Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:38

Европанын китепканаларынан 170 сейрек китеп уурдаган топ кармалды


Уурдалган китептер.
Уурдалган китептер.

Европанын белгилүү китепканаларынан сейрек китептерди уурдаган шек менен Грузияда, Эстонияда, Латвияда, Литвада жана Францияда жалпысынан тогуз киши кармалганын, алардын төртөө грузин жарандары экенин Европолдун басма сөз кызматы билдирди.

Полициянын маалыматына караганда, баалуу антиквариатка айланган китептерди уурудаган, кылмыштуу топ жалпысынан Европанын китепканаларынан 170 китепти чыгарып кетишкен. Мунун айынан китепканаларга жалпы суммасы 2,5 миллион евролук, ал эми коомчулукка «өлчөөгө мүмкүн болбогон материалдык чыгым» келтирилгени белгиленди.

Шектүүлөрдөн 150 китеп алынганы, алардын бирин китепканага кайтарып беришкени, уурдалган китептердин айрымдарын шылуундар Москвадагы жана Санкт-Петербургдагы аукциондор аркылуу сатып жиберүүгө үлгүрүшкөнү маалымдалды.

Китептер 2022 жана 2023-жылдары уурдалган, алардын көбү орус жазуучуларынын сейрек басылмалары – мисалы, Александр Пушкиндин жана Николай Гоголдун биринчи китептери. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG