Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:40

"Оорукана короосунда 283 адамдын сөөгү көмүлгөн". Газадагы кырдаал


Газадагы Саламаттык сактоо башкармалыгынын өкүлдөрү Насер ооруканасынын короосунда адам сөөктөрү жапырт көмүлгөн жайды казып жатышат. 21-апрель, 2024-жыл. Хан-Юнис шаары.
Газадагы Саламаттык сактоо башкармалыгынын өкүлдөрү Насер ооруканасынын короосунда адам сөөктөрү жапырт көмүлгөн жайды казып жатышат. 21-апрель, 2024-жыл. Хан-Юнис шаары.

АКШ менен Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС тобунун жогорку расмий өкүлү 1967-жылга чейинки чек ара аймагында палестин мамлекети түзүлсө, топ куралын таштай турганын жарыялады. БУУ Газадагы адам сөөктөрү жапырт көмүлгөн жайлар боюнча иликтөө жүргүзүүгө чакырды.

ХАМАСтын билдирүүсү, ЦАХАЛдын даярдыгы

ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал уюмунун жогорку расмий өкүлү топ Израил менен беш же андан көп жылга жарашууга жана куралсызданууга макул болорун, саясий партияга айланарын, бирок бул үчүн 1967-жылга чейинки чек ара аймагында палестин мамлекети түзүлүүгө тийиш экенин AP агенттигине билдирди. Халил ал-Хайя мындай комментарийди 24-апрелде, Газада ок атышууну токтотуу сүйлөшүүлөрү туңгуюкка такалган маалда жасады.

Агенттик Израилди жок кылууну жактап келген ХАМАСтын куралдан баш тартуу ыктымалдыгы согушкерлердин олуттуу чегинүүсү болорун, бирок мындай сунушка Израилдин көнүүсү күмөн экенин белгилейт.

Тел-Авив Израил 1967-жылы басып алган жерлерде палестин мамлекетин түзүүгө караманча-каршы.

Көптөгөн жылдан бери ХАМАС Израилге катарлаш палестин мамлекетинин пайда болуу ыктымалдыгына келгенде, өз позициясын жумшарткан учурлар болгон. Бирок анын саясий программасында Палестинаны толугу менен, ошондой эле азыр Израилдин курамына кирген аймактарды да бошотуу принциби каралган.

Израил жана Палестин автономиясынын жетекчилиги ал-Хайянын сөздөрүнө комментарий бере элек.

Ал арада ЦАХАЛ миллиондон ашуун палестиналык баш калкалаган түштүктөгү Рафах шаарына жерден чабуул коюуга даярданып жатканын ырастады.

Эл аралык уюмдар гуманитардык апаат коркунучу тууралуу эскертсе, АКШнын президенти Израилдин премьерин Рафахта операция жүргүзбөөгө чакырып келатат.

"Сөөктөрдү жапырт көмүп, үстүнө таштанды үйүп койгон"

23-апрелде Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча башкы комиссары Волкер Түрк израил армиясы аскердик операция жүргүзгөн Аш-Шифа жана Насер ооруканаларындагы кыйроолор анын үрөйүн учурганын билдирген.

Газа тилкесинде АКШ жана Евробиримдик террордук деп тааныган ХАМАС уюму менен Израил армиясынын ортосундагы согуштун башталганына 200 күндөн ашты.

ХАМАС радикал уюму көзөмөлдөгөн Газа тилкесиндеги Жарандык коргонуу агенттигинин өкүлдөрү Насер ооруканасынын ичинен адам сөөктөрү жапырт көмүлгөн жайды аныктаганын билдиришти.

Маалыматтарга караганда, бул комплексте израил армиясы дээрлик бир ай аскердик операция жүргүзгөн. Ал маалда тургундар жакындарынын сөөктөрүн атайын жай казып көмүүгө алы келбей, оорукананын короосунда эле жерге жашырууга аргасыз болушкан. Анткен менен айрым адамдардын сөөктөрү колдору байланган бойдон табылганы тынчсыздануу жаратканын БУУнун Адам укуктары боюнча башкармалыгынын өкүлү Равина Шамдасани билдирди.

"Биздеги маалыматтарга караганда, Газанын өкмөттүк медиа бөлүмү билдиргендей, Насер ооруканасында 283 адамдын сөөгү табылган. Алардын 42синин тек жайы такталган. Кабарларга ылайык, сөөктөрдү терең казылган жерге көмүп, үстүнөн таштанды үйүп коюшкан. Арасында улгайган адамдар, аялдар жана жарадарлар болгон. Кээ бирөөлөрдүн колдору байланган же жылаңач бойдон табылган", - деди Шамдасани.

Ал эми согушка чейин анклавдагы эң негизги медициналык мекеме деп эсептелген аш Шифа ооруканасында ушул ай башында израил армиясы ХАМАС радикал тобунун жоочуларын жок кылуу боюнча операция жүргүзгөн.

Эки жумага созулган айыгышкан салгылаштан кийин БУУнун гуманитардык кызматкерлери барып, ооруканадан дээрлик эч нерсе калбаганын билдиришти.

Медициналык мекеменин короосунда казылган эки жайда 30дай сөөк аныкталганы маалым болду. Алардын 12синин тек жайы такталды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча башкы комиссары Волкер Түрк сөөктөрдүн колдору байланган бойдон табылышы аскердик кылмыш тууралуу кооптонууларды жаратат. Мындан улам ал муну бейтарап жана тыкыр иликтөөгө чакырды.

“Эл аралык гуманитардык укукка ылайык, ооруканалар өзгөчө коргоо укугуна ээ. Ал эми жайкын тургундарды, кармалгандарды, аскердик аракеттерге катыша албай калгандарды атайылап өлтүрүү аскердик кылмышка тете”, - деди ал.

Ошондуктан ал муну бейтарап жана тыкыр иликтөөгө чакырды.

Ал эми АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Ведант Патель сөөктөр жапырт көмүлгөн жайлар тууралуу так маалымат сурап, Вашингтон израил өкмөтүнө кайрылганын билдирди.

"Биз бул тууралуу кабарларды угуп көрдүк, алар абдан тынчсыздануу жаратат. Бул боюнча биз Израил өкмөтүнө кайрылабыз. Менде муну бышыктаган же төгүндөгөн кандайдыр бир так маалымат жок. Бул тууралуу биз Израил бийлигинен тактап жатабыз", - деди Патель журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Мамдепартаменттин өкүлү Ведант Патель. 6-сентябрь, 2022-жыл.
Мамдепартаменттин өкүлү Ведант Патель. 6-сентябрь, 2022-жыл.

Израил армиясы СNN телеканалына билдиргендей, ЦАХАЛ палестиндердин сөөктөрүн жапырт жерге жашырган деген маалымат негизсиз. Армия өкүлү ХАМАСтын туткунунда калгандарды издөө максатында Насер ооруканасынын аймагындагы мурда көмүлгөн сөөктөр эксгумацияланып, аяр мамиле жасоо менен кайра көмүлгөнүн айтты.

Израил армиясы алар эки медицина комплексинде жашырынган жүздөгөн жоочуларды жок кылганын же колго түшүргөнүн билдирип келет. Бул маалыматты көз карандысыз булактардан ырастоо эч мүмкүн эмес.

АКШ студенттеринин Газаны колдогон акциясы

Американын университеттеринде Газага колдоо көрсөткөн демонстрация толкуну уланууда. Колумбия университетинин студенттеринин чатыр тигип, акция уюштуруусун башкалар да колдоду. 23-августта ушундай эле акцияны Нью-Йорк жана Йель университеттеринин студенттери өткөрүштү.

"Кеп жашоо, канчалаган адам өмүрүн сактоо, учурда коркунучта калган палестиндердин өмүрүн сактоо тууралуу болуп жатат", - дейт Нью-Йорк университетинин студенти Бель Юн.

Газада адам сөөктөрү жапырт көмүлгөн жер табылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:25 0:00

Нааразылыкка чыккандардын колунан “Жөөттөр Палестинаны жактайт!” деген жазуулары бар кагаздарды көрүүгө болот.

Нью-Йорк университетинде 150дөй адам кармалды.

Администрация билдиргендей, демонстрацияда өзүлөрүн агрессивдүү алып жүргөндөрдүн көбү студенттер эмес, тыштан келгендер болгон. Ал эми акциянын катышуучулары полиция аларга катаал мамиле кылганын айтышууда.

Газадагы согушту токтотууга чакырган акциялар Йель, MIT, Беркли, Мичиган, Тафтс жана башка алдыңкы жогорку окуу жайларда, алтургай Австралия университеттеринде да уланууда.

Йель университетинде ондогон студенттер кармалды, Колумбия университетинде окуу онлайн форматка өттү. Гарвард университетинин администрациясы кампусту жума күнгө чейин жапты.

Gallup уюмунун соңку сурамжылоосу көрсөткөндөй, Газа тилкесиндеги жаңжал башталганы, АКШдагы коомдук пикир өзгөрүп, эми америкалыктардын көбү Израилдин Газадагы аракеттерин колдобойт. Ошол эле маалда алар антисемитизмге (жөөттөрдү кодулап, басмырлоого) каршы.

Газа тилкесинде 200 күндөн бери уланып жаткан согушка ХАМАС радикал уюмунун Израилдин конуштарына кол салуусу түрткү болгон. Былтыр 7-октябрдагы чабуулда жоочулар 1200дөй кишини өлтүрүп, 250дөй адамды барымтага алганы кабарланган. Израилдин бийлиги азыркы тапта хамасчылардын колунда 100дөй киши жана 30дай адамдын сөөгү бар экенин билдирүүдө.

Радикал уюмга жооп катары Израил армиясы Газа тилкесинде аскердик операциясын баштаган. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, бул убакыт ичинде 34 миңдей кишинин өмүрү кыйылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG