Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:31

Украина-Орусия: соода согушунун жүйөсү


Украина -- "Наступ" жарандык кыймылынын мүчөлөрү Орусиядан келген продукцияларды өрттөөдө. Киевдеги орус элчилигинин жанындагы акция, 16-август, 2013.
Украина -- "Наступ" жарандык кыймылынын мүчөлөрү Орусиядан келген продукцияларды өрттөөдө. Киевдеги орус элчилигинин жанындагы акция, 16-август, 2013.

14-августтан тарта Украина-Орусия чек арасында Украинадан келаткан товаралар дыкат текшерүүгө алынып, узун кезек күткөн машинелер пайда болду.

Абалды ылдам жөнгөрүү жана өз ара мамилени ого бетер курчутпоо максатында эки өлкөнүн президенттери телефондон баарлашкандан кийин вице-премьер-министрлердин пландан тыш кездешүүсү болду. Көпчүлүк серепчилер Москванын бул кадамын Украинаны Европа Биримдигине жакындатпоо жана Бажы Биримдигине тартуу аракети катары баалашты.

Кремлге ымаласы жакын талдоочу Сергей Марков Орусиянын бажы кызматынын Украинадан келген товарларды тыкыр текшерүүгө алуусу саясый себептен жасалган кадам деп билет. Москва түз айтканда, бул аракети менен Киевдин Европа Биримдиги менен ассоциациялык мүчөлүк тууралуу келишимге кол койдурбоо максатын көздөйт:

- Эгер Украина Европа Биримдиги менен береги (DCFTA) келишимге кол койсо, өз жанын өлүмгө айдайт, - дейт Мамдуманын мурдакы депутаты С. Марков. - Мен аны эркин соода зонасы жөнүндөгү келишим деп айта албайм. Брюссель бул жарым оторчул моделди Украинага Вильнюста сунуш кылганы жатат; эгер Украина Евробиримдиктен келген арзан жана сапаты пас товарларга эшигин ачса, Орусия Украинанын территориясынан келчү бардык товарларга өз эшигин автоматтык түрдө жабат.

Ассоциациялык мүчөлүк тууралуу Евробиримдик-Украина ортосундагы аталган келишимдин долбоору 12-августта украин өкмөтүнүн сайтында жарыяланган болчу.

Украинанын иш берүүчүлөр ассоциациясынын билдиришинче, чек арадагы бажы текшерүүлөрүнүн кесепетинен украин тарап 2013-жылдын экинчи жарымында 2-2.5 млрд. доллар чыгым тартышы ыктымал. Белгилей кетели, Москва июлдун аягында бул оюнду баштагандан тарта украиналык жүк ташуучуланр жана алардын кардарлары 1 тонна товар үчүн 50 доллар кошумча төлөөгө милдеттендирилген.

Адегенде “Роспотребнадзор” украиндердин “Рошен” шоколадынын курамында ден соолук үчүн зыяндуу химиялык элемент бар деп, киргизбей койгон.

Москвадагы КМШ өлкөлөр институтунун директору Константин Затулин да украиналык товарларды бажы кызматынын “кыйноого алуусун” эки арадагы саясый талаштын натыйжасы деп түшүнөт:

-Жалпы саясый көз караштан алганда, Орусия-Украина арасындагы ар кандай тыюу салуулар көпчүлүк учурда конкреттүү бир маселеге байланышпайт; ал Украинанын Евробиримдик менен эркин соода зонасын түзүүгө белди бууп бет алганынын кесепети.

Затулиндин айтымында, “Рошен” шоколады бутага алынган себеби, аны жасачу фабриканын ээси Петро Порошенко болгонунда. Затулин баамдагандай, ал Виктор Ющенко президент кезде тышкы иштер министрлигин жетектеп, Украинанын Брюссель менен жакындашуусу үчүн көп мээнет кылган:

- Сиз бир эле учурда Орусия менен экономикалык кызматташууга каршы үгүттөп жатып, Орусиянын базарында пайда табууңуз мүмкүн эмес.

Затулиндин сөзүнө караганда, Украина да, Орусия да Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болушканына карабай, Орусия Соода уюмунун жобосундагы жылчыктарды пайдаланып, украин тараптын арызын кароону бир нече жылга создуктура алат.

Украинанын мурдагы экономика министри Богдан Данилишин улуттук өкмөттү Орусиянын үстүнөн токтоосуз Дүйнөлүк соода уюмуна кайрылууга үндөдү. Анын Фейсбукта жазышынча, Киевдин Евробиримдик менен эркин соода келишимине кол койчу күн чукулдаган сайын, Орусия башындагы Бажы союзуна кирген өлкөлөрдүн ар кандай кытмырлыктары арбый баштайт экен.

Украинанын башкаруучу Региондор партиясынын парламенттик фракциясынын башчысы Анатолий Кинак мындан ары Москванын кысымы дагы күчөйт, андыктан өлкө экономикалык кызыкчылыгын коргоонун жолдорун ойлонушу керектигин айтат:

- Украинанын Орусия менен соодалашуусунун саясый мазмуну абдан чоң. Украина биротоло Евробиримдик менен ассоциацивтивдик жана эркин соода келишимине кол коём деп чечкенден кийин, кысым дагы көбөйөрүнө биз даяр болушубуз абзел. Биз экономикалык кызыкчылыгыбызды коргоонун чараларын өнүктүрүүбүз керек.

Ал эми Украинанын мурдакы президенти Виктор Ющенко соңку окуялар “Бажы биримдиги эрктүү мамлекеттердин экономикалык саясатын ыктыярдуу координациялоочу эмес, Кремлдин империялык мүдөөнү калыбына келтирүүнү көздөгөн долбоору экенин айкын кылды”, - деп айтты.

XS
SM
MD
LG