Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:57

Украина: АКШнын жардамы согуштун нугун өзгөртөбү?


ATACMS узак аралыкка сокку ура алчу ракетасы.
ATACMS узак аралыкка сокку ура алчу ракетасы.

24-апрелдин кечинде АКШнын президенти Жо Байден Украинага кошумча аскердик жардам караган мыйзамга кол койду. Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Согушту иликтөө институту билдиргендей, жакынкы күндөрү фронтто айыгышкан кармаштар уланып, украин армиясы айрым тилкелерде артка чегиниши ыктымал.

Анткен менен Батыштын жардамында орус күчтөрүнүн мизин кайтарып, июнь айына карата күчүн калыбына келтире алары белгиленген.

АКШнын аскердик жардамы фронттогу кырдаалды өзгөртүшү мүмкүнбү? Орусия Украинага жаңы курал-жабдыктын, анын ичинде ATACMS сыяктуу узак аралыкка сокку ура алчу ракеталардын жеткирилишине кандай реакция жасап жатат?

АКШ президенти Жо Байден Украинага 61 миллиард долларлык жардам бөлүүнү караган мыйзамга кол койгондон кийин бир нече сааттын ичинде Киевге аскердик жардам жөнөтүлө баштаарын билдирди.

Украинага кошумча жардам бөлүү маселеси дээрлик жарым жылдай Конгрессте кармалып турду. 21-апрелде аны Өкүлдөр палатасы, ал эми 24-февралда Сенат жактырды.

Расмий Киев жардам кечиккен сайын адам өмүрү тобокелге салынып, өлкө аймагын жоготуу коркунучу көбөйгөнүн улам айтып жатты.

Киевге алгач бир миллиард долларлык курал-жабдык жөнөтүлөт. Анын ичинде ATACMS сыяктуу узакка сокку ура алчу ракеталар, абадан коргонуу системалары, артиллериялык снаряддар, танктарга каршы системалар жана башка аскердик жабдыктар бар.

Каралган 60,84 миллиард доллардын 23ү америкалык курал-жабдыктын ордун толтурууга, 11 миллиарды Украинадагы АКШнын аскердик операцияларын каржылоого жана 14 миллиарды курал-жабдык жана коргонуу каражаттарын сатып алууга сарпталат. Андан тышкары Киевге экономикасын кармап туруу үчүн 7,85 миллиард доллар насыя берилет.

Баса, 300 чакырымга чейин сокку ура алчу ATACMS ракеталарын буга чейин эле Вашингтон Киевге жашыруун жеткиргенин Reuters жана Associated Press агенттиктери өз булактарына таянып жазышты. Канча санда экени так белгисиз. Бул маалыматты Ак үйдүн өкүлдөрү да ырасташты.

"Сиздер буга чейин уккандай эле, февралда президент өз командасына Киевге ATACMS ракеталарын Украинанын суверендүү аймагында колдонуу үчүн жеткирип берүүнү тапшырганын ырастай алам. Ракеталардын партиясы 12-мартта президент бекиткен пакеттин алкагында жеткириле баштаган. Бул ракеталар Украинага жетти", - деди Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан.

Запорожье облусундагы фронт тилкесинде артиллериялык снаряддарды даярдап жаткан украиналык аскер. 14-январь, 2024-жыл.
Запорожье облусундагы фронт тилкесинде артиллериялык снаряддарды даярдап жаткан украиналык аскер. 14-январь, 2024-жыл.

Салливан кошумчалагандай, Украина бул ракеталарды оккупацияланган аймактардын чегиндеги чабуулдар үчүн гана колдонуп, Орусиянын аймагына сокку урбоого убада берген.

Маалыматка караганда, сөз болуп жаткан ракеталар 17-апрелдин таңында аннексияланган Крымдагы орусиялык аэродромго сокку уруу үчүн колдонулган. Ал фронт тилкесинен 165 чакырым алыстыкта жайгашкан. AP агенттигинин булагы соккулар ошондой эле оккупацияланган аймактагы орус армиясынын турумдарына да жасалганын айткан.

Президент Байдендин администрациясы узакка сокку ура алгыдай ракеталарды Украинга берүү маселесин бир нече ай талкуулады. Пентагон бул АКШ армиясынын коргонуу мүмкүнчүлүгүн төмөндөтөрүн айтып каршы болуп келген.

Андан тышкары Украина бул ракеталарды Орусиянын аймагына сокку уруу үчүн колдонушу мүмкүн деген кооптонуулар бар эле.

Байкоочулардын айтымында, Киевге ракетанын мындай түрүн берүү чечими Орусия Түндүк Кореядан алган баллистикалык ракеталарын Украинада колдоно баштагандан кийин кабыл алынды. Андан тышкары Украинанын маанилүү инфратүзүмдөрүнө жасалган орус соккуларынын активдешкени түрткү болду.

АКШнын аскердик жардамы фронттогу кырдаалды өзгөртүшү мүмкүнбү?

Bloomberg агенттиги жазгандай, АКШнын аскердик жардамы орус армиясынын жок дегенде алдыга жылышын жайлата алат, бирок фронттогу кырдаалды толук өзгөртпөйт.

Орусия мурдагыдай эле абада, артиллерияда жана аскерлердин саны боюнча алдыда экенин басылма белгилейт. Ал эми Украинадагы Коргонуу стратегиялар борборунун эксперти, дипломат Александр Харанын эсебинде Жаңы курал-жабдык жана техниканы алуу менен украин аскерлери согуш талаасындагы позицияларын кыйла жакшыртышат:

"Бул жуманын соңуна чейин эле кырдаал өзгөрүшү мүмкүн, анткени америкалыктар Украина үчүн багытталган аскердик жүктөрдү Киевге тезирээк жеткирүү үчүн европалык базага жайгаштырып коюшкан”,-деген эксперттин эсебинде америкалык курал-жабдыктын жеткирилиши көпкө созулганына карабастан, орус армиясы фронтто алгылыктуу ийгиликтерге жете алган жок. Айтымында, бул маалда украин армиясынын бөлүктөрү европалык өнөктөштөрдүн колдоосу менен коргонуп жатышты.

"Мен окуппацияланган украин аймактары тез бошотулары тууралуу айткан жокмун, болгону мындай курал-жабдык орус армиясына Украинанын аймагына терең киришине жол бербейт. Украин куралдуу күчтөрү жетиштүү күч жана каражат алгандан кийин контрчабуулга киришүүсү мүмкүн. Мындай кырдаалга Батыш мамлекеттеринин Украинага F-16 согуш учактарын бериши түрткү болот. Бул жаздын соңунда же жайында ишке ашуусу мүмкүн. Мындай учактардын бир нечеси деле абадан коргонууну бекемдейт", - дейт Хара.

Адистердин айтымында, украин армиясы бир гана снаряд, абадан коргонуу системалары, танктар жана башка техника эле эмес, тажрыйбалуу аскерлер да керек.

Буга чейин украин президенти Владимир Зеленский Орусиянын армиясы 9-майга карата Часов Яр шаарын басып алууну көздөп жатканын айткан. Аскердик эксперттердин пикиринде, америкалык курал-жабдыкты колдонуу менен сөз болуп жаткан шаарды коргоп калуу мүмкүнчүлүгү бар.

АКШ Конгресси Украинага аскердик жардам бөлүү тууралуу мыйзамды бекиткенден кийин Европа мамлекеттерине дагы жол ачылды.

Европанын аскердик жардамы

Бул аптада Литва Украинага M577 брондолгон машинелердин партиясын жөнөттү.

Ал эми 23-апрелде Британиянын өкмөт башчысы Риши Сунак Польшага барган маалда 500 миллион фунттук кошумча аскердик колдоо көрсөтүп, бул жылы Лондон Киевге бөлө турган жардамдын жалпы суммасын үч миллиардга көтөрөрүн билдирди.

Биринчи кезекте курал-жабдык, абадан коргонуу системалары жана дрондор жөнөтүлөт. Андан тышкары Британ аскердик мекемеси украин армиясына кошумча жогорку тактыктагы, узак аралыкка сокку ура алуучу Storm Shadow ракеталарын берүүнү көздөп жатат.

Орусиянын позициясы

Кремль эгер Киевге ATACM ракеталары жөнөтүлсө, Орусия Украинанын аймагындагы “буфердик зонаны” кеңейтерин 24-февралда эскертти.

"АКШ бул жаңжалга түз кийлигишип жатат. Алар өзүлөрү жеткирген курал-жабдыктын сокку ура алгыдай күчүн арттырып жатышат. Бул аскердик операциянын жыйынтыгын өзгөртпөйт. Биз өз максатыбызга жетебиз. Бирок бул Украинанын өзү үчүн көп маселе жаратат", - деди Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков.

Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин курал-жабдык жана F-16 ракеталары фронттогу кырдаалга эч таасирин тийгизбестигин айткан эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG