгө 800дөн көп кишиге уруксат берилген.

Украинада канча непалдык жаран бар экени тууралуу маалымат жок.

Өткөн айдын башында Непалдын полициясы жумушсуз жарандарды Орусияга жөнөтүүгө шек саналган 10дон ашык киши кармалганын билдирген. Анда кылмышка шектүүлөр ар бир адамдан 9 миң долларга чейин алып, Орусияга “туристтик виза” менен негизинен Бириккен Араб Эмираттары акрылуу жөнөтүп турганы, алар андан ары орус куралдуу күчтөрүнө жалданганы айтылган.

Анын алдында Непалдын бийлиги Москваны жарандарын орус армиясына жалдабоого жана келишимдерге кол койгондорду демобилизация кылууга чакырган. Москва бул маалыматтарга комментарий бере элек.

Reuters Непалдын жалданма аскерлери жакшы машыккан, мыкты согуштук чеберчилиги менен белгилүү болорун, муну алар британ жана Индия армияларында далилдегенин жазган. Ал мамлекеттер менен Непалдын тиешелүү келишими бар, бирок Орусия менен түзүлгөн эмес.

Непал Гималайда, Индия менен Кытайдын ортосунда жайгашкан.

Буга чейин Би-Би-Синин орус кызматы жарыялаган иликтөөдө Украинадагы согушта Орусия азгырган жүзгө жакын борбор азиялык жаран каза болгонун, анын ичинде Кыргызстандын 19, Өзбекстандын 34, Тажикстандын 40 жараны бар экени айтылган.

Иликтөөдө "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын азгырыгы менен орус түрмөлөрүнөн Украинадагы согушка жөнөтүлгөн эмгек мигранттары тууралуу жазылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG