Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:30

Лицензия чыры: Прокурор менен министр сөгүш алды


Мелис Тургунбаев менен Курманкул Зулушев.
Мелис Тургунбаев менен Курманкул Зулушев.

Кыргыз өкмөтү Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу лицензиялоо комиссиясын жойгону жатат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын 25-апрелдеги коллегиясында айтылды.

Мунун алдында президент Садыр Жапаров лицензиялоо комиссиясынын ишине айрым прокуратура кызматкерлери кийлигишип жатканы аныкталганы үчүн башкы прокурор Курманкул Зулушев менен жаратылыш ресурстары министри Мелис Тургунбаевге сөгүш берген.

Адис-экспертердин пикиринде, соңку окуя кен тармагы коррупциядан арыла электигин көрсөттү.

Президенттин администрациясынын соңку коллегиясында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин дарегине карата бир топ дооматтар айтылды. Администрациянын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Азамат Осмонов кен тармагын лицензиялоо маселелерине токтолду. Кыргыз өкмөтү министрликтин алдындагы атайын комиссияны жойгону жатканын маалымдады.

"Аталган министрликти текшерүү убагында жер казынасын пайдаланууга уруксат берүүнүн ачыктыгын камсыз кылууга зарыл болгон маалыматтык системасын түзүүгө бир жылдан ашуун убакыт берилсе дагы атайынбы же саботаж кылыппы, аткарылбаганы аныкталды. Текшерүүнүн натыйжасында жер казынасын пайдалануучуларды лицензиялоо жол-жобосунда алардын маселелери убагында жана акыйкаттык менен чечилбеген сыяктуу олуттуу кемчиликтер чыкты. Азыркы учурда Министрлер кабинети лицензиялоо комиссиясын жоюу сунушун колдоп, жумушчу топ түзүлдү".

Кыргыз өкмөтү азырынча бул жумушчу топ тууралуу кеңири түшүндүрмө бере элек.

Мунун алдында президент Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушев менен жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевге сөгүш берген.

Президенттин басма сөз кызматы буга Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевден келген кат негиз болгонун билдирген.

Ташиев жолдогон катында министрликтин алдындагы лицензиялоо комиссиясынын ишине прокуратуранын айрым кызматкерлери кийлигишип жатканын белгилеген. Мындан улам президенттин тапшырмасы менен атайын комиссия түзүлүп, кийлигишүү аракеттери тууралуу маалыматтар иликтенгени жана анын негизинде мындай фактылар ырасталганы айтылган.

Садыр Жапаров буга байланыштуу Зулушевге өзүнүн орун басары Кубан Адыл уулун кызматтан бошотуу тууралуу сунуштама берүүнү тапшырды. Башкы көзөмөлдөөчү органдын Коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыктын башчысы Мирлан Майтпасовго, Ишкерлердин укуктарын коргоо жана экология тармагындагы мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча башкармалыктын башчысы А.Аликуловго сөгүш жарыялап, аларды кызматтан которууну буюрган.

Лицензиялоо комиссиясынын ишине кийлигишүү фактыларын иликтеген топко Азамат Осмоновдон сырткары, Министрлер кабинетинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов, соттор жана прокуратура органдары менен өз ара иштешүү бөлүмүнүн жетекчиси Нурлан Сулайманкулов, президенттин жардамчысы Азамат Апсатаров кирген.

Зулушев менен Тургунбаев сөгүш алган жагдай тууралуу азырынча комментарий бере элек.


Буга чейин министр Тургунбаев кен тармагында ачык-айкындыкты камсыздоого аракеттер көрүлүп жатканын билдирген. Ал февраль айынын аягында Фейсбуктагы баракчасына тоо-кенчилерге байланыштуу бекемдөө, алардын маселесин талкуулап, чечүү маанилүү экенин белгилеген. Ушундан улам алар менен кеңири жыйын курганын жазган.

Мелис Тургунбаев.
Мелис Тургунбаев.

"Иш-чара жагымдуу маанайда өттү. Катышуучулар экологиялык экспертиза, лицензия берүү, санариптештирүү жана кесипкөй кадрларды даярдоо тууралуу суроолорду берди. Биз ар бирине кенен жооп бердик. Ошондой эле 2023-жылдын жыйынтыгын жана реформалар тууралуу маалымдадык", - деп жазган Тургунбаев.

Ал Динара Кутманованын ордуна министр кызматына былтыр мартта дайындалган.

Азырынча кайсы кенге байланыштуу кийлигишүү болгону тууралуу маалымат бериле элек.

Парламенттеги Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты комитетинин төрагасынын орун басары депутат Кундузбек Сулайманов соңку окуяларга байланыштуу комментарий берип, аны убагында кабыл алынган чечим катары сыпаттады.

Кундузбек Сулайманов.
Кундузбек Сулайманов.

"Кайсы жагдай, маселеге байланыштуу экени тууралуу дагы азыр бизде, комитетте маалымат жок. УКМК лицензия берүү боюнча аныктап чыгып, ошолордун тескемесинин негизинде болуп жатпайбы. Демек ал жерде мыйзам бузуу иштери болду. Демек башкы прокурордун орун басары өз ыйгарым укугуна кирбеген иштерге киришти. Ушундан улам президент чара көрүп атат. Коррупция дегенде ал жерде акча маселеси жок, ал жерде кызмат абалынан пайдаланып басым жасашыптыр, "ушуну бүтүрөсүңөр" деп. Президентке жеткен маалыматтар аныкталып, тиешелүү жетекчилерге чара көрүлүп жатат да. Ошого негиз болду. Бул убагында көрүлгөн реаккция".


Тоо-кенчилер бирлигинин төрагасы Дүйшөнбек Камчыбековдун пикиринде кен тармагына кийлишүү буга чейин деле болуп келген.

Дүйшөнбек Камчыбеков.
Дүйшөнбек Камчыбеков.

"Кен тармагы - акча түшкөн, пайдалуу тармак, бизнестин бир булагы. Кенден байыган, байлык топтогон бизнесмендер, саясатка аралашкандар көп. Анан кен тармагында коррупциялык схемалар такай эле болуп турат. Алтын кенинен тартып, шагыл болобу, кум болобу, чопо болобу, баарын өздөштүрүп, баарынан пайда тапса болот. Мына ушуга байланыштуу бул жерде кызыкдар адамдар көп. Жогорку бийликтеги адамдардан тартып депутаттар болобу өздөрү лицензия албаса да башка адамдар аркылуу лицензия алып, инвестор тартып, ошонун пайдасын көрүп келет. Биз 90-жылдардын аягы, 2000-жылдардын башында иштеп жүргөндө деле ушундай маселелер көп болчу. Депутаттар болобу, күч органдарынын жетекчилери болобу кен тармагына сөзсүз кийлигишип келген. Азыркы окуялар, жагдай биз бул темадан бүгүн алыс эмес экенибизди көрсөтүп жатат. "Крышовать" эткен адам куру калбайт да, сөзсүз пайдасын көрөт. Кен тармагы кирише алып келип, пайда түшүп жатканда ага кызыкдар адамдар ар качан боло берет. Бирок жетекчилерге чара көрүлгөнү жакшы көрүнүш, катуу белги".

Талдоочу, журналист Адил Турдукулов соңку окуяны көзөмөлдүн аксашы менен байланыштырды. Ошол эле маалда бул жагдайдын саясий дагы себеби болушу мүмкүн экенин белгилеп, бийликтеги кайсы бир топтордун тирешине да байланыштырды.

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

"Кен тармагында коррупция дайыма болуп келген. Айрыкча лицензия берүүдө паракорчулук, коррупциялык схема уланып жатканы айтылып эле келген. Бирок кескин өзгөрүүлөр болгон жок. Анткени ушул Жаратылыш ресурстары министрлигинин өзүндө бир парадокс бар. Алар бир жагынан лицензия берет, экинчи жагынан экологияга терс таасирин тийгизип жатабы же жокпу деп көзөмөл кылат. Бир колу менен берип, экинчиси менен көзөмөлдөгөнү туура эмес. Бул функциялар бөлүнүшү керек. Ошондуктан ал жерде коррупциянын болушу турган иш. Ушундай нерселерди Башкы прокуратура өзү көзөмөлдөп, башка тиешелүү мамлекеттик органдар, институттар дагы ага бөгөт коюшу керек эле. Мисалы, Жогорку Кеңеш, парламенттик оппозиция, жарандык коом турушу керек болчу. Бирок алардын баарын алсыратып, аталган министрликти көзөмөлдөөчү институт жокко эсе болуп калды. Ошондуктан бул жерде УКМК менен эле президент калды. Жетекчилерге сөгүш берүүгө дагы Ташиевдин каты себеп болду да. Ошол эле маалда бул жерде бийликтин ичинде кандайдыр бир күрөш болуп жаткан жокпу деген суроо туулат. Бул чынында эле коррупцияга каршы иштерби же УКМКнын Зулушевдин таасирин азайтуу аракети эмеспи деген дагы ой туулат. Эми мындан аркысы кандай болорун көрө жатабыз. Чынында Тургунбаевдин бул кызматке келгени дагы убагында суроо жараткан. Ал өзү мунайгаз жаатындагы адис. Ушундай маанилүү тармактын башына кесипкөй адис келиши керек эле. Азыр биз имиштерге гана таянып, чыныгы фактылар, маалыматтарга жетпей жатабыз. Азыр бийлик каалаганын айта берет, ошол эле маалда алардан толук маалыматты талап кылган институттар жокко эсе болуп калды".

Бир ай мурда аталган министрлик кен казууга берилген лицензияларды башкаларга өткөрүп берүү көрүнүшүнө бөгөт коюу үчүн эскертүү тараткан. Анда мыйзамдарга ылайык, лицензиялык макулдашуу түзүлгөн күндөн тартып эки жылга чейин лицензияны башкаларга өткөрүп берүү мүмкүн эместигин белгилеген.

"Лицензияны башка бирөөгө өткөрүп берүүдө ага ээ болгон тарап салык мыйзамдарында каралган бардык төлөмдөрдү кайрадан төлөйт. Мурдагы ээсинин дагы лицензия боюнча бардык мамлекеттик төлөмдөрдөн карызы болбошу керек", - деп жазылган маалыматта.


Расмий маалыматка ылайык, былтыр тоо-кен тармагына 192 лицензия берилген жана анын 45и мамлекеттик ишканаларга тийген. Бул тармактан 2023-жылы 33 миллиард сомдон ашык киреше түшкөн.

Өкмөттүн маалыматында, Кыргызстанда 15 миңден ашуун пайдалуу кен табылган жана анын 500ү геологиялык чалгындоодон өткөн. Учурда 345 кен мамлекеттик баланстын запасында турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG