Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:05

БШК Мадумаровдун мандат маселесин карайт


Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 26-апрелдеги отурумунда тергөө абагынан чыккан депутат Адахан Мадумаровдун иши боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун ѳкүмүн аткаруу маселесин карайт. Бул тууралуу БШКны күн тартиби тууралуу маалыматта айтылат.

Боршайком өкүмдүн негизинде депутатты мандаттан ажыратуу же ажыратпоо чечимин чыгарат.

Жети айдан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында жаткан Адахан Мадумаров соттун чечимине ылайык 26-апрелге караган түнү боштондукка чыкты. Бул күнү биринчи инстанциянын чечиминин күчүнө киргенине 30 күн болду.

26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Мадумаровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Саясатчы чечим мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин абакта калтырылган. Бул аралыкта анын адвокаттары райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотко даттанган эмес.

Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров тергөө абагынан чыккан соң журналисттерге учкай комментарий берип, жогорку инстанцияга кайрылууга дагы убакыт бар экенин билдирген. Мадумаров мыйзамга ылайык, соттун чечимине каршы даттанууга чечимди колго алгандан 30 күнгө чейин убакыт бериле турганын, ал чечимди 16-апрелде колуна алганын айтты. Саясатчы ага коюлган айыптардын баары негизсиз экенин кайталап, “мунун баары анын мандатын алуу үчүн болуп жатканын” белгилеген.

Бишкек шаардык соту жана чечим кабыл алган Биринчи май райондук соту Адахан Мадумаровдун абактан чыгышы жана анын соңку билдирүүлөрү боюнча расмий комментарий бере элек.

Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген.

Биринчиси - Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралганын билдирген. Саясатчы ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.

Экинчиси - Чыңгыз Абдымомунов аттуу жаран 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган. Бул ишке байланыштуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаевге да айып коюлган.

Мадумаров 2023-жылы 2-сентябрда кармалган. Ошондон бери УКМКнын тергөө абагында отурду. Оппозициялык саясатчы өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, соттун чечимин “жапайычылык” деп баалаган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG