Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:12

БШК Адахан Мадумаровду мандатынан ажыратты


Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) тергөө абагынан чыккан депутат Адахан Мадумаровдун иши боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун ѳкүмүн 26-апрелде талкуулап, Мадумаровду мандатынан ажыратты.

БШКнын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, баяндамачы Мырзабек Таалайбеков Мадумаровго карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу түрдө күчүнө киргендиктен анын депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулушу керектигин белгиледи.

Биринчи май районунун прокурорунун жардамчысы Замира Байбагышева да өкүм 26-апрелде күчүнө киргенин ырастап, саясатчынын адвокаттары жогорку инстанцияга даттанбаганын кабарлады.

Комиссиянын мүчөлөрү Мадумаров соттун өкүмүн 16-апрелде алганын белгилеп, “ал жогорку инстанцияга арыз жазса эмне болот?” деп сурашты. Прокуратуранын өкүлү камактагы соттолуучу өкүмдү алгандан 30 күнгө чейин сотко кайрылууга укугу бар экенин бышыктап, бирок өкүм кабыл алынгандан 30 күндөн кийин күчүнө кире бере турганын кошумчалады.

Мындан соң Мадумаровду мандаттан ажыратуу боюнча чечим добушка коюлуп, аны БШКнын 12 мүчөсүнүн баары колдоду. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова саясатчы бул чечим менен макул болбосо сотко кайрылууга укугу бар экенин тактады.

Жети айдан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында жаткан Адахан Мадумаров соттун чечимине ылайык 26-апрелге караган түнү боштондукка чыкты. Бул күнү биринчи инстанциянын чечими чыкканына 30 күн болду.

26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. Саясатчы чечим мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин абакта калтырылган. Бул аралыкта анын адвокаттары райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотко даттанган эмес.

Депутат Адахан Мадумаров тергөө абагынан чыккан соң журналисттерге берген комментарийинде огорку инстанцияга кайрылууга дагы убакыт бар экенин айтты. Мадумаров мыйзамга ылайык, соттун чечимине каршы даттанууга чечимди колго алгандан 30 күнгө чейин убакыт бериле турганын, ал чечимди 16-апрелде колуна алганын айтты. Саясатчы ага коюлган айыптардын баары негизсиз экенин кайталап, “мунун баары анын мандатын алуу үчүн болуп жатканын” белгиледи.

Бишкек шаардык соту жана чечим кабыл алган Биринчи май райондук соту Адахан Мадумаровдун абактан чыгышы жана анын соңку билдирүүлөрү боюнча расмий комментарий бере элек.

Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген.

Биринчиси - Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралганын билдирген. Саясатчы ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.

Экинчиси - Чыңгыз Абдымомунов аттуу жаран 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган. Бул ишке байланыштуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаевге да айып коюлган.

Мадумаров 2023-жылы 2-сентябрда кармалган. Ошондон бери УКМКнын тергөө абагында отурду. Оппозициялык саясатчы өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, соттун чечимин “жапайычылык” деп баалаган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG