Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:22

Магомедов боюнча дарыгерлерге иш козголду


ИИМ Заур Магомедов ооруканада жаткан кезде кылмышка аралашканы тууралуу маалымат таратты.
ИИМ Заур Магомедов ооруканада жаткан кезде кылмышка аралашканы тууралуу маалымат таратты.

Токтогул шаарында атып өлтүрүлгөн Заур Магомедовго байланыштуу Кызыл-Жардагы психиатриялык оорукананын дарыгерлерине кылмыш иш козголду.

Өткөн жекшембиде Балыкчыда эки милиция кызматкерин атып качып кеткен Магомедов аталган ооруканада дарыланып жаткан. Күч органдары Магомедов ооруканага каалаган убагында келип-кетип жүргөнүн, атүгүл дагы башка кылмышка аралашканы тууралуу маалымат таратты.

Бул окуя айрыкча киши өлтүрүү өңдүү оор кылмышка шектелген кээ бир адамдар акыл-эси жайында эмес деген жалган маалымдама менен жазадан кутулганга аракет жасайт деген доомат-талкууга жем таштады.

Жалал-Абаддагы Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар айылындагы психиатриялык ооруканада кайтарууга алынган жана алынбаган бөлүмдөр бар. Оорукананын жетекчиси Гүлнура Миңбаеванын “Азаттыкка” билдиришинче, Заур Магомедов кайтарууга алынбаган – мажбурлап дарылоо бөлүмүндө 1,5 жылга жакын убактан бери дарыланып жаткан жана 5-февралдан 6сына караган түнү качып кеткен:

- Мажбурлоо бөлүмүндө соттун чечими менен гана жатат. Мунун дарылоосу бүтө элек болчу. 6 -февралга караган түнү бөлүмдөн качып чыккан. Бул тууралуу Таш-Көмүр шаарынын милициясына, прокуратурасына жана Чүй милициясына маалымдама кеткен.

Бирок Таш-Көмүр шаарынын милиция башчысы Марат Шайбеков Заур Магомедов тууралуу психиатриялык ооруканадан эч кандай маалымдама келип түшпөгөнүн айтууда:

- Эгер оорукананын 8 - кайтарууга алынган бөлүмүнөн качып кетсе анда биз издөө жарыялайбыз. Оорукананын жалпы режиминде жаткандар кайтарылбайт. Ал жактан качып кеткени тууралуу мага маалымат берилген күндө деле мен эч нерсе кыла албайм. Анткени ал жак кайтарылбайт. Дарыгерлер өздөрү жалпы бөлүмгө чыгарып жатпайбы.

28-жаштагы Заур Магомедов менен 43 жаштагы Бердимурат Арчаев 10-февралда Токтогул шаарында колго түшүрүү боюнча милициянын операциясы маалында атып өлтүрүлгөн. Алар андан бир күн мурун Балыкчыда эки милиция кызматкерин атып, из жазгырып кеткени маалым болгон.

Ички иштер министрлигинин Уюшма кылмыштуулукка каршы күрөш башкармалыгынын жетекчиси Рафик Мамбеталиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Магомедов ооруканада ээн-эркин жүргөн, каалаган убагында кетип кала алган. Былтыр декабрь айында Бишкекте карактоого барганы маалым болгон:

Заур Магомедов
Заур Магомедов
- Магомедов 2004-жылы төрт таксистти өлтүрүп, издөөдө жүргөн. Казакстанга качып кетип, 2006-жылы казак паспортун жасатып алган. 2009-жылы ал жактан да каракчылык кылган. 2011-жылы кармалган. “Акыл-эси жайында эмес" деп Алматы облусуна психиатриялык ооруканага жөнөтүлгөн. Ал жактан 2012-жылы Кыргызстанга алынып келгенде Казакстанда чыгарылган корутунду боюнча эле Кызыл-Жарга жаткырып коюшкан. Ал деген коомчулукка кошулбай, өзүнчө кармалышы керек болчу. Булар: Заур Магомедов, Бердимурат Арчаев жана дагы бир адам болуп өткөн жылы декабрда милициянын формасын кийип Бишкекте бир үйдү карактап, 50 миң долларын алып кетишкен. Анын видеосъемкалары бар. Көрсөтмөлөрү бар. Үчүнчү шериги азыр Свердлов милициясында камакта. Эгер ооруканада жатса, Бишкекке келбейт эле да. Анан 31-декабрда жанагы BMW үлгүсүндөгү унааны реклама аркылуу сатып алышкан.

Бул окуя айрыкча киши өлтүрүү өңдүү оор кылмышка шектелгендер ар кандай айла - амал менен "акыл-эси жайында эмес" деген маалымдама алып, абакка эмес ооруканага жатып алат деген доомат - талкууну жандантты.

Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов мындай адамдар арасында бир канча кылмыш кылгандар бар экенин белгиледи:

- Кыргызстанда мындай тажрыйба дагы деле болсо колдонулуп келатат. Буга ИИМ эч кандай таасир эте албайт. Себеби, ошол адамдын акыл-эси ордунда эмес деген бүтүмдү дарыгерлер чыгарат. Биздин мыйзам боюнча, акыл-эси жайында эмес деген тастыктамасы бар адам кийин дагы кылмыш кылса деле аны жоопкерчиликке тартуу мүмкүн эмес. Ошондуктан ушундай тастыктаманы алып, ооруканадан чыккандан кийин дагы кылмышка баргандар көп кездешип жатат.

Кылмышка шектелген адамдын психикалык абалын текшерүүгө Республикалык психо-неврологиялык диспансердин дарыгерлери катышат. Бул оорукананын жетекчиси Урайымжан Исмаилов “акыл-эси жайында эмес" деген жалган маалымдама берет деген дооматты четке кагууда:

- Көп учурда такталбаган маалыматка таянып алып ушундай дооматтарды кое беришет. Ар бир чыгарылган чечимге үч дарыгер жоопкерчиликти алып кол коюп берет. Эгер алар туура эмес тыянак чыгарса, кылмыш жообуна тартылат. Ушул убакка чейин мындай кылмыш иш бир дагы дарыгерге козголо элек. Баары эле ушак катары, такталбаган сөз катары эле айтылып келатат. Ушундай куру дооматтардан тажап бүттүк.

Ушул тушта Заур Магомедовдун айынан Кызыл-Жардагы психиатриялык оорукананын дарыгерлерине “шалаакылык” беренеси боюнча кылмыш иш козголуп, териштирүү башталды. Кыргызстанда эки психиатриялык оорукана бар. Кызыл-Жарда гана соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүлөт. Бул ооруканадан качып кеткен, дарыгерлерге кол салган учурлар буга чейин да болгон.

XS
SM
MD
LG