Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:15

600дөй тажик жараны орус-казак чек арасынан өтө албай жатканы кабарланды


Видеодон алынган сүрөт.
Видеодон алынган сүрөт.

Орусияга Казакстан аркылуу жөнөп бараткан 600гө жакын тажик жараны казак-орус чек арасынан өтө албай жатканын айтууда. «Азаттыктын» казак кызматы билдиргендей, ошол жерде турган адамдар чөнтөк телефонуна тарткан видеодон узун кезекте турган машиналарды көрүүгө болот.

Видеону жөнөткөн кишилер Орусиянын Оренбург облусунун чек арасында, Казакстандын Актөбө облусу менен чектеш тилкедеги «Сагарчин» эл аралык көзөмөл-өткөрмө бекетинин жанында 22-апрелден бери өтө албай турушканын, орусиялык чек арачылар мунун себебин түшүндүрбөй жатканын айтып берүүдө.

Кезек күтүп турган 180ден ашуун тажикстандык номурлуу жеңил машинеде жана кичи автобуста жалпысынан 600дөй адам, арасында балдар, аялдар жана кары-картаңдар бар экени, башка өлкөлөрдүн жарандары чек арадан эч тоскоолдуксуз өтүп жатышканы кабарланды.

Алардын айтымында, орусиялык чек арачылар ар бир жүргүнчүнү өз-өзүнчө бөлмөгө алып кирип текшерип, Орусияга кандай максатта баратканы тууралуу суроо берип, телефонун текшерип жатышат. 14 жашка чейинки балдарды жана 60тан улуу курактагыларды кезексиз өткөрүүнү убада кылышканы маалымдалды.

Кезекте тургандар суткасына 10дон гана машина өткөрүлүп жатканын, өзүлөрү суудан жана тамак-аштан кыйнала башташканын, Тажикстандын бийлигине, Орусиядагы элчиликке жардам сурап кайрылганын, бирок жооп боло электигин айтууда. Өзүлөрү орус бийлигинин мындай мамилесин «Крокус Ситидеги» окуяга тажик жарандары шектелип кармалганына байланыштырып жатышат.

22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарында “Крокус Сити” борборунун 6 миңдей көрүүчүгө эсептелген концерттик залында отургандарга кол салуу болгон. Кеминде төрт киши автоматчан кирип барып, адамдарды аткан жана өрт койгон видеолор тараган. Кеминде 145 адамдын өмүрүн алган кол салууга шектелип кармалган ондон ашуун кишинин көбү теги тажикстандык экени аныкталган. (RK)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG