Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:49

WSJ Пригожиндин өлүмүн Патрушев уюштурганын жазды


Пригожиндин Embraer-135 учагынын калдыгы.
Пригожиндин Embraer-135 учагынын калдыгы.

Америкалык The Wall Street Journal (WSJ) басылмасы орусиялык «Вагнер» жалданма аскерлер тобунун негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин өлүмүн Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев уюштурган деген макала жарыялады.

Басылма Батыш өлкөлөрүнүн атайын кызматтарындагы жашыруун булактарына таянып жазганына караганда, Патрушев Пригожиндин таасири күчөп баратканы тууралуу президент Владимир Путинге бир нече ай мурда эскерте баштаган. Бирок Путин анын айткандарына кулак салган эмес, себеби Пригожиндин жалданма жоочулары Украинадагы согушта ийгиликке жетишип жатышкан.

Кырдаал Пригожин Путинге чалып, курал-жарак жетишпей, жоготуу көп болуп жатканын айтканда өзгөргөн. Ошол учурда Путиндин жанында Патрушев да отурган. Кийин Пригожиндин ишке ашпай калган козголоңунан кийин, басылманын пикиринде, Патрушев андан таптакыр арылуу мүмкүнчүлүгүн көрүп, буш ишти жүзөгө ашыруу милдетин өзүнө алган.

Кремль Пригожиндин өлүмүнө тиешеси жоктугун айтууда. WSJ жарыялаган макаладан кийин Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков мындай материалдарды комментарийлөө да мүмкүн эмес экенин айтып, басылманы көчө деңгээлине түштү деп айыптады.

Пригожин быйыл июндун соңунда “куралдуу козголоң” баштап, анысы эки күнгө жетпей аяктаган.

23-августта ал өзү жана командирлеринин бири Дмитрий Уткин Тверь облусунда учак кулаганда каза болгон.

18-июнда Пригожин 32 миң жалданмачы Украинадан үйүнө кайтканын, согушта 20 миңдей жалданмачысы өлгөнүн, анын тең жарымы абактан баргандар экенин айткан.

Орусиянын жаза өтөөчү жайларында отурган кыргызстандыктарды мурда "Вагнер" Украинадагы согушка азгырып келгени белгилүү. "Азаттык" урушта кеминде ондон ашуун кыргызстандык набыт болгонун тактаган.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG