Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:45

Европарламент Алсу Курмашева менен Эван Гершковичти “токтоосуз" коё берүүгө чакырды


Алсу Курмашева сотто. Казан шаары. 1-апрель, 2024-жыл
Алсу Курмашева сотто. Казан шаары. 1-апрель, 2024-жыл

Европалык мыйзам чыгаруучулар 25-апрелде Орусияда кармалган бардык саясий туткундарды, анын ичинен журналисттер Алсу Курмашева менен Эван Гершковичти да “токтоосуз жана эч кандай шарт койбостон бошотууга” чакырган резолюцияны кабыл алышты.

Резолюция - Европарламенттин Орусияда өткөн айдагы “демократиялык эмес” президенттик шайлоону жана Украинанын мыйзамсыз аннексиялап алган аймактарында анын “мыйзамсыз өткөрүлүшүн” айыптаган жалпы сунуштун бир бөлүгү.

Жогорудагы журналисттерден тышкары документте бошотулууга тийиш болгон саясий туткундар арасында Владимир Кара-Мурза, Олег Орлов, Ксения Фадеева, Иван Сафронов жана Илья Яшин аталды.

Жарым жылдан бери орус түрмөсүндө жаткан Курмашева Орусиянын жана АКШнын жараны. Прагада иштеген журналист улгайган апасын көрүү үчүн Казанга барганда "чет өлкөлүк агент катары каттоого турган эмес" деген айып менен камакка алынган. Кийин ага "орусиялык аскерлер тууралуу фейк маалымат тараткан" деген айып тагылды. Бул беренеде 10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Ага чейин Казан шаарынын соту Курмашеваны "экинчи жарандыгы бар экени тууралуу тийиштүү органдарды кабардар кылган эмес" деген айып менен соттоп, 10 миң рубль (110 доллар) айыппул салган.

47 жаштагы Курмашева айыптарды четке кагууда. "Эркин Европа/Азаттык" радиосу жана АКШ бийлиги аны журналисттик кесиби үчүн куугунтуктап жатышат деп санашат. 1-апрелде анын камактагы мөөнөтү 5-июнга чейин узартылган.

Wall Street Journal гезитинин кабарчысы Эван Гершкович былтыр 29-мартта Москва шаардык соту тарабынан тыңчылыкка айыпталып камалган. Быйыл 26-мартта анын камактагы мөөнөтү 30-июнга чейин узартылганда, АКШнын Орусиядагы элчиси Линн Трейси журналистти бошотууну талап кылды.

Гершкович өзүнүн журналисттик ишин аткарып жатканы үчүн гана кармалып, камакка алынганы акыйкатсыздык экенин белгилеген элчи "Кремль аны жана камактагы башка америкалык жарандарды өзүнүн саясий оюндары үчүн колдонууда" деп айыптады.

32 жаштагы Гершковичти Екатеринбург шаарынан кармап кетишкен. Эртеси күнү Орусиянын Коопсуздук боюнча федералдык кызматы (ФСБ) журналист тыңчылыкка айыпталып жатканын, ал "америкалык тараптын тапшырмасы менен Орусиянын аскердик-өнөр жай комплексине караштуу ишканалардын биринин ишмердиги жөнүндө мамлекеттик сыр деп аныкталган маалыматтарды чогултуп жүргөнүн" билдирген.

Гершкович өзү жана The Wall Street Journal басылмасы мындай айыптоону четке кагып келишет. АКШ администрациясы журналистке тагылган айыпты "күлкү келерлик" деп атаса, президент Жо Байден анын кармалышы "мыйзамга туура келбейт" деп баалаган.

Мамлекеттик департамент Гершковичти "негизсиз кармалгандардын" тизмесине киргизген. Бирок Курмашевага анын үй-булөсү жана "Эркин Европа/Азаттык" радиосу өтүнгөнүнө карабай, андай макам бериле элек. Ал тизмеге камтылган кишинин ишине барымтадагылардын маселелери менен алектенген атайын өкүл жакындан байкоо салат, аны бошотуу аракеттерине көбүрөөк каражат жумшоого шарт түзүлөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG