Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:48

Согуштан кайтып барган орусиялыктар 200дөй кишини өлтүрүп, майып кылганы маалымдалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда жалпысынан 200дөн ашуун адам Украинадагы согушка катышкандан кийин кайтып барган аскерлердин кордугуна кабылып, өлүмгө дуушар болгонун же жараат алганын ачык булактардагы маалыматка таянып «Вёрстка» басылмасы эсептеп чыкты.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдиришинче, согуш башталгандан бери үйүнө кайткан орусиялык аскерлердин колунан адамдар каза болгон окуялар боюнча «атайылап өлтүрүү», «өлүмгө алып келүүчү оор залака тийгизүү» деген беренелердин негизинде кеминде 84 кылмыш иши козголгон. Бул кылмыштардын натыйжасында 107 орусиялык жарандын өмүрү кыйылган, дагы жүздөн ашуунуна оор залака тийген.

Бул расмий каттоого алынган гана кылмыштар экени, 176 аскер кызматкери жоопко тартылганы, алардын 91и согушка абакта отурган жеринен ырайым берилип жөнөтүлгөндөр экени, айрымдарына өкүм чыгарарда сот алардын Украинага барып согушканын жазасын жумшартуучу жагдай катары эске алганы белгиленди.

Орусияда Украинадагы согушка абактагыларды тартуу системасы быйыл өзгөртүлдү: Коргоо министрлиги эми андайларды мурдагыдай ырайым бербей, шарттуу бошотуу жолу менен кабыл алууда. Алар башкалар сыяктуу эле "фронтто согуш аяктаганча жүрүү" келишимине кол коюуга милдеттүү.

Бирок мурдагы система боюнча абактан чыгып, жарым жыл согушкандан кийин эле үйүнө кайтып барган кылмышкерлер коом үчүн чоң коркунучка айланып жатканын талдоочулар айтууда. "Сибирь.Реалии" алардын өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүргөн, кордогон, уурулук кылган, маңзат тараткан кылмыштары тууралуу баяндаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG