Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:17

Орусия: мигрант аялдарды согушка азгырган жарнамалар


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Орусиядагы мигранттарды келишимдик негизде согушка тарткан, анын ичинде аялдарды да азгырган көрүнүштөр уланууда. Кыз-келиндерди келишим менен ашпозчулукка, тажрыйбасы барларды медайымдыкка чакырган учурларды кыргызстандык мигранттар айтып беришти.

Ушундай мазмундагы жарнамалар Орусиянын айрым аймактарындагы аялдар басымдуу кылган бала бакча, бейтапкана, китепканаларга илине баштаганын "Азаттыктын" орус кызматы жазды.

Мындан сырткары, Москвада мигрант аялдар согушка керектүү аскер кийимдерин тигүүгө да тартылууда.

"Согуш башталгандан бери эки кайнежем уулунан айрылды"

Москвада он жылдан ашуун убактан бери иштеп жүргөн кыргызстандык Алтынай (ысымы өзгөртүлдү) менен анын согушта кайтыш болгон кайниси тууралуу сүйлөшүп, таанышып калдык. Ал орус-украин согушунда эки жээнинен бирдей айрылганын айтып берди. Эжели сиңдинин балдары согушка келишимдик негизде кетип, мекенине темир табытка салынган сөөктөрү келген. Алтынай майдан талаасында набыт болгон эки бөлө тууралуу азырынча башка эч кандай маалымат айта алган жок.

Ал ушул тапта Орусиянын тийиштүү органдарынын кызматкерлери үйлөргө чейин келип, келишим менен согушка барууга чакырып жатканын айтты. Мындай сунуш күйөөсүнө да, өзүнө да айтылыптыр.

"Орусияда иштегенибизге 10 жылдан ашты. Ушул жактын жарандыгын алганбыз. Согуш башталгандан бери эки кайнежем уулунан айрылды. Бири былтыр, бири быйыл майда каза болду. Экөө тең келишимдик негизде кетишкен эле. Бир жээнибиз алгач 3 айга барып келип, экинчи барганында кайтпай калды. Апасы өтүп кетип, ошонун жылдыгына кичине иштеп келем деп кеткен эле. Азыр эми Москвада үйгө чейин келип келишим менен иштеп келсеңер болот деп сунуштап жатышат. Ашпозчулукка же 1-2 ай окуп медайым болсоңор болот деп сунушташты. Жумуштагылар менен сүйлөшүп калганда алардын айрымдарына дагы ушундай сунуштар айтылыптыр. Бир гана башка улуттагыларга эмес, орустардын өздөрүнө деле сунуштап жатыптыр", - деди.

Алтынайдын айтымында, келишимдик негизде согушка барып келүүнү сунуштагандар кайсы мекемеден экенин так айтышкан эмес. Бирок күйөөсү кайда, кантип иштей турганы тууралуу маалыматтары бар экенин билдиришкен. Муну уккан Алтынай бир чети таң калып, бир чети кооптонуп турганын жашырган жок.

"Бир жолу үйдө жолдошумду келишим менен согушка барууга чакырып келишти. Жолдошум бир фирмада кароолчу болуп иштейт. Өзү ошол учурда үйдө жок болчу. Ал жакында эле инфаркт алганын, майтамандан улам армияга барбай калганын айттым. "Бирок мылтык кармаганга уруксаты бар турбайбы" дешти. Баардыгы тууралуу маалыматты билип анан келишет окшойт. Таң калдым. Мен күйөөмдүн аңчылык үчүн гана уруксаты бар экенин айттым. Ойлонуп көргүлө деп кетишти. Муну башка бирөөгө деле айта албайбыз. Бир чети Орусиянын жараны болгондуктан, коркобуз".

Алтынай өзү дагы коркуп тургандыктан, келишимде эмнелер көрсөтүлгөнүн, айлыгы канча болорун жана кандай шартта, кайсыл жерде иштер бар экенин тактап сураган эмес.

Ал эми "Азаттык" согушка кеткен бөлөлөрдүн тагдыры тууралуу кийинки берүүлөрдө айтып берүүгө аракет кылат.

"Азаттыктын" орус кызматы да Орусия учурда келишимдик негизде Украинадагы согушка барууга аялдарды деле азгыра баштаганын жазды. Анда Нижегород облусунда аймактык аскер бөлүктөрүнө кабыл алуу тууралуу жарнамалар негизинен аялдар иштеген бала бакча, китепкана жана бейтапканаларга илине баштаганы айтылат.

Орусиянын Коргоо министрлигинин жарнак баракчасы. 2023-жыл, август.
Орусиянын Коргоо министрлигинин жарнак баракчасы. 2023-жыл, август.

Ушундай келишимге аскер кызматкеринин аялы дагы кол коюп, Украинадагы согушка кетип дайынсыз болгон күйөөсүн өзү издөөгө белсенген. Согушка кетип, байланыш үзүлгөн бир туугандарын издеш үчүн өз ыктыяры менен майданга аттанган башка аялдар да бар.

Укук коргоочу Ольга Романова аялдарды согушка азгыруу абактарда да катуу жүрүп жатканын айтып берген. Ал "эркектерден айырмаланып, абактагы аялдар үгүткө өтө жакын. Биз башка аялдардын зонасынан маалымат күтөбүз. Ал эми аялдар согушка барууга көбүрөөк кызыкдар", - деген.

SOTA басылмасынын жазганына караганда, Новоуглянкидеги ИК-7 түрмөсүнөн 30дай аял Коргоо министрлиги менен эки жылга келишим түзгөн. Басылманын булактары бул абакта жазасын өтөп жаткандардын 90% ВИЧ-статусу бар экенин айткан.

Буга чейин "Азаттык" Украинанын оккупацияланган аймактарына урушта набыт болгон орус күчтөрүнүн сөөгүн чогултуп, окоп казууга жана ашкана, тазалык иштерине борбор азиялыктар дагы тартылып жатканын жазган.

Ошондо орус абактарында отурган аялдардын арасынан мурда медайым болуп иштегендерге дагы ушундай сунуштар түшө баштаганы айтылган.

Орусия чет элдиктерди армияда келишим менен кызмат өтөөгө тарта баштаганын буга чейин Reuters агенттиги дагы жазган. Агенттиктин жазганына караганда, Казакстандын интернет сегментинде "чет элдик агайындарга" деген жарнама пайда болгон. Анда Казакстан менен Орусиянын желектеринин сүрөтү түшүрүлүп, "Ийиндеш бол" деген ураан жазылган.

Жарнаманын текстинде орусиялык армия менен келишим түзгүсү келгендерге бир жолу 495 миң рубль акы төлөнөрү, андан ары 190 миң айлык жана согуштук аракеттерге катышкандарга "кошумча төлөмдөр" болору жазылган. Ушундай эле жарнама Армениянын интернет сегментинде пайда болгонун колдонуучулар кабарлашкан.

Сайрагүл: төрт ай ок өтпөс кемсел тиктим

Буга чейин өзбекстандык жана тажикстандык жумушчулар тобу Украинанын Орусия оккупациялаган Запорожье облусунда аң (окоп) казгандыгы үчүн айлык акы албаганына даттанып чыгышкан. Орусия басып алган Украинанын Мариупол шаарын калыбына келтирүү иштерине кыргызстандыктар да тартылып, убадаланган айлыкты ала албай калган учурлар катталган.

Убада кылынган айлыкты ала албай калгандардын катарында Орусияда тикмечи болуп иштеген Сайрагүл да бар. Ал аскерлерге ок өтпөс кийим тигүүгө буйрутма алып, март айынан бери иштеп келген. Ал мамлекеттин буйрутмасын жеке менчик фирмалар аркылуу алып турганын "Азаттыкка" айтып берди.

"Азыр ок өтпөс кемсел тикпей калдык. Убагында акчасын төлөп бере алышкан жок, ошого байланыштуу алар менен иштешкенди токтоттум. Март айынан бери тиге баштагам. Баасы тигилишине жараша ар кандай эле. Соот кемселдин өзүнүн бир даанасын 3,8-4,5 миң рублга чейин тиктик. Майда-чүйдө бөлүктөрү көп экен, колтугун жапкан, далысын жапкан дегендер, алардын бирөө 1200-1600 рубль болуп жатты. Мамлекеттин буйрутмасын бир жеке фирма алып, чоң цехтерге берип, артканын майдаларга дагы таратышты. Азыр деле тиккендер көп. Акчасын убагында төлөй албай жатышат. Ошон үчүн баш тартканбыз. Мындан сырткары, кездемеден тигилген замбил, кол кап буйрутма бергендер көп. Негизи мындай иштер өткөн айдын октябрь айында эле башталган. Келишим боюнча апта сайын чыккан товарга жараша акчасын берип туруш керек эле. Кийин эки аптага жыла баштады, үч жумага өткөндө ири акча топтолуп, төлөй албай калышат. Ошондуктан келишимди токтоттум", - деди Москвадагы мекендештердин бири.

Сайрагүлдүн айтымында, кездемени буйрутма берген фирма алып келип турган. Ал эми аялдарды согушка же тылдагы жумуштарга азгыруу былтыр мобилизациядан кийин эле башталганын айтып берди.

"Аялдарды согушка тарткан көрүнүш мобилизациядан көп өтпөй эле башталган. Өзүм дагы бул жакта көптөн бери иштегендиктен, жаныбыздагы балдар бейтапканасында иштегендердин дээрлик 70 пайызы менен таанышмын. Айрымдары менин кардарым. Медиктерди тарткан учурларды ошолор деле айтып жүрүшөт. Кимге андай сунуш келсе, ал башкаларга ачык айта албайт, анткени маалыматты башкаларга таратып жибербесин деп дайыма аларды көзөмөлдөп турушат. Барбай койгон учурда деле телефондору тыңшалат да, ошон үчүн андайды айта албайт".

Соңку мезгилде метролордо Орусия басып алган Украинанын аймактарына аялдарды ишке чакырган жарнамалар пайда болгонун Москвада иштеген кыргызстандык мигранттардын бир нечеси буга чейин "Азаттыкка" ырастаган. Окоп, аң казгандарды жумушка алабыз деген жарнамалар социалдык тармактарда азыр дагы көп.

Мигранттарга көз арткан Орусия

Буга чейин мамлекеттик думанын депутаты Михаил Матвеев Орусия Борбор Азиянын айрым өлкөлөрү менен кош жарандык системасынан баш тартууга же кош жарандыгы бар адамдарды согушка мобилизациялоо эрежесин өзгөртүүгө тийиш деп билдирип чыккан.

"Орто азиялыктардын армиясы, биринчи кезекте тажиктер орус жарандыгын алат, бирок майданга жапырт барбайт. Мекен үчүн түпкүлүктүү элдер, биринчи кезекте орус улутундагылар жанын берүүдө. Алар эмне үчүн мобилизация болбойт? Тажик батальондору кайда? Орто азиялыктардын армиясы куралдуу күчтөрдү эмес, такси айдоочулардын полкторун, короо шыпыргандардын жана куруучулардын дивизияларын толуктап жатат. Жок дегенде окоп жана блиндаж казууга барышпайт", - деп жазган эле Телеграм-каналына.

Саясатчы мыйзамга ылайык орус жарандыгын алгандар аскер комиссариатында катталууга тийиш экенин эске салган.

Матвеев борбор азиялыктардын согушка тартылбаган себебин иликтөөнү сунуш кылып, мындай кырдаал кош жарандуулук институтунан улам түзүлгөн деп эсептейт.

Анткен менен согушка байланыштуу ар кандай айың кептер бар экенин белгилегендер да жок эмес. Орусиядагы KG-RUS кайрымдуулук коомунун жетекчиси Асел Лабаева мажбурлап алып кеткен же аялдарды чакырган учурларды уккан эмес.

"Мисалы, мен кыргыз диаспорасында көптөн бери коомчулук менен иштейм. Миграция борборунда дагы расмий коомдук өкүлүмүн. Бизге мекендештер күнүгө чалып, жазып сурашат. Бирок бир дагы мигрант мени үгүттөп жатат, эмне кылсам болот деп кеңеш сурай элек. Өздөрү каалап баргысы келгендерди кой деп эч ким айта албайт, алар биз менен акылдашпайт деле кетип жатканда. Мүмкүн, акчага кызыккандыр. Тиги келинге кайдан, ким эмне деп айтканын биз билбейбиз. Бирок мындай болсо биздин WhatsApp же башка тайпаларга эбак эле ызы-чуу салып, жазып чыгышмак".

Укук коргоочулар орус бийлигинин мигранттарды ыксыз текшергени жана акча менен паспортко кызыктырган убадасы мекендештерди бөтөн жерде ажалдын кучагына түртүп жатканын айтышат.

Мигранттардын укугун коргоо менен алектенген Гүлнара Дербишева "Азаттыкка" курган маегинде согушка жакындарына айтпай кеткендер жок эмес экенин белгилеген.

"Көпчүлүк мигранттар дагы деле Орусиянын паспортун алууга кызыкдар. Алар бул үчүн өмүрүн тобокелге салууга да даяр. Мага ок тийбейт, мен өлбөйм, баары жакшы болот деп ойлошот".

Кыргызстандык юрист Эрланбек Токтосунов Орусияда ар кандай жагдайда мигранттарды өлкөдөн чыгаруу, андан пайдаланып Украинага бара турган келишимге кол койдуруу фактылары аз эмес экенин белгиледи.

Юрист, миграция маселелери боюнча адис Мирлан Токтобеков Орусия чет өлкөлүктөрдү аскерге чакыруу иштерин жашыруун жасап жатат, ошондуктан көп жагдайлар ачыкка чыкпай, эл билбей калууда деп эсептейт.

"Чет мамлекеттин жаранын мажбурлап, үчүнчү мамлекетке чыгаруу эч кандай укук-ченемдерге жатпайт. Ошондуктан аскерге жазып жаткан тийиштүү органдар муну болушунча тымызын жасоого аракет кылышты. Азыр дагы ошондой болуп жатат. Эч кандай маалымат берилбейт, туугандарына айтылбайт, алар менен байланыштырбайт. Биз эки жагдайда гана: жараат алып госпиталга жатып калса жана каза болгондо билип калып жатабыз. Мен абак жайлардагы адамдар жөнүндө айтып жатам. Мындан сырткары Орусияда кыргыз жарандары өз эрки менен келишим түзүп кеткендер дагы кезигет".

Кыргызстандын 7 млн калкынын 1 миллиондон ашууну миграцияда жүрөт. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияда.

Тышкы иштер министрлиги былтыр чет мамлекеттерден 350 кыргызстандыктын сөөгү мекенине келгенин билдирген. Быйыл алты айда 297 табыт жеткирилгенин Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна кабарлады. Алардын канчасы согушта өлгөнү беймаалым.

Орусия эң жакын коңшусу Украинага басып кирип, согуш ачканына бир жарым жылга жакындады. Бөтөн эл, бөлөк жердеги кан күйгөн кармашка тагдырдын татаал сыноосуна кабылып, орус абактарында отурган борбор азиялык мигранттар да аралашууга мажбур болду.

Согуш башталгандан бери канча кыргызстандык ошол азгырыктын курмандыгы болуп, кан күйгөн апаатка кеткени, кайра кайтканы же жараат алып, каза болгону тууралуу расмий маалымат айтыла элек.

Кыргызстан эки өлкөнүн ортосундагы окуя боюнча бейтарап макамды карманып келе жатат.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинде чет өлкөлөрдөгү согуштарга же аскердик чыр-чатактарга чакыруу, уюштуруу, каржылоо, азгыруу иштери же ага жалданма катары катышканы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG