Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:13

Өзбекстанда Украинага каршы согушка катышкан киши беш жылга кесилди


Илдар Хайрулин
Илдар Хайрулин

Өзбекстанда Украинага каршы согушка катышканы үчүн 38 жаштагы Илдар Хайрулин 5 жылга кесилди. Жакындары ал урушка катышпаганын, Украинага барбаганын, айып тагылганда Орусияда жүргөнүн айтышууда. Бул тууралуу «Озодлик» радиосу жазды.

Тергөөчүлөрдүн версиясына ылайык, Хайрулин 2014-2015-жылдары өзүн «Донецк элдик жумурияты» деп атаган түзүмдүн бөлүгүндө Донецк облусундагы салгылашууларга катышкан. Далил катары жалданма согушкерлер жөнүндө маалымат чыгарып турган украиналык «Миротворец» сайтындагы сүрөтү келтирилген.

Экспертиза аскердик формачан, курал кармаган киши Хайрулин, ал Украинадагы согуштук аракеттерге катышканы тууралуу айтып берген деген жыйынтыкка келди.

Анын апасы 2014-жылы уулу менен кошо Татарстанда жүргөнүн айтууда. Бирок жогоруда айтылган сүрөттөгү чындап эле Ильдар экенин бышыкташты. Иниси Ленур Давлетшин сүрөт Орусияда тартылганын, колундагы курал ээн-эркин сатылган пневматикалык мылтык экенин айтты. Ал ошондой эле бир тууганы быйыл майда башка себеп менен кармалганын, кылмыш иш козголбостон дээрлик үч ай абакта отурганын жана тергөө жүрбөгөнүн кошумчалады.

Хайрулиндин жакындары сот өкүмүнө каршы доо арыз берерин билдиришти.

Өзбекстанда Украиндагы согушка жалданууга байланыштуу буга чейин өкүм чыккан эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG