Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:26

“Абактан кордук көрүп, айласыз баргам”. Нарында “вагнерчи” соттолду


Бекназар Бөрүгул уулун кармоо учурунда тартылган сүрөт. УКМКнын сүрөтү.
Бекназар Бөрүгул уулун кармоо учурунда тартылган сүрөт. УКМКнын сүрөтү.

Нарын облустук соту Орусиянын “Вагнер” менчик аскер компаниясы менен Украинадагы согушка катышкан деп айыпталган Бекназар Бөрүгул уулун беш жылга эркинен ажыратты.

Бекназар Бөрүгул уулун беш жылга кескен облустук соттун өкүмү өткөн жылдын 7-декабрында чыгарылганы эми гана белгилүү болду. Анын келинчеги Дилбара Турусбек кызы "Азаттыкка" бул маалыматты ырастап, эми алар жогорку инстанциядагы сотко кайрылышарын билдирди.

“Отурумдарыбыз бүтө элек. Эми дагы Бишкек карайт”, - деди ал.

Мыйзам боюнча айыпталуучу тарап облустук соттун чечимине каршы кассациялык арыз менен кайрыла алат. Sot.kg сайтындагы маалыматка ылайык, Нарын шаардык соту “вагнерчи” Бекназар Бөрүгул уулун беш жыл абакка кескен чечимди 2023-жылдын 5-октябрында чыгарган. Сот өкүмүндө кыргызстандыктын согушка кандай шартта катышып калганы жөнүндө кенен баяндалат.

Тергөөдө 2020-жылы Орусияга иштөө үчүн кеткен Бекназар Бөрүгул уулу “маңзат” ташуу боюнча 10 жылга кесилип, кыргызстандыктарга чет өлкөдөгү согушка катышууга тыюу салынганын билип туруп, өз ыктыяры менен абактан жеке компания менен келишим түзүп, согушка кеткени аныкталганы жазылат. Ал Украинадагы согушта 2022-жылдын 5-ноябрынан быйылкы жылдын 6-июлуна чейин болуп, “Бахмутту алуу” деген сыяктуу медалдарды жана 1 млн. 514 миң рубль акча алганы айтылат.

“Абактан кордук көрүп, айласыз баргам”.

Сот өкүмүндө айыпталуучу Бекназар Бөрүгул уулу күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алганы жазылат.

Бекназар Бөрүгул уулунун сот өкүмү.
Бекназар Бөрүгул уулунун сот өкүмү.

“Жазасын катуу режимдеги түзөтүү колониясында өтөп жүргөнүн, 2022-жылдын 1-ноябрында “Вагнер” жеке аскердик компаниясы ал жаза өтөр жаткан жерге келип согушка катышууну сунуш кылганын, ал сунушта эгерде согуштан аман калса үйүнө кайтарын, Орусиянын жарандыгы берилээрин, эгерде согушта курман болсо, үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлөрүн айтышканын, колонияда аябай кордук көрүп, кыйналып жүргөндүктөн, “Вагнер” жеке аскердик компаниясынын сунушуна макул болгонун, алар менен эч кандай келишим түзбөгөнүн, бул согушка өз каалоосу менен барбаганын, колониядагы азаптан кутулуу жана үй-бүлөсүнө кайтуу үчүн ушул кадамга барганын билдирип, актоо өкүмүн чыгарууну суранды”, - деп айтылат сот өкүмүндө.

Нарын шаардык сотунун мындай чечимине макул болбой Бөрүгул уулу облустук сотко кайрылган. Облустук сот 27 жаштагы жигитти Кылмыш- жаза кодексинин 256-беренеси (“Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү”) боюнча күнөөлүү деп таап, үй-мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга соттоду.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Бекназар Бөрүгул уулун былтыр 1-августта кармаган. Бекназар Бөрүгул уулунун жакындары ал аргасыздан “Вагнер” тобуна кошулганын айтып, кыргыз бийлигинен ырайым сурашкан.

Кремлдин билдирүүсү, соттун кайра каралышы

Украинадагы согушка катышкан кыргыз жараны, Кыргызстан, 12-январь, 2023-жыл.
Украинадагы согушка катышкан кыргыз жараны, Кыргызстан, 12-январь, 2023-жыл.

Бул Орусия тарапта Украинадагы согушка катышканы үчүн соттолгон экинчи кыргызстандык. Былтыр 16-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту Аскар Кубанычбек уулун Украинадагы согушка катышкан деген айып менен 10 жылга соттогон.

7-июнда Бишкек шаардык соту өкүмдү күчүндө калтырган. Бирок, Аскар Кубанычбек уулунун кассациялык арызы Жогорку Сотто 30-августта каралып, ишти кайра кароого Биринчи Май райондук сотуна жиберилип, азыркы тапта териштирүү уланып жатканы белгилүү болду.

Атайын кызмат Аскар Кубанычбек уулун 2023-жылдын январь айында Кыргызстанга келгенде камаган.

Орусиялык ЖМКларга курган маегинде Кубанычбек уулу орус бийлигине кайрылып, ага жарандык берүүнү суранган. Мындан улам айрым эскперттер аны ишин кайра кароого жөнөтүлүшүнө Кремлдин таасири болгон деп божомолдошот.

Мындай божомолдорду 2023-жылдын сентябрь айында Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова кыргыз жараны Аскар Кубанычбек уулуна орус паспортун берүү маселеси каралып жатканын айткан билдирүүсү бекемдегендей болгон.

Абактан согушка азгыргандар

Азыр деле Орусиядагы кыргыз мигранттарын согушка азгырган учурлар токтой элек. Мындан улам Орусиянын абактарында жаткан кыргызстандыктардын жакындары тынчсызданып келет. Парламентте дагы Орусиянын абактарында жаткан кыргыз жарандарынын Украинадагы согушка жөнөтүлүп жатканы тууралуу маселе көтөрүлгөн.

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков буларга токтолду.

Нуржигит Кадырбеков.
Нуржигит Кадырбеков.

“Сырттан себеп болуп же мажбурлап алып кетеби деп ар бир абакта отурган жарандын Кыргызстандагы ата-энесинде коркунуч, санааркоо бар. Жаңы жыл алдында эле бирөө кайрылды. Мен Орусиядагы биздин өкүлчүлүктөргө кайрылдым. Азыркы учурда так жооп жок. Бул маселе азыр дагы актуалдуу болуп жатат”, - деди Кадырбеков.

Учурда Орусиянын абактарында 1160 кыргызстандык отурат. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2023-жылдын 7-декабрдагы маалымат жыйынында 2022-жылы Орусиянын абактарында жаткандарды Украинадагы согушка тарткан учурлар болгонун ырастаган.

Жээнбек Кулубаев.
Жээнбек Кулубаев.

"2022-жылдын башында ошондой маалыматтар болгон. Биз Орусиянын бийлигине түз кайрылып, "биздин жарандарга чакыруу кылбагыла" деп айтканбыз. Биздин консулдар миңден ашуун түрмөнү кыдырып, маалымат алды. Ал жакта кармалып тургандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ким согушка барса, Кыргызстанда кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти. Украинадагы согушка Кыргызстандын канча жараны кеткени боюнча так маалымат жок. Биз деле факты болгондо гана билип жатабыз. Анткени алар жашыруун кол коюп, жашыруун кетип жатышат", - деген Кулубаев.

Орусиянын абактарында жаза өтөп жаткандардын көбү Украинадагы согушка "Вагнер" жеке менчик аскер компаниясы аркылуу барган. Алардын ичинен кыргызстандык жарандар да согушка азгырылып, айрымдары урушта көз жумганы кабарланган. "Азаттык" "Вагнердин" катарында Украинадагы согушка барып көз жумган кеминде ондон ашуун кыргызстандыкты тактаган.

Буга чейин Би-Би-Синин орус кызматы жарыялаган иликтөөдө Украинадагы согушта Орусия азгырган жүзгө жакын борбор азиялык жаран каза болгонун, анын ичинде Кыргызстандын 19, Өзбекстандын 34, Тажикстандын 40 жараны бар экени айтылган.

Эл аралык чалгын кызматтары өткөн айда Орусияда негизделген "Вагнер" жалданма аскерлер тобунун ордун эми "Редут" деп аталган жеке аскердик компания ээлей баштаганын, ыктыярчылар деген шылтоо менен жалданма адамдарды, анын арасында мурдагы "вагнерчилерди" азгыруу менен алектенип жатканын кабарлаган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG