Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:08

«ГАЗПРОМ» УКРАИНАНЫ ГАЗ БЕРҮҮНҮ АЗАЙТАМ ДЕП КОРКУТУУДА


Москва-Киев ортосунда кайрадан газ чатагы чыкты. Орусиянын “Газпром” компаниясы карызга шылтап, шейшемби күнү Украинага газ берүүнү кыскарта турганын эскертти. Бул маселе Украинанын президенти Виктор Ющенконун Орусиянын лидери Владимир Путин менен бүгүн Москвада болчу сүйлөшүүсүндө да талкууланат.

“Нафтогаз” компаниясы 11-февралга чейин 1, 5 миллиард доллар карызын төлөбөсө, “Газпром” Украинага газ берүүнү азайтарын өткөн бейшемби күнү эскерткен эле. Газды азайтууга дүйшөмбү күнү Москвага шашылыш келген “Нафтогаздын” делегациясы жол бербеди. Эгер тараптар шейшемби күнү өз ара мунасага келишпесе, “Газпром” Украинага орус газын берүүнү токтотуп, Борбор Азия газын өткөрүүнү азайтат.

Украина керектеген газынын 75 процентин Борбор Азиядан, 25 процентин Орусиядан алат жана ар бир миң кубметри үчүн 180 доллардан төлөйт. Ошол эле учурда Орусия газды Европанын базарына 230 доллардан сатат.

Москва-Киев ортосундагы бул жолку газ чатагы 2006- жылкыдай Европаны газ менен камсыздоого таасир этпейт. Орусиянын биринчи вице-премьери Сергей Иванов өткөн жумада болгон Мюнхендеги конференцияда отун энергиясы боюнча Москва келишимдерди так аткарат деп убада кылган. Мындай убаданы дүйшөмбү күнү Украин премьер-министри Юлия Тимошенко да берди:

-Украина Орусиянын газын өз территориясы аркылуу өткөрүүдө Евробримдиктин ишенимдүү өнөгү бойдон кала берет.

Тимошенко, учурдан пайдаланып, газдын наркын көтөрүп жиберген ортомчу компанияларды сүрүп чыгуу аракетин кылууда. Вице-премьер Турчиновдун сөзүнчө, “Нафтогаз” “Газпром” менен түз келишим түзүлсө гана бардык борчту төлөөгө макул. Ал эми “Газпромдун” өкүлү Сергей Куприяновдун билдиришинче, адегенде бардык карыз төлөнүш керек:

-Жаңы жолдун схемасы жөнүндө сөз кылуу үчүн, мурдакы схема боюнча бардык карыздар жабылыш керек.

Президент Ющенко болсо Украина Орусиядан газды көпчүлүк коңшу өлкөлөргө караганда арзан баада аларын айтып, келишимди кайра кароо бааны жогорулатып жибербейби деп чочулап турат.

Орусиянын 1-вице-премьер-министри Дмитрий Медведев 11-февралда Волокаламскдагы компрессордук станцияда болгон кездешүүдө көгүлтүр отун кайсы өлкөгө болбосун базар баасынан арзан сатылбасын эскерте кетти:

- Биз газыбызды коңшу өлкөлөрдөгү айрым бир өнөктөштөрүбүз таарынса да базар наркында сатышыбыз керек. Газ оңой өндүрүлбөшүн баарыбыз түшүнөбүз. Муну биздин өнөктөштөрүбүз да билиш керек.

Буга караганда, Орусия акырындап Украинага сатылчу газдын баасын дагы жогрулатат сыяктуу.

XS
SM
MD
LG