Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:05

Кыргызстандык он баланын жүрөгүнө Кытайда операция жасалды


Кытайда жүрөгүнө операция жасалган балдарды тосуп алуу учуру. "Манас" аэропорту, Бишкек. 26-апрель, 2024-жыл.
Кытайда жүрөгүнө операция жасалган балдарды тосуп алуу учуру. "Манас" аэропорту, Бишкек. 26-апрель, 2024-жыл.

Кытайдын Хэнань шаарындагы ооруканада жүрөгүнө операция жасалган он бала 26-апрелде Кыргызстанга кайтып келди. Аларды "Манас" аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень жана балдардын жакындары тосуп алышты.

Эдил Байсалов балдардын жүрөгүнө Кытайда операция жасап, дарылоо демилгеси биринчи айым Айгүл Жапарова негиздеген "Эне - балага тирек" кайрымдуулук фондуна таандык экенин белгилеп, аны ишке ашырууга көмөктөшкөн элчиликке ыраазычылыгын билдирди.

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень эки өлкөнүн ортосундагы гуманитардык кызматташтыктын маанисин белгилеп, саламаттыгы жакшырган балдар үчүн кубанычта экенин айтты.

Министрлер кабинетинин маалыматына караганда, операция жүрөгүндө тубаса кемтиги бар балдарга жүргүзүлдү.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматында, жыл сайын төрөлгөн балдардын 4-6 % жүрөктүн тубаса кемтик оорусу болот. Алардын ичинен 30-40% көз жумат.

Адистер мындай дартты айыктыруу абдан кымбат жана балдардын майып болуп калуу коркунучу жогору болгондуктан, чоң суммадагы каражат талап кылынарын айтып келишет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG