Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:36

Москва Украинага соода шартын каңкуулады


Президенттер Янукович менен Путиндин Ялтадагы кездешүүсү, 12-июль, 2012-жыл
Президенттер Янукович менен Путиндин Ялтадагы кездешүүсү, 12-июль, 2012-жыл

22-октябрда Украина президенти Виктор Янукович Орусия лидери Владимир Путин менен кездешүүгө Москвага келди.

2010-жылы Украинада Янукович батышчыл Виктор Ю́щенкону жеңип, президент шайланганда Киев-Москва алакасы эми оңолот деген божомолдор көп айтылган. Бирок андан берки эки жарым жыл эки өлкөнүн мамилеси дале татаал экенин айгинеледи.

Виктор Янукович президенттикке келгенден кийин үч ай өтпөй ошо кездеги Орусия президенти Дмитрий Медведев менен Москва үчүн стратегиялык жактан өтө маанилүү келишимге кол койгон. Бул келишим Орусиянын Кара деңиз флотун Крымда 2042-жылга чейин калтырат.

Тамаша сүрөттө В. Путин жана Д. Медведев В. Януковичти "мышыкты сылап кой" деп сурашууда. Украина.
Тамаша сүрөттө В. Путин жана Д. Медведев В. Януковичти "мышыкты сылап кой" деп сурашууда. Украина.
Украина быйыл августта Москванын кулагын сүйүнткөн дагы бир кадам жасап, орус тилине мамлекеттик тил макамын берди. Бирок Януковичтин Кремль каалгандай, Орусия, Беларус, Казакстан курамындагы Бажы союзуна кошулууга ынтаасы жоктой. Июль айында өткөн Ялтадагы жолугушууда президент Путин Украинаны Бажы союзуна чакырганда, Янукович ырахматын айтып, өтө сылык жооп берип кутулган.

"Ар кандай интеграция пайда гана алып келет", - деди президент Янукович. "Бизди Бажы союзундагы интеграция жараянына кошулганга чакырышты. Бул сунушка биз абдан ыраазыбыз. Бул өтө жакшы. Келечекте эмне болот, аны көрө жатарбыз".

Бирок Януковичтин бир ирет Украина Бажы союзуна кошулушу ыктымал деп, бирок ал үчүн адегенде Конституцияга тийиштүү түзөтүү киргизүү керек деп айтканы да бар.

Киевди Москвага кылчайып иш жүргүзүүгө мажбурлаган негизги нерсе - бул газ. Октябрдын башында Украинанын премьер-министри Микола Азаровдун билдиришинче, Москва ачыктан ачык эле Бажы союзуна кошулар замат, газды 160 доллардан ала баштайсыңар деп шарт койгон. Азыр Украина 1000м3 газ үчүн Орусияга 420 доллар төлөйт.

Олигархтардын оюну жана Москванын саясаты

Эндрю Вильсон Европанын Тышкы байланыштар кеңешинин улук изилдөөчүсү. Анын баамында, энергетика тармагындагы кээ бир украиналык олигархтар Орусия менен тыкыс байланышка кызыкдар болууда. Ал эми Европа менен соода кылган, же Европада мүлк-дүйнөсү бар, же Европанын фондулук рыногунда акциялары катталган ишкерлер Бажы союзуна кошулуу Батыш менен болгон экономикалык карым-катнашка зыян тийгизбеши керек деп санашат. Янукович олигархтарга таянган президент болгондуктан, эң алды алардын кызыкчылыгына ылайык иш жүргүзөт.

Кремль бир жылдары экс-советтик өлкөлөрдүн НАТОго кошулуусун жактырбаганын ачык айтып, алардын Евробиримдик менен тыкыс кызматташуусуна эч каршылыгы жоктой көрүнгөн. Бирок 2009-жылы Евробиримдик "Чыгыш өнөктүгү" демилгесин кабыл алгандан кийин мурдагы көз карашын өзгөрткөн. Береги долбоор Евробиримдиктин Азербайжан, Армения, Беларус, Грузия, Молдова жана Украина менен стратегиялык мамиле куруусуна, ошондой эле эркин соодалашуусуна дарбаза ачкан.

- Орусия "Чыгыш өнөктөштүгү" кабыл алынгандан кийин кескин өзгөрдү. Бул чынында Орусия корчу нерсе эмес болчу. Орусия демейде бардык нерселерди өз кызыкчылыгынан туруп баалаганга уста. "Чыгыш өнөктөштүгү" чынында жогоруда айтылган өлкөлөрдү кошуп алчу геосаясый кадам эмес эле.

Орусиялык серепчи, Мамдуманын мурдагы депутаты Сергей Марковдун пикиринче, Кремлде украин олигархтары менен Батыш арасындагы байланыш Киев-Москва мамилесин жакшыртууга жолтоо болууда деп ойлошот.

"Украинада олигархтык топтор аябай күчтүү жана бийликке болгон таасири да өтө зор. Алар бардык инструкцияны Батыштан алат",- дейт Марков. "Батыш банктарында акчасы, жеринде кыймылсыз мүлкү жайгашкан. Алар Украиндагы мүлктөрүн оффшордук кампаниялар аркылуу башкарышат. Алар Батыштык төбөлдөрү менен араздашкандан чочушат жана Украина-Орусия байланышы жакшы болуп кетпесин деп аракет кылышат".

Ошол эле мезгилде украин олигархтары орусиялык атаандаштарынан коркушат. “Анткени, орус олигархтары Кремлге таянып, Украин жеринде үстөмдүк кылып кетет деп коркушат. Батыш да Украина-Орусия алыш-бериши жакшы болуп кетпеси үчүн колдон келгендин баарын жасоодо”, - деген ишенимде Марков.

Киевдик саясый талдоочу Юрий Рубандин байкашынча, Украина Бажы союзуна кошулмайынча, Москва Киев менен кайсы бир олуттуу маселелерди түз отуруп сүйлөшпөйт. Москванын тымызын көздөгөнү "Украинага саясый жана экономикалык жактан өкүмзордук кылуу", - дейт Рубан:

Украинанын күнкорсуз мамлекет катары өмүр сүрүүсү, Владимир Путиндин сөзү менен айтканда,”XX кылымдын эң чоң геосаясый катастрофасы.” Кремлдин саясаты “Орусия дүйнөсүн” кайра курганга багытталган. Идеологиялык максаттан башка да азыр бийликти кармап турган жана жаңы рынокту издеген орусиялык ири капиталдын нактай прагматикалык да кызыкчылыгы бар.

Москва бул ирет Виктор Януковичке кандай азгырма долбоор сунуш кылат, ал Кремлдеги сүйлөшүүдөн соң билинет.

XS
SM
MD
LG