Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:49

Владимир Путин Кытайга барарын айтты


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусия президенти Владимир Путин май айында Кытайга барганы жатканын 25-апрелде Москвада Орусиянын Өндүрүшчүлөр жана ишкерлер съездинде сүйлөп жатып билдирди. Сапарынын так датасы жана максаты тууралуу ал эч нерсе айткан жок.

Орусиянын Украинага кол салгандан кийин экономикалык жана дипломатиялык изоляцияда калган абалы, талдоочулардын пикиринде, барган сайын тереңдөөдө. Бул жагдай анын «кансыз согуш» маалында коммунисттик блоктогу лидерлик үчүн тымызын күрөштөгү негизги атаандашы болгон Кытайдан көз карандылыгын күчөтүүдө.

Кытай лидери Москва Украинага согуш ачкандан бери алгачкы жолу Орусияга 2023-жылы мартта барган. Бир катар экономикалык долбоорлор талкууланган.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Майк Жонсон өткөн аптада Украинага жардам тууралуу мыйзам долбооруна добуш берилгенден кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Путинди жана Сини "кооптуу лидерлер" деп атаган.

Орусия Украинадагы согушу үчүн айыптоолорду четке кагып, изоляцияда калбаганын, экономикасы өнүгүп жатканын, туура жолдо баратканын айтып келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG