Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:11

Украина: Евро же Бажы биримдик?


Президент Янукович Евробиримдиктин лидерлери менен. Брюссель, 25-февраль, 2013-жыл.
Президент Янукович Евробиримдиктин лидерлери менен. Брюссель, 25-февраль, 2013-жыл.

Евробиримдик менен Украинанын кезектеги саммитинде эки тарап алакасын тереңдетиш үчүн “тарыхый мүмкүнчүлүк” жаралып турганы айтылды. Бирок Брюссел адаттагыдай эле Украинадан бул үчүн чечкиндүү реформаларды талап кылды.

Евробиримдик менен Украинанын он алтынчы саммитинде билингендей, расмий Киевдин алдында азыр эки тандоо бардай. Биринчиси - Батыш чек арасы – Евробиримдик менен эркин соода келишимине жетишүү. Экинчиси - Чыгыш чек арасы – Орусия утур-утур чакырып жаткан, Кыргызстан да кирүүнү көздөгөн Бажы биримдиги менен кызматташуу же кошулуу.

Айрылыш жол

Евробиримдиктин аткаруучу органы - Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэл Баррозо саммиттен кийинки басма сөз жыйында белгилегендей, Украина бир эле учурда Бажы биримдигине да кирип, ошол эле кезде шаркет менен соода алакасын тереңдете албайт.

Украин президенти Виктор Янукович болсо ушул эле басма сөз жыйында өлкөсү Бажы биримдиги менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн караштырарын, бирок андай кызматташтыктын модели азырынча жоктугун айтты.

Евробиримдиктин президенти Херман ван Рөмпейдин пикиринде, азыр Киевдин шаркет менен алакасы тереңдеши үчүн “тарыхый шарт” жаралууда жана Вильнюста быйыл ноябрда өтүүчү Чыгыш өнөктөштүгү саммитинде эки тараптын Ассоциация жана Эркин соода келишимине кол коюу мүмкүнчүлүгү бар.

Бирок бул үчүн Киев эң кеч дегенде май айына дейре олуттуу жана сезилерлик жылышты көргөзүүсү абзел:

- Биз Евробиримдик конкреттүү критерийлерди аныктаган маанилүү үч чөйрөгө көңүл бурдук. Атап айтканда, тандалма сот адилеттиги, шайлоолор жана ассоциация келишими үчүн талап кылынган реформалар. Мен Евробиримдиктин чечкиндүү аракеттер жана бул чөйрөлөрдөгү көзгө көрүнөрлүк жылыш жөнүндөгү чакырыгын кайталадым. Сот адилеттиги иргелме болбошун камсыздоо үчүн сот тармагында системалык реформалар зарыл.

Кечээги саммиттин соңуна Евробиримдик Украинанын бюджетин колдоо үчүн алдыдагы жылдары Киевге 610 миллион евро же 810 миллион доллар насыя ажыратары да айтылды.

Президент Виктор Янукович саммитте жетишилген макулдашууларды комментарийлеп, буларды айтылды:

- Биз Украинанын шайлоо мыйзамын жана сот системасын жакшыртуу боюнча кадамдарын деталдуу талкууладык. Сот реформасы боюнча Евробиримдик менен Украинанын жакында башталган диалогу бул жаатта маанилүү роль ойнойт деген ишенимдемин. Украина визалык режимди либералдаштыруу боюнча аракеттенүү планынын биринчи баскычын аяктады. Жакында өзүбүздүн жыйынтык отчетубузду Еврокомиссияга беребиз. Бул Евробримдик Украина үчүн визаны либералдаштыруу боюнча аракеттенүү планынын экинчи баскычын баштоосуна жол ачат.

Украинада мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенконун камалып, соттолушун Батыш өлкөлөрү кескин сындаганы маалым. Мындан улам Евробиримдик демократиянын болочогу жана сот системасын кыянат пайдалануу жагынан тынчсыздануулар четтетилмейинче, кандайдыр бир олуттуу кызматташтык мүмкүн эместигин айтып келишкен.

Тимошенко жана анын жактоочулары премьердин соттолушун саясий куугунтук катары баалашса, президент Янукович баштаган бийлик мындай ырастоолорду төгүндөгөн.

Бирок жакындан бери украин прокуратурасы мурдагы кылмыш иштерине кошумча Тимошенкону мындан он жети жыл мурда таанымал ишкерди өлтүрүүнү уюштургандардын бири деп шек саноодо.

"Януковичсиз Украина"

Ассошейтед пресс” агенттиги жазгандай, мындай кырдаалда Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү эки максатты тең салмактоого аракеттенип жатышат.

Бир жагынан алар каржылык жардам жана эркин соода келишимин сунуш кылуу менен Украина Орусиянын кучагына кирбестен, Батышка ыктоосу үчүн умтулушууда.

Экинчи жагынан мыйзам үстөмдүгү, адам укуктары дегенде Евробиримдик айтканынан кайтпашын көргөзүшүүдө. Сот системасы Украинада саясий максатта да колдонулат жана бул көрүнүш эки жактын алакасына тоскоолдук кылууда деген маселе күн тартибинде мына ушул жүйөдөн улам турат.

Украин оппозициясынын Киевдеги митинги. 25-февраль, 2003-жыл.
Украин оппозициясынын Киевдеги митинги. 25-февраль, 2003-жыл.
Брюсселдеги саммит Виктор Янукович президенттик кызматка келгенинин үч жылдыгына тушташ өттү. Украин оппозициясы бул датаны кечээ борбор Киевде жана башка шаарларда нааразылык акциялар менен белгиледи.

Оппозиция лидерлеринин бири Александр Яценюк Киевдеги демонстрацияда:

- Биз Янкуович менен Евробиримдиктин мүчөсү боло алабызбы? Жок! Дагы бир жолу жок! Биздин ураан: Украина Европа менен! Украина Януковичсиз!!!

Өзү Евробиримдик менен Украина мамилени жаңы деңгээлге көтөрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү беш жылдан бери жүргүзүп келе жатат. Эгер чындап эле быйыл күздө Ассоциация жана Эркин соода келишимине кол коюлса, Украина шаркеттин базарына интеграцияланып, Киев саясий жактан да Брюсселге жакындайт.

Анткен менен президент Янукович Еврошаркет талап кылган реформаларды ишке ашыра аларынан күмөн санаган эксперттер да жок эмес.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG