Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:37

Адахан Мадумаров УКМКнын тергөө абагынан чыкты


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, жети айдан бери камакта отурган Адахан Мадумаров тергөө абагынан чыкты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) алдына чогулган тарапташтары, журналисттер билдирди.

Буга чейин “Азаттыкка” анын адвокаты Кубанычбек Туманов соттун чечимине ылайык саясатчы 26-апрелге караган түнү эркиндикке чыгарын билдирген.

26-мартта Биринчи Май райондук соту Мадумаровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Саясатчы чечим мыйзамдуу күчүнө киргичекти абакта калтырылган. Мадумаров райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко даттанган эмес.

Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген.

Биринчиси - Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралганын билдирген. Саясатчы ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.

Экинчиси - Чыңгыз Абдымомунов аттуу жаран 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган. Бул ишке байланыштуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаевге да айып коюлган.

Мадумаров 2023-жылы 2-сентябрда кармалган. Ошондон бери УКМКнын тергөө абагында отурду. Оппозициялык саясатчы өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, соттун чечимин “жапайычылык” деп баалаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG