Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:18

Британияда 2 миллиондой киши коронавирустун узакка созулган белгилеринен жапа чегүүдө


Манчестер, 19-октябрь, 2020-жыл
Манчестер, 19-октябрь, 2020-жыл

Англия жана Шотландияда эки миллиондой киши коронавирустун узак белгилеринен жапа чегүүдө. Алардын 381 миңи күнүмдүк аракеттерин кыйла чектөөгө аргасыз болду. Мындай тыянакка 25-апрелде жарыяланган изилдөөнүн авторлору келишти. Британиянын Улуттук статистика мекемеси 6-февралдан 7-мартка чейинки аралыкта изилдөөгө тартылган адамдардын 3,3% илдеттин симптомдору 4 жумадан көп сезилгенин айтышкан. Былтыркы мартта ушундай эле сурамжылоодо андай бейтаптардын саны 2,9% болчу.

Башка бай мамлекеттерден айырмаланып, Британияда пандемия башталгандан бери жумушчу күчтүн тартыштыгы сезилүүдө. Мындай көрүнүшкө узак убакыт бою ооруган адамдардын саны 700 миңге өскөнү шарттап жатат.

Изилдөөгө ылайык, 45-54 жаштагы адамдар коронавирустун узак белгилеринен көбүрөөк жапа чеккен. Аялдар эркектерге караганда ушундай абалга көбүрөөк кептелген.

Респонденттердин 51% оорунун белгилери 2 жыл мурун башталганын, 71% симптомдорду кеминде бир жыл сезишкенин айткан.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча Британияда коронавирустан 230 миңден көп киши кайтыш болду. Бул – Батыш Европанын бир топ өлкөлөрүнө караганда жогору көрсөткүч.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG