Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:29

Өзбек президентинин үй-бүлөсүнө таянган фирма миллиондорду кантип тапкан?


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Үч жыл мурун кайдан-жайдан пайда болгону белгисиз, батирде катталган өзбек фирмасы 100 млн доллардан ашуун бааланган мамлекеттик келишимдерди алгандан кийин жоголуп кеткен. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун жаңы иликтөөсү бул фирманын президент Мирзиёевдин күйөө баласы менен байланыштарын тапты.

Өзбекстандын президентинин үй-бүлөсү менен байланышы бар, мурда-кийин белгисиз фирма 100 млн доллардан ашуун суммага бааланган мамлекеттик келишимдерди түзгөн. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун иликтөөсү өлкөдөгү эң чоң цемент заводуна жаратылыш газын он миллиондогон доллар кымбаттатылган баада сатуу үчүн майлуу-сүттүү келишимдер түзүлгөнүн таап чыкты.

Көмүскөдөгү Ultimo Group Limited фирмасы менен майлуу-сүттүү келишимдерге кол коюлушу - бийликке жакын адамдардын, анын ичинен президент Шавкат Мирзиёевдин туугандарынын жана өнөктөштөрүнүн эң жогорку деңгээлдеги саясий жетекчиликке таянып алып, пайдага туйтунуп жатканын айгинелейт.

Мирзиёев өлкөдөгү газ тартыштыгынан улам пайда болгон элдик нааразылыктан кийин энергетика тармагындагы жемкорлукту тамырынан кыркууга тапшырма берген. Борбор Азиядагы калкынын саны көп, көгүлтүр газга бай өлкөнүн лидери паракорлукту тыйып, ачык-айкындуулукту арттырууга бир нече жолу убада берген.

“Мурдагыдай иштөөгө эч кимдин укугу жок. Силер билгендей, азыр коомдун жашоосунун бардык тармагында ачык-айкындуулук бар. Көмүскө иштер, коррупция жана непотизм [силердин] ишиңерге жардам бербейт”, - деген 2019-жылы Мирзиёев. Ал 2016-жылы көз жумган мурунку авторитардык президент Ислам Каримовдун бийлигин эске салган.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев үй-бүлөсү менен. Ташкент. 9-июль, 2023-жыл.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев үй-бүлөсү менен. Ташкент. 9-июль, 2023-жыл.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын (“Озодлик” радиосунун) иликтөөсү Мирзиёевдин күйөө баласынын жакындары Ultimo Group фирмасы менен түздөн-түз байланышта экенин көрсөтөт. Эч кимге белгисиз бул фирма 2021-жылы мамлекетке караштуу ири цемент өндүргөн Qizilqumsement ишканасына жаратылыш газын сатуу боюнча мамлекеттик келишимге ээ болот. Келишимде газдын баасы кымбаттатылып, андан улам ортодогу айырма кеминде 36 миллион долларды түзгөн. Ultimo Group мурда-кийин мындай ишкердик менен алектенген эмес.

“Озодлик” радиосунун колуна тийген документтер Ultimo Group газ жеткирген мамлекеттик монополист “Узтрансгаздан” банк аркылуу 66 млн доллар алганын көрсөтүп турат. Комиссиялык макулдашууда фирма коңшу Түркмөнстандан дээрлик 1 млрд метр куб газ импорттогону жазылып турат.

Журналисттик иликтөөдө Ultimo Group менен Нью-Йорктон Дубайга, Гонконгго чейин кымбат баалуу буюмдарды саткан эл аралык компаниялардын байланышы аныкталды. Бул компанияларды Мирзиёевдин күйөө баласы, спорт тармагын тейлеген, өзбек президентинин коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары Атабек Умаровдун жакындары башкарат.

Бул түйүндөгү башкы фигура Азизжон Камилов - Умаровдун ишенимдүү адамы. Ал Өзбекстандын Дзюдо федерациясынын башчысы жана Олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын мурунку иликтөөлөрү Умаровдун тегерегиндеги адамдар, анын ичинен агасы Мирзиёевдин өкмөтүнө жамынып, көбүнчө баш айланткан корпоративдик структураларды колдонуу менен бенефициарларды жашырганын көрсөткөн.

37 млн калкы бар өлкөдө Умаров саясий жана экономикалык элитада көмүскөдөгү таасирдүү фигура экени жалпыга маалым.

“Өзбекстан коррупциянын деңгээли жогору, тууган-туушкандар бийликке аралашкан, авторитардык өлкө бойдон калууда”, - деп сыпатталат жемкорлукка каршы байкоо салган Transparency International уюмунун соңку баяндамасында. Ошол эле учурда Мирзиёевдин доорунда “саясий жана экономикалык реформаларда кандайдыр бир прогресс” болуп жатканы белгиленет.

Умаров расмий орто деңгээлдеги аткаминер болсо да, соңку бир нече жылда Өзбекстандагы таасирдүү фигурага айланды. Ал чет өлкөлүк кадыр-барктуу адамдар, падышалык үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрү менен сүйлөшүп, өзүн өзбекстандык спортчулардын тиреги катары даңазалап жүрөт.

Иликтөөнүн материалдары

Журналисттик иликтөөдө колдонулган айрым документтерди бул жерден көрүңүз

Умаровдун ысымын жарнамалаган негизги элемент - өлкөнүн олимпиадачыларынын формасын кооздогон 7Saber аттуу жеке бренди. 2021-жылы пайда болгон бул бренд Умаровду Ultimo Groupтун компаниялар тармагы жана өнөктөштөрү менен түздөн-түз байланыштырат. Ultimo Group үч жыл мурда Өзбекстанда газ сатуу боюнча келишимдерде кайдан-жайдан пайда болгон ортомчу болуп чыга келген.

Күтүүсүздөн чыга калып, пайдага туйтунганына карабай, Ultimo Group көмүскөдө ишкердик кылат. Анын иштеген веб-сайты же ачык профили жок жана учурда кагаздагы анын ээлеринин бири - мурда-кийин ишкердик кылбаган ардагер.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу Умаровго жана Өзбекстандагы башка бир катар мамлекеттик органдар менен компанияларга кайрылып, газ саткан ортомчу фирма түзүлө калып эле он миллиондогон мамлекеттик келишимдерди кантип алганы тууралуу түшүндүрмө сурадык. Иликтөө жарыяланып жатканда алардын эч биринен жооп келген жок.

Комментарий сураган жазуу жүзүндөгү өтүнүч Мирзиёевдин кеңсесине жиберилгени менен, жооп болгон жок.

Ultimo Group фирмасынын 50% акциясынын ээлеринин бири Тухфат Анвархужаев Умаровго эч кандай тиешеси жоктугун айтып, Камилов менен мамилесин "достук" мүнөздө деп сыпаттады. Ал Умаров менен Камиловдун Ultimo Group фирмасына "эч кандай тиешеси жоктугун" кошумчалады.

Жашыруун газ келишими

Ultimo Group Limited Ташкентте 2021-жылы 9,500 доллар уставдык капитал менен катталып, расмий дареги катары шаардагы бир батирди көрсөткөн.

Компаниянын негиздөөчүлөрү Диляр Каюмов өзбек президентинин тарапкерлеринин тобуна кирсе, Анвархужаевдин атасы Өзбекстандын мамлекеттик коопсуздук кызматында иштеген. Анын агасы - азыр Өзбекстандын Түркиядагы элчиси.

Булардын эч кимиси башка компанияларга акционер болгон эмес. Өзбекстандын корпоративдик каттоосунда Каюмов мунай-газ секторундагы канадалык RLG International компаниясында иштегени жазылган. Ultimo Group түзүлгөн маалда канадалык компания мамлекеттик “Узбекнефтегаз” ишканасынын эффективдүүлүк жана өндүрүмдүүлүк боюнча консультанты болгон.

Мамлекеттик UzTransGaz компаниясынан газ сатып алган кардарлар
Мамлекеттик UzTransGaz компаниясынан газ сатып алган кардарлар

Жаңы фирманын иши тез жүрүшүп, ташы өйдө кулай баштаган.

Ошол маалда 86% мамлекетке таандык Qizilqumsement 2021- жана 2022-жылы ишканага жылына 375 млн метр куб жаратылыш газы керектелерин эсептеп чыккан. Мамлекеттик ишкана болгондуктан, мыйзамга ылайык газ менен камсыздоочу компанияга тендер жарыялоого милдеттүү болчу.

Тендердин чоо-жайы беймаалым. 2021-жылы 13-апрелде Qizilqumsement ишканасы бир апта мурда расмий сайтын каттаган Ultimo Group менен сатып алуу келишимин түзөт.

Келишимге жана ага киргизилген кийинки толуктоолорго ылайык, Ultimo компаниясы Qizilqumsement ишканасына 379 млн метр куб газ жеткирмек. Бул цемент ишкананын жылдык керектелүүчү көлөмүнөн көп. “Азаттыктын” колуна тийген келишимдерди анализдегенде, кеминде 36,6 млн долларга көп экени көрүнөт.

Учурда менчиктештирилген цемент завод “стратегиялык” ишкана деп саналгандыктан, газды мамлекеттен жеңилдетилген шартта түз сатып алчу. “Азаттыктын” колуна тийген документтер көрсөткөндөй, Ultimo Group компаниясы ортомчу болуп киргенден кийин газдын баасы 50% кымбаттаган.

Qizilqumsement ишканасына газ саткан Ultimo Group көгүлтүр отун өндүрүүчү компания эмес жана газ куурларын көзөмөлдөбөйт. Газ кууру мамлекеттик монополист UzTransGaz компаниясына таандык. Мирзиёевдин буйругу менен ал ичкериде өндүрүлүүчү жана сырттан алынган газды сатуу, транзит менен алектенет. UzTransGaz көгүлтүр отунду ички керектөөчүлөргө, анын ичинен газ кууруна туташкан Qizilqumsement ишканасына да саткан.

Qizilqumsement – курулуш материалдарын чыгарган ассоциациялардын башын кошкон Ozsanoatqurilishmateriallari'нин түзүүчүлөрүнүн бири. Бул дагы 2019-жылы Мирзиёевдин буйругу менен негизделип, башкы кеңсеси Ultimo Group фирмасы катталган дарекке коңшу жайгашкан.

Лондон фондулук биржасынын 2021-жыл, ноябрдагы UzbekNefteGaz ишканасына арналган проспектисинде, башкача айтканда, Qizilqumsement менен Ultimo Group келишим түзгөн жылы UzTransGaz ишканасы Ozsanoatqurilishmateriallari баштаган “өндүрүш тармагындагы стратегиялык өнөктөштөргө” 1000 метр куб газды 63 доллардан саткан.

Мындай баа менен 2021-жылы Qizilqumsement көгүлтүр отунду UzTransGaz ишканасынан сатып алса, 10 млн доллар үнөмдөп калмак. Ultimo Group болсо 1000 метр куб газды 95тен 145 долларга чейин саткан.

Эмне үчүн Qizilqumsement газды ортомчу аркылуу кымбат баада сатып алганы белгисиз. 2019-жылы чыккан өкмөттүн буйругуна ылайык, UzTransGaz эң маанилүү керектөөчүлөргө көгүлтүр отунду түздөн-түз жеткирген жалгыз компания деп саналган.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын Qizilqumsement жана UzTransGaz компанияларына бул жагдайды түшүндүрүп берүү тууралуу жазган өтүнүчтөрүнө иликтөө жарыяланып жаткан маалда жооп болгон жок. Анвархужаев Ultimo Group фирмасынын кирешеси тууралуу маалымат "коммерциялык сыр" экенин айтты.

Qizilqumsement менен Ultimo Group фирмасынын ортосундагы келишимге негиз берген 2021-жылкы өкмөттүн буйругу бул келишимге дагы жарыгын чачмактыр. Бирок “Азаттык” радиосу Өзбекстандагы мамлекеттик тендерлердин сайтынын архивинен бул жарлыктын аталышы өчүрүлгөнүн таап чыкты.

Ultimo Group Qizilqumsement менен түзгөн келишимден канча пайда көргөнүнүн так суммасы азырынча белгисиз. Бирок “Азаттык” карап чыккан банк документтери жана бажы маалыматтары Ultimo Group жалпысынан 200 млн долларды чапчыган газ келишимдерине катышканын айгинелейт.

2021-жылдын апрелинен 2022-жылдын мартына чейин Ultimo Group коңшу Түркмөнстандын мамлекеттик Turkmengas компаниясы аркылуу 955 млн метр кубдан ашуун газ импорттогонун бажы документтери күбөлөндүрөт. Газдын жалпы баасы 88,5 млн доллар деп көрсөтүлгөн. Turkmengas биздин Ultimo Group фирмасына экспорттолгон газ тууралуу комментарий сураган катыбызды жоопсуз калтырды.

Ultimo Group келишимге ылайык, 2021-жылы түркмөн газынын 1000 метр кубун 69дан 106 долларга чейин сатып алган. 2022-жылы 1000 метр кубун 100дөн 116 долларга чейин алып, Qizilqumsement ишканасына 1000 метр кубун 95тен 145 долларга чейин саткан.

Ушул эле маалда импорттолгон түркмөн газын ташыган куурдун ээси UzTransGaz компаниясы Ultimo Group фирмасына он миллиондогон доллар төлөгөн.

“Озодликтин” колуна тийген банк документтерине ылайык, 2022-жылы январдан сентябрга чейин Ultimo Group UzTransGaz компаниясынан жалпы суммасы 66,6 млн долларлык кеминде сегиз төлөм болгонун көрсөтөт. Төлөмдөрдүн багыты - "34/26-2021" комиссиялык келишимдин негизинде “жаратылыш газына төлөм” деп көрсөтүлгөн.

“Озодлик” бул комиссиялык келишимдин чоо-жайын тактай алган жок. Жогорудагы банк төлөмдөрүнүн чоо-жайын тактоо үчүн өтүнүчкө UzTransGaz жооп берген жок. Анвархужаев UzTransGaz компаниясы Ultimo Group үчүн ортомчулук кызмат көрсөткөнүн гана айтып, чоо-жайына токтолгон жок.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу Ultimo Group фирмасынын Qizilqumsement ишканасы менен дээрлик 1 млрд метр куб түркмөн газын импорттогон келишиминен жана UzTransGaz менен 66 млн долларлык төлөмдөрүнөн башка коммерциялык ишмердигин таба алган жок.

Араб шейхтери жана көкөлөп учкан шумкарлар

Азизжон Камилов 2018-жылы Өзбекстандын Дзюдо федерациясынын башына келгенден тарта Умаров менен үзөңгүлөш болуп калган. Умаров 2007-жылы Мирзиёевдин кызы Шахнозага үйлөнгөн.

Камилов жана Умаров Өзбекстанда эрежесиз эр урушту өнүктүрүүнү сүрөп, байма-бай сапарларга чыгып, чогуу сүрөткө түшүп турушат.

Мындай мамилелер газ сатууда көмүскө ортомчу болуп, 2021-жылы мартта негизделгенден кийин 100 миллион доллардан ашуун мамлекеттик келишим алган Ultimo Group фирмасынын жогорку деңгээлдеги саясий байланыштарын көрсөтөт.

“Озодлик” радиосунун колунда Инстаграмдан өчүрүлгөн Камиловдун жана Тухфат Анвархужаевдин “Туулган күнүң менен!” деген жазуу алдында түшкөн сүрөтү бар. Анвархужаев Ultimo Group фирмасынын 50% акциясына ээлик кылат.

Азизжон Камилов менен Тухфат Анвархужаев
Азизжон Камилов менен Тухфат Анвархужаев

Бул Камилов менен Ultimo Group фирмасынын байланышын көрсөткөн жалгыз далил эмес.

Ultimo Group фирмасынын каттоо документтеринде көрсөтүлгөн электрондук дарек аңчылык боюнча гид Бехруз Абдушукуровго таандык. Ал Камилов 2018-жылы негиздеген Falcon Hunting Solutions компаниясынын менежери болуп иштеген.

Абдушукуровдун ишкер өнөктөштөрүнүн бири Ultimo Group фирмасынын веб-сайтын каттатса, Ultimo Group менежери Равшан Муталов дагы башка эки компанияны башкарган, анын биринин ээлеринин катарында Абдушукуров көрсөтүлгөн.

Муталов “Озодлик” радиосунун журналисти менен телефондон сүйлөшкөндө, Түркмөнстан менен түзүлгөн газ келишимдерине катышканын ырастап, бирок соңку эки жылдан бери ал тармакта иштебей калганын айтты. Ал кошумча маалымат берүүдөн баш тартып, жазуу жүзүндөгү өтүнүчтү жоопсуз калтырды.

“Озодлик” радиосу Абдушукуровго дагы телефон чалганда, ал Ultimo Group корпоративдик документтеринде эмне үчүн анын электрондук дареги көрсөтүлгөнүн билбей турганын, компанияга тиешеси жоктугун айтты. Ал ошондой эле бир компанияда чогуу байланышы бар Муталовду тааныбай турганын, өзүнүн компаниясынын бардык жетекчилери эсинде жок экенин айтты. Абдушукуров Ultimo Group фирмасы тууралуу суроолорго жооп берүүгө макул болгону менен, материал жарыялангыча убадасын аткарган жок.

Falcon Hunting Solutions өзүн аңчылык, экотуризм жана “айлана-чөйрөнү коргоо”, “биотүрдүүлүктү сактоо” менен алектенген компания катары таанытат. Бирок Азия өнүктүрүү банкынын отчетунда компания “араб шейхтери” үчүн сейрек кездешкен тоодакка аңчылык кылууну ишке ашырары көрсөтүлгөн.

Мындай көңүл ачкан экскурсиялардын кардарына айланган араб шейхтеринин арасында Дубайдын эмиринин уулу, шейх Хамдан ибн Мохаммед ибн Рашид ал-Мактум бар. 2019-жылы анын үйлөнүү тоюна Умаров менен Камилов барган.

Дубайдын эмири Мухаммад бин Рашид ал-Мактумду Отабек Умаров (солдо) жана Азизжон Камилов (солдон экинчи) Өзбекстанда тосуп алууда. 2019-жылдын октябры
Дубайдын эмири Мухаммад бин Рашид ал-Мактумду Отабек Умаров (солдо) жана Азизжон Камилов (солдон экинчи) Өзбекстанда тосуп алууда. 2019-жылдын октябры

Дубайдын мураскер канзаадасы Өзбекстанга 2019-жылы ноябрда шумкарга аңчылык кылганы келген. Андан соң уулуна Дубайдын эмири шейх Мохаммед ибн Рашид ал Мактум кошулган. Умаров менен Камилов шейхти аэропорттон тосуп алышкан.

Өзбекстанга келгенден кийин Дубайдын мураскер канзаадасы өлкөнүн түштүк-чыгышында 300 гектарды ээлеген жерге барган. Falcon Hunting Solutions Дубайдын эмиринин үй-бүлөсү менен бирге сейрек кездешкен тоодактарды көбөйтүү боюнча программанын бет ачарына катышкан.

Falcon Hunting Solutions Өзбекстандын Дзюдо федерациясынын ишине аралашып, тактап айтканда, дзюдо залдарын курууга катышат. Мындай залдардын биринин ачылышында Умаровдун менчик 7Saber компаниясынын эн белгиси көрсөтүлгөн.

Falcon Hunting Solutions веб-сайтында компаниянын баш кеңсеси деп Ташкенттеги офис-борбордо көрсөтүлгөн. Ал жерде Камиловго, Умаровго жана алардын бизнес өнөктөштөрүнө байланышы бар компаниялар, анын ичинен Бириккен Араб Эмираттарындагы Ultimo Group тобуна барып кошулган фирмалар катталган.

Өзбекстандын Дзюдо федерациясына телефон чалганыбызда, жооп берген киши Камилов кеңсеге анда-санда гана келерин жана аны менен сүйлөшүүгө мүмкүн эмес экенин айтты. Камилов дагы анын жеке имейл дарегине жиберилген Ultimo Group тууралуу суроолорубузга жооп берген жок.

Дубайдагы эгиздер

2021-жылы июлда Өзбекстанда Ultimo Group негизделгенден төрт айдан кийин ушундай эле аталыштагы Ultimo Group FZE компаниясы Бириккен Араб Эмираттарынын Шаржа шаарындагы эркин экономикалык аймакта катталган.

Жаңы компаниянын ишмердиги тууралуу маалыматта мунай сатуудан башка Өзбекстандагы Ultimo Group менен байланышы да көрсөтүлгөн. Аталган фирма андан үч ай мурун Qizilqumsement менен келишимге кол койгон.

“Озодлик” радиосу ачык маалыматтарды жана корпоративдик документтерди анализдеп отуруп Умаровдун өнөктөштөрү менен Бириккен Араб Эмираттарында жаңы гана ачылган Ultimo Group FZE компаниясынын байланышын тапты. Бул компания кымбат баалуу буюмдарды саткан жана тейлеген, анын ичинен Умаров кызыккан кымбат машинелерди саткан эл аралык түйүнгө кирери аныкталды.

Ultimo Group FZE компаниясынын менежери жана лицензиясынын ээси - британ жараны Росс Коннон. Муну Вашингтондогу C4ADS иликтөө тобунун колуна тийген Бириккен Араб Эмираттарынын бизнес лицензиялар реестриндеги каттоо тастыктап турат.

Коннон өзүн башка өлкөнүн жарандыгын, туруктуу жашоого уруксат алуу жана кыймылсыз мүлк сатып алуу боюнча бай кардарлар менен иштешкен компанияларда “жеке кеңеш берүүчү” катары тааныштырат.

Анын Умаров менен дагы түз бизнес алакасы бар.

2021-жылы июнда Ташкентте өткөн 7Saber бренди чыгарган жаңы үлгүдөгү кийимдердин бет ачар аземинде Коннонду Berkeley SquareProject Management компаниясынын башкы директору деп тааныштырган. Дубайлык компания анын брендин колдонуу укугун алганын Умаров айткан.

Росс Коннон (ортодо) Умаровдун 7Sabre брендинин Ташкенттеги бет ачарында. 26-июнь, 2021-жыл.
Росс Коннон (ортодо) Умаровдун 7Sabre брендинин Ташкенттеги бет ачарында. 26-июнь, 2021-жыл.

Инстаграмда Умаров Коннонду жана өзүнүн жергиликтүү бизнес өнөктөшү Ораз Абдуразаковду куттуктап, “силердин ийгиликтериңерге көз салып, жаңы командага күйөрмандык кылабыз” деп жазып, аларга ийгилик каалайт.

Өзбекстандын Олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары, Умаровго жакын Азизжон Камилов “жаңы улуттук бренддин” жаралганын кубаттаса, бир айдан кийин 7Saber 2022-жылкы Бээжин олимпиадасында Өзбекстандын командасын кийинте турганын жарыялайт.

Коннон иштеген жери деп 7Saber компаниясынын укугун сатып алган дубайлык Berkeley Square Investments компаниясын көрсөтөт. Бирок журналисттер мындай аталыштагы компанияны Лондондон дагы, Дубайдан дагы таба алган жок.

“Озодлик” радиосунун журналисттери эки шаарга тең барып, BerkeleySquare Investments компаниясынын 2020-жылы августта катталган сайтында көрсөтүлгөн даректерден Коннондун жана анын компанияларынын изин тапкан жок.

Коннон журналисттер менен жазышкан катында “Озодлик” радиосунун Ultimo Group тууралуу суроолорун “туура кишиге” жолдоону убада кылган. Бирок убадасынан тайып, компаниядагы өзүнүн ролу тууралуу соболго жооп берген жок.

Ultimo Group FZE жана Умаров менен байланышкан дагы бир киши бар. Ал аталышы окшош, бир эле кишилер башкарган, чогуу ээлик кылган жана өнөктөш болгон фирмаларды бириктирип турат.

Ultimo Group FZE катталган эркин экономикалык аймактын сайтында эки корпоративдик имейл көрсөтүлгөн. Алардын бири Коннондуку болсо, экинчиси өзүн “кымбат баалуу товарлар жана зер буюмдары боюнча адис” деп атаган Дониёр Кадировго тиешелүү.

2023-жылы майда Өзбекстандын Дзюдо федерациясы спорт тармагын тейлеген аткаминерлердин жыйынынан сүрөттөрдү жарыялаган. Алардын арасында Умаров менен Камиловдун Дохада дзюдочулар менен түшкөн сүрөттөрү да бар. Умаровдун катарында VIP деген белги тагынган, өлкөнүн спорттук мекемелерине эч кандай тиешеси жок Кадиров турат.

Умаров (оңдон үчүнчү) жана Kaдиров (оңдон экинчи) Доха шаарында дзюдо боюнча өткөн иш-чарада, 2023-жылдын май айы. Өзбекстандын Дзюдо федерациясынын башчысы Kaмилов (солдон экинчи).
Умаров (оңдон үчүнчү) жана Kaдиров (оңдон экинчи) Доха шаарында дзюдо боюнча өткөн иш-чарада, 2023-жылдын май айы. Өзбекстандын Дзюдо федерациясынын башчысы Kaмилов (солдон экинчи).

Кадировдун Инстаграмындагы видеодон ал Камилов жана эрежесиз эр уруштун чебери, орусиялык Хабиб Нурмагомедов менен турганын көрүүгө болот. Кадировдун Өзбекстанда, Бириккен Араб Эмираттарында, Гонконгдо жана АКШда катталган Ultimo Group түйүнүнө кирген кеминде төрт компания менен түз жана кыйыр байланышы бар.

Алардын арасында Rushmore, Boutique Seven жана World Trade Solutions деген аталыштар менен иш жүргүзгөн компаниялар кымбат баалуу сааттарды сатып, консьерж кызматтарды аркалаган, люкс класстагы машинелерди саткан диллер деп көрсөтүлөт.

Журналисттер Ultimo Group түйүнүнө кирген бир нече компания жайгашкан Бириккен Араб Эмираттарындагы кеңсеге телефон чалганда, жооп берген аял Кадировду өзүнүн жетекчиси деп атап, электрондук почта менен суроолорду жиберүүнү өтүндү. Бирок Кадировдун жана бир катар компаниялардын расмий электрондук даректерине жиберилген суроолор жоопсуз калды.

Ташкенттеги Ultimo Group менен байланышкан бир нече компания, анын ичинен Камиловдун Falcon Hunting Solutions жана ал аралашкан дагы бир фирма “Алай” базарынын көчөсүндөгү бизнес борбордогу бир эле дарекке катталган. Ага дагы Камиловдун Falcon Hunting Solutions жана анын үлүшү бар дагы бир компания кирет.

Из жашыруу

Ultimo Group Limited Өзбекстандын газ базарында үч жыл мурун кандай күтүүсүз пайда болсо, ошондой эле көздөн кайым болду.

Сатып алуулар боюнча мамлекеттик маалымат базаларында жана корпоративдик документтерде 2021-жылы Qizilqumsement заводуна газ жеткирүү боюнча 36 млн доллар келишимге кол койгондон кийин Ultimo Group фирмасы башка бир дагы өкмөттүк тендерге катышканы тууралуу маалымат жок.

Бажы документтери көрсөткөндөй, өзбек фирмасы 2022-жылы мартта Түркмөнстандан газ импортоону токтоткон, UzTransGaz компаниясынан түшкөн 66 млн доллар өлчөмүндөгү соңку төлөмдөр, банк аркылуу 20 млн доллар ошол эле жылы сентябрда келген.

2022-жылы июлдан кийин Ultimo Group фирмасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Дилёр Каюмов өзүнө тиешелүү компаниянын 50% акциясын 67 жаштагы энеси Матлюба Каюмовага өткөрүп берген. Каюмов Instagram аккаунтуна жиберген биздин суроолорубузга жооп берген жок.

“Озодлик” радиосу Каюмованын күйөөсү менен телефондон сүйлөшкөндө, Матлюба Ultimo Group фирмасындагы өзүнүн үлүшү тууралуу комментарий бере албастыгын айтып, суроолор менен компаниянын өзүнө түз кайрылууну сунуш кылды.

Негиздөөчүлөрдүн дагы бири, Камилов менен сүрөткө түшкөн Тухфат Анвархужаев Ultimo Group фирмасындагы 50% үлүшүн сактап калган.

Ultimo Group фирмасынын дагы бир ээси, Камилов менен чогуу сүрөткө түшкөн Тухфат Анвархужаев компаниядагы өзүнүн 50% үлүшүн сактап калган. 17-апрелде Ultimo Group фирмасынын расмий дарегине жиберилген “Озодлик” радиосунун компания жана анын ишмердиги тууралуу катына Анвархужаев жооп даярдоо үчүн 24-апрелге чейин убакыт сураган. Бирок журналисттер бул материалды жарыялап жатканда жооп келген жок.

Башында Ultimo Group фирмасы Каюмов энеси экөө каттоодо турган дарекке катталган. Андан кийин фирманын юридикалык дареги Ташкенттин борборундагы Ichan Qala Hotel болуп өзгөргөн. Бул мейманкана өзбекстандык K7 Hotel Management компаниясы менен байланышкан. Компанияга Отабек Умаровдун агасы Ойбек Умаров 100% ээлик кылат.

Каюмов президент Мирзиёев колдогон эң чоң Tashkent City Mall курулуш долбоорунда жетектөөчү кызматты ээлейт. Бул долбоорду ишке ашырып жаткан компаниялар түйүнүнүн ээси - Борбор Азиядагы магнат, аткезчилик жана акча адалдоо менен алектенген, мурда өзбек президентинин туугандары менен ишкердик байланышы болгон Хабибула Абдукадыр.

Акциялардын бир үлүшү эмне үчүн Каюмовдун энесине берилгенин сураганыбызда, Анвархужаев электрондук почта менен жиберген катында "анын үй-бүлөлүк абалына байланыштуу" экенин белгилеп, бирок чоо-жайын айткан эмес. Анын сөзүнө караганда, Матлюба Каюмова компанияны башкарууга эч аралашпайт.

Март айында Каюмов соода борборун Мирзиёевге көрсөтүп чыккан. Президенттин басма сөз кызматы ал иш-чаранын жана соода борборунун видеосун жарыялаган. Видеодо Каюмов Tashkent City Mall борборунда президентке көрсөткөн биринчи дүкөн - Умаровдун 7Saber спорттук бренди.

Ultimo Group фирмасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Дилёр Каюмов президент Шавкат Мирзиёевди «Ташкент Сити Молл» соода борборунда коштоп жүрөт. 5-март, 2024-жыл.
Ultimo Group фирмасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Дилёр Каюмов президент Шавкат Мирзиёевди «Ташкент Сити Молл» соода борборунда коштоп жүрөт. 5-март, 2024-жыл.

Анвархужаев электрондук почта менен жиберген катында Ultimo Group учурда "мунай-газ тармагында инвестициялык долбоорлор менен алектенип жатканын" айтып, көгүлтүр отун импорттобой калганын билдирди.

Ultimo Group Limited фирмасынын сайты түзүлгөндөн үч жылдан кийин оңдолууда деп жазылган боюнча ачылбай турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG