Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:03

Карзай: Раббанинин өлүмү - орду толгус жоготуу


Ооганстандын Тынчтык Кеңешинин төрагасы, экс-президент Бурхануддин Раббанинин сүрөтүн колдоочусу көтөрүп баратат. Кабыл, 21-сентябрь 2011
Ооганстандын Тынчтык Кеңешинин төрагасы, экс-президент Бурхануддин Раббанинин сүрөтүн колдоочусу көтөрүп баратат. Кабыл, 21-сентябрь 2011

Жүздөгөн кабылдыктар мурдакы президент Бурхануддин Раббанин үйүнүн жанына чогулуп, маркумга ызаат көрсөтүшүүдө.

Ооган тажиктеринин көсөмү жана өлкөнүн Жогорку Тынчтык Кеңешинин төрагасы шейшемби күнү өз үйүндө жанкечти жардырган бомбадан жан берген. Бурхануддин Раббани былтыртан бери талиптерди ырасмий бийлик менен элдештирип, Ооганстанда отуз жылдан бери уланып жаткан ич ара согушту токтотууга майнапсыз аракеттенип жаткан.
Мырза Президент, маркумдун ордуна татыктуу адам тез табылат деп ойлобоймун. Президент Хамид Карзай


Бурхануддин Раббанинин өлүмү президент Хамид Карзайды Нью-Йорктон тез кайтууга аргасыз кылды. Ооган президенти Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын жыйынына катышмак.

Бурхануддин Рабанинин үйүн Ооган аскерлери күзөтүп турушат. Кабыл, 21-сентябрь 2011
Хамид Карзай экс-президент Раббанинин бейажал өлүмүнө байланыштуу шаршемби күнү кечинде өкмөттүн шашылыш кеңешмесин өткөрөт.

71 жаштагы Раббани 20-сентябрда кечинде өз үйүндө жанкечти селдесине катып кирип жардырган бомбадан шейит кетти. Ооган өкмөтүнүн даражалуу кызматкеринин “Азаттык” радиосуна айтышынча, жанкечти Раббани менен суранып жатып, кездешкенге макулдук алган талип командири экен. НАТОнун маалымдашынча, бомбаны жардырган эки жанкечти тең Жогорку Тынчтык Кеңешинин төрагасы менен элдешүү тууралуу сүйлөшөбүз деп жатып келишкен. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти талиптер өздөрүнө алышты.

Президент Карзай Нью-Йорктон Кабылга учар алдында Бурхануддин Раббанинин өлүмү Ооган жетекчилигинин тынчтыкка жетишүү ыкласына жолтоо боло албасын билдирди. Хамид Карзай Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама менен Улуттар Уюмунун сессиясынан тыш убакта болгон кездешүүдө Раббанин өлүмү Ооганстан үчүн орду толгус чоң жоготуу экенин да баса белгиледи:
Ооган президенти Хамид Карзай жана АКШ президенти Барак Обама Нью-Йорктун "Waldorf Astoria" мейманканасындагы кездешүү учурунда. 20-сентябрь 2011

- Мырза Президент, Бурхануддин Раббани өзүнө алган вазийпа Ооган эли үчүн, биздин өлкөнүн коопсуздугу үчүн жана өлкөдөгү тынчтык үчүн аябай маанилүү эле. Биз абдан зарыл адамды жоготтук. Мырза Президент, маркумдун ордуна татыктуу адам тез табылат деп ойлобоймун.

Раббани былтыр Тынчтык Кеңеши түзүлгөндөн бери талиптерди урушту токтотуп, Карзайдын өкмөтү менен жараштырууга аракет кылып, бирок сүйлөшүүдө жылыш жок эле. Ага карабай, Раббанинин өлүмү Ооган өкмөтүнүн тынчтыкты орнотуу аракетине урулган катуу сокку болду.

Раббани 1992-96-жылдары кандуу жарандык согуш кезинде президенттик кылган. Аны бийликтен талиптер сүрүп салгандан кийин исламчылардын башкаруусуна каршы согушкан Түндүк Альянсына кошулуп, кыймылдын таасирлүү жетекчилеринин бири болгон.

Ооган улуттук полициясынын кызматкери Бурхануддин Раббанинин сүрөтүн жабыштырып жаткан кишилерди күзөтүүдө. Кабыл, 21-сентябрь 2011
АКШ президенти Ооган лидери менен кездешүүдө Раббанинин өлүмүн “трагедиялуу жоготуу” деп атады жана Ооганстандын экс-президентине кол салууну айыптады. Барак Обама ошондой эле ал жана президент Карзай Ооганстандагы согушту сүйлөшүү жолу менен токтотуу далалатынан тайбасын кошумчалады:

- Биз экөөбүз береги коогалуу окуяга карабастан, оогандарды эркин, коопсуз, байгер турмушка алып барчу жолду түптөө аракетибизди уланта беребиз. Тынбаган зобун-зордуктары токтотуу үчүн Ооганстандагы бардык жамааттарды бириктирүүгө болгон аракеттерди улантуу маанилүү иш болуш керек.

Теги тажик, ооган уламалары арасында абройлуу Бурхануддин Раббанинин өлүмү серепчилердин боолгошунча, Ооганстандагы түрдүү этникалык азчылыктар менен калктын көпчүлүгүн түзгөн жана бийликтеги пуштундар арасындагы мамилени чиелентиши ыктымал.

Дагы бир жагдай, Раббани ордолуу Кабылдын чет элдик элчиликтер менен НАТОнун баш кеңсеси жайгашкан жана эң мыкты күзөтүлгөн райондо жашачу. Бир жума мурда эле талиптер бул районду дээрлик бир күн бою камалап, шаарды катуу дүрбөлөңгө салган.

Азырынча Раббанинин сөөгү Кабылда калабы же Ооганстандын түндүк-чыгышындагы киндик каны тамган Бадахшанга алынып кетеби, белгисиз.


Кабулда Бурхануддин Раббани өлтүрүлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:05 0:00

XS
SM
MD
LG