Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:25

Ооганстан: Раббани акыркы сапарга узатылды


Ооганстандын экс-президенти Бурхануддин Раббанини акыркы сапарга узатуу тажыясына миңдеген адам катышты. Ооган тажиктеринин көсөмү жана өлкөнүн Жогорку Тынчтык кеңешинин төрагасы 20-сентябрда өз үйүндө жанкечти жардырган бомбадан шейит кеткен. Аны узатуу президенттик сарайда уюштурулуп, коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.

Ооганстандын үч түстүү туусуна оролгон табытты маркумду акыркы сапарга узаткандар жана өлкөнүн гимнин ойногон аскердик ансамбль коштоду.

Ооганстандын президенти Хамид Карзай Раббани аткарган вазийпа уланышы керектигин билдирди:

- Тынчтыкты орнотуу маркумдун эң ыйык кыялы эле, биз эми бул жоопкерчиликти улантышыбыз керек.

Буга чейин Карзай “биз абдан зарыл адамды жоготтук. Мырза президент, маркумдун ордуна татыктуу адам тез табылат деп ойлобойм” деп айткан.

Маркумду жерге берүү тажыясында анын уулу Салахуддин Раббани атасы 50 жыл бою Ооганстанга тынчтык жана азаттык алып келүү үчүн күрөшүп келгенин айтып, өкмөт Раббанинин өлүмүнө күнөөлүүлөрдү табышы керектигин баса белгиледи.

71 жаштагы Раббани 20-сентябрда кечинде өз үйүндө жанкечти селдесине катып кирип жардырган бомбадан шейит кетти. НАТОнун маалымдашынча, бомбаны жардырган эки жанкечти тең Жогорку Тынчтык кеңешинин төрагасы менен элдешүү тууралуу сүйлөшөбүз деп келишкен. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти талиптер өздөрүнө алышты.

Маркумду акыркы сапарга узатууга Хамид Карзай катышып, шаарда бир нече соода борборлор иштеген жок.

Бурхануддин Раббанинин өлүмү президент Хамид Карзайды Нью-Йорктон тез кайтууга аргасыз кылды. Ооган президенти Бириккен Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышмак.

Раббани былтыр Тынчтык Кеңеши түзүлгөндөн бери талиптерди урушту токтотуп, Карзайдын өкмөтү менен жараштырууга аракет кылып, бирок жылыш жок эле. Ага карабай, Раббанинин өлүмү Ооган өкмөтүнүн тынчтыкты орнотуу аракетине урулган катуу сокку болду.

Раббани 1992-96-жылдары кандуу жарандык согуш кезинде президенттик кылган. Аны бийликтен талиптер сүрүп салгандан кийин исламчылардын башкаруусуна каршы согушкан Түндүк Альянсына кошулуп, кыймылдын таасирлүү жетекчилеринин бири болгон.

Раббанинин тажыясы өтө күчөтүлгөн шартта өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:06 0:00


Бадахшанда туулган, теги тажик, ооган урууларынын арасында абройлуу Бурхануддин Раббанинин өлүмү, серепчилердин айтымында, Ооганстандагы түрдүү этникалык азчылыктар менен азыр бийликтеги пуштундар арасындагы мамилени чиелентиши ыктымал.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG