Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:38

Өзгөн районунда да сел катталды


Кыргызстанда сел каптаган үй. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстанда сел каптаган үй. Иллюстрациялык сүрөт.

25-апрель күнү саат 23:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Ош облусунун Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл аймагынын Корс-Этти айылында сел жүрүп, 1 турак үйдүн короосун жана ички чарбалык унаа жолду каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

26-апрелде Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

20-апрелден 24-апрелге чейинки нөшөрдөн улам Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын аймактарында үйлөрдү суу басып, бир катар автоунаа жолдору жабылган.

Селден улам Ош облусунда, Талас облусунун Талас районунда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жана ушул эле облустун Ноокен районунун Момбеков айыл аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Жогорку Кеңештин 25-апрелдеги жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов 20-апрелден 23-апрелге чейин нөшөрлөп жааган жаан-чачындан улам Кыргызстандын аймагында 67 сел каптаган учур катталганын айтты. Андан 1092 турак жайды суу каптап, анын ичинен 264 турак үйдүн жер төлөлөрүнүн ичине сел кирген. Эки адам каза болду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG