Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:14

Жалал-Абад: Чек арада кармалган жаран кайтарыла элек


Сакалдыдагы кыргыз чек арачылары. 5-декабрь.
Сакалдыдагы кыргыз чек арачылары. 5-декабрь.

4-декабрда Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Сакалды айыл өкмөтүнүн бир тургунун Өзбекстандын чек арачылары кармап кетишкен.

Экинчи бир тургун кошуна чек арачылардан качып кутулган. Кыргыз тараптын кармалган жаранды кайтарып алуу аракетинен азырынча майнап чыга элек.


Кармоо кандайча болгон?

...өзбекстандык эки чек арачы иним экөөбүздү сүйрөп, аңга алып түштү. Инимди да уруп-тепкилешип, нары жакка алып өтүп, кайра мага келгиче качып чыктым.

Ноокендеги Сакалды айыл өкмөтүнүн жашоочусу Садирдин Бекешов бир тууган иниси Мансурбек менен чек ара боюндагы жер үлүшүн көргөнү барганын айтууда. Ага-ини балык кармап олтурганда өзбек жараны болгон келин кыргыз аймагына өтөөрдө чек ара белгиси катары казылган аңдан өтө албай калат. Садирдин менен Мансурбек колунан тартып, ал келинди аңдан чыгарып коюшат. Окуяны ары жактан байкап турган Өзбекстандын жоокерлери кыргыз жерине өтүп келип, адегенде келинди уруп алып кетет. “Ордуңардан жылбагыла!" - деп бир туугандарга буйрук берет.

Анан чек арадан кайра өтүп келишип, уруп-соккондо Садирдин качып кутулат. Ал иниси Мансурбектин 4-декабрдан бери Өзбекстандын чек ара бекетинде негизсиз кармалып турганын жана өзбек жоокеринин тийген кундагынан кулагы жараланганын айтат:

- Биз иним экөөбүз чек арага жакын талаада буудай эгилген өзүбүздүн үлүшүбүздү карап, балык кармап отурганбыз. Анан эле өзбекстандык эки чек арачы иним экөөбүздү сүйрөп, аңга алып түштү. “Атамын" деп автоматын белиме такады. Анан биз атсаң – ат, өзүбүздүн жерде!- деп, жерге жатып алдык. Инимди да уруп-тепкилешип, аны аңдан нары жакка алып өтүп, анан кайра мага келгиче бери жакка качып чыктым. Ага чейин биздин чек ара бөлүктүн балдары, мааленин адамдары келип калды. Биздин чек арачылардын башчысы келип, сүйлөшмөк болгондо, өзбек аскерлер баш ийбей кетип калышты...


Көнүмүш көрүнүшпү?

Эки аскер автоматы менен биздин аймакка жүз метр кирип келишип, сүйрөп алып кирип кетип атпайбы биздин жаранды...

Чек арадан адамдар менен малдарды кармап кетүү чуусу кыргыз чек арасынын ачыктыгынан жана чек арачы жоокерлердин саны аздыгынан болууда. Садирдиндин агасы Абдалым Бекешов өзбек чек арасы терең казылган аң аркылуу бөлүнүп турганын, чек ара бойлой автоунаа жолу салынганын, жоокерлери Кыргызстандыкына караганда бир кыйла көп экендигин билдирди. Анын айтымында, кыргыз жоокерлери кийим-кечек, заманбап курал-жарак, техникалар менен камсыз болуп, чек ара толук кайтарылганда, өзбек жоокерлери кыргыз аймагына кечээкидей кирип келмек эмес.

Быйыл май айылында да Сакалды айылынын бир тургуну чек арада атып өлтүрүлгөн. Абдалым Бекешов ошондо өлгөн кыргыз жаранын Өзбекстандын кызматтары “чек араны мыйзамсыз бузуп өттү", - деп айыпташканын эске салат:

- Биздин Сакалды айыл өкмөтү жыйырма чакырымдан ашыгыраак чек арада турабыз. Өзбекстандын армиясы күчтүү экен, алар чек араны тосуп, зымдарды тартып салган, ал бизде жок. Алар чек арасына аскерлер жүрө турган жол кылып койгон, бизде жок. Чек арада күндүр-түндүр жүрүшөт. Алар бизди мамлекет катары сезбегендиктен болуп атат да, ушу... Мына кечээки эле факт, эки аскер автоматы менен жүз метр кирип келишип, сүйрөп алып кирип кетип атпайбы биздин жаранды.


Кат жазуу менен чектелип...

Келген офицерлерине алардын аскерлеринин түшкөн издерин көрсөттүк. Биздин жетекчилик да Өзбекстанга кат жөнөткөнү жатат...

Жааган жамгырга карабай Бекешовдун туугандары менен айылда турган чек ара жана коомдук тартип кызматчылары дүйшөмбү күндүн таңынан бери кыргыз-өзбек чек арасында Мансурбектин кайтуусун күтүп турушту.

Сакалды чек ара бекетинин башчысы Бозулан Мамышовдун айтымында, учурда кармалган жаранды кайтарып алуу аракеттери көрүлүүдө. Ал жетектеген жоокерлер окуя болоор замат чек арага жетип барышкан. Алар кыргыз аймагында калган өзбек жоокерлеринин баткакта калган издерин да көрүшкөн. Жекшемби күнү сүйлөшкөндө өзбек чек арачылары Мансурбек Бекешовду 5-декабрда кайтарып берээрин билдиришкен экен:

- Бул окуя боюнча агасынан жана күбөлөрдөн тиешелүү түшүнүк каттарды алып, башкармалыкка билдирдик. Алар аракет кылып жатышат, телефон аркылуу байланышып. Бул окуя боюнча атайын иликтөө жүрүп, анын жыйынтыгын Өзбекстандын чек ара кызматынын жетекчилигине жөнөтүшөт. Биз окуя болгондон кийин ал жерге жети мүнөткө жетпей жетип бардык. Келген офицерлерине алардын аскерлеринин түшкөн издерин көрсөттүм. Биздин жетекчилик да ал жакка кат жөнөткөнү жатат.

Бул аймакта жөө-жалаң жоокерлердин кайтарып жүргөнү гана болбосо, белги коюлбаган кыргыз чек арасын таануу кыйын.

Өзбек чек арачылары 4-декабрда кармалып кеткен Мансурбек Бекешовду 5-декабрда түштөн кийин Ноокен району менен чектешкен Өзбекстандын “Маданият" чек ара бекети аркылуу кайтарып берүүгө убада беришкен экен. Бирок бул күнү аны кайтарышкан жок. Анын кайтарылышын чек арада кечке зарыга күткөн жакындары каш карайганда өзбек тараптан "эртең кайтарылат" деген жооп алышканын "Азаттыкка" кабарлашты.

Мансурбек Бекешов Өзбекстандын кайсы жеринде, кандай шартта кармалып турганы да белгисиз.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG