Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:10

Баткен: Чек араны да митинг менен чечебизби?


Чек арадагы абалга байланыштуу Баткендин Согмент айылынын тургундарынын нааразылыгы. 2010-жылдын 28-майы.
Чек арадагы абалга байланыштуу Баткендин Согмент айылынын тургундарынын нааразылыгы. 2010-жылдын 28-майы.

Баткендин Сай айылынын калкы Сох анклавындагы чек ара бекеттери текшерүүнү күчөтүп, жүк алып өтүүгө тыюу салганына нааразылык билдирип чыкты.

Баткен районундагы Сай айылынын тургундары мындан бир жумадай мурда Өзбекстандын чек ара бекеттери текшерүүнү күчөтүп, айылга же райборборго жүк алып өтүүгө таптакыр тыюу салып койгонуна даттанып, облустук бийликке кайрылышкан эле. Маселе чечилбегендиктен 25-ноябрда айылдын 200дөй тургуну Сохтон айылга кеткен жолду бууп, маселени чечүүнү бийликтен талап кылып чыгышты.

Баткен менен чек аралаш аймактагы өзбек чек ара бекеттеринин бири.
Баткен менен чек аралаш аймактагы өзбек чек ара бекеттеринин бири.

Айыл тургуну Абдихалил Жусубалиев кошуна чек арачылардын жасаган мамилесинен улам эл ушинтип митингге чыгууга аргасыз болгонун айтат:

- Жүк өткөрбөйт мынабу айылдын чыга беришиндеги чек ара бекетинен. Чечме деген айыл менен айланып өткүлө дешет. Анда 25 чакырым алыстап калат жолубуз. Биз мурдатан эле ушул жол менен каттап жүргөнбүз да. Баткенге да өтө албайбыз. Той-топурга мал алып жөнөсөң да өткөрүшпөйт, тиешелүү кагаздары болсо да. Ушуну чечип беришсин деп чыктык да. Справкасы бар болсо да жүктү өткөрбөйт. Биз Баткен шаарына базар-учарга барып турушубуз керек да...

Мындай нааразылык чыгуудан улам эки өлкөнүн жергиликтүү чек арачылары Өзбекстандын Сох анклавында жолугушуу өткөрүп, маселени талкууга алышты. Бирок жолугушууга жергиликтүү тургундар катыша алган жок. Чек арачылардын жолугушуусунун жыйынтыгы тууралуу кабар элге түштөн кийин келди.

- Бизге жолугушуунун жыйынтыгын айтышты. Ошентип эл таркады. Баткенден да келишкен экен. Биздин талап ошол жүктөрдү өткөрүүгө уруксат бериши керек эле. Ал чечилиптир. Ошол чечимди бул чек ара бекетине жазып койгула дедик. Антпесе ар башка чек арачы алмашкан сайын өзүнчө тартип киргизе берет да бул жерде, - дейт айыл тургуну Абдихалил Жусубалиев

Ушинтип сайлыктар чек ара маселесин митинг менен чечип алышыптыр. Эми ал чечим канчалык аткарылаарын убакыт көргөзөт.

Чек ара азабын бир гана бул айылдын тургундары эмес, Сохтун тегерегиндеги башка кыргыз айылдарынын жашоочулары да тартып келет. Акыркы күндөрү чек арадагы текшерүүлөрдү өзбек чек арачылары негизсиз эле күчөтүп жибергени тууралуу даттануулар башка айыл тургундарынан деле түшүүдө. А түгүл Сай айылына танапташ турган Таян айылына кире бериштеги чек ара тосотун өзбек тарап өз бетинче эле үч чакырымдай жылдырып алганы буга чейин айтылган.

Баткендин Өзбекстанга чектеш аймагындагы Кыргызстандын чек ара бекеттеринин бири.
Баткендин Өзбекстанга чектеш аймагындагы Кыргызстандын чек ара бекеттеринин бири.

Баткен облустук бийлиги Сох анклавынын тегерегиндеги курчуп бараткан мындай маселелер боюнча өзбек тарап менен сүйлөшүү демилгесин козгоп, 25-ноябрга Өзбекстандын Фергана облусунун бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу белгиленген эле. Бирок жолугушуу белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Анын себептери азырынча ачыктала элек.

Канткен менен коомчулукта жергиликтүү деңгээлдеги мындай сүйлөшүүлөр маселе чечээрине ишенбегендер да арбын. Алардын пикиринде, чек ара маселелери жогорку деңгээлде чечилмейин облустук, же райондук бийликтегилер эч нерсе чече албайт. Чечилсе да утурумдук болуп, ал чечимдер кийин расмий Ташкендин кабак-кашына жараша өзгөрө берет.

Чек ара көйгөйлөрүн иликтеп, талдап жүргөн жергилктүү журналисттердин бири Аскар Баймуратов да ушундай пикирде:

- Аймактык деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдө маселе чечилиши кыйын, чечилсе да убактылуу чечилет. Себеби мындай жолугушуулар мурда да өтүп турган. Ошондуктан чек араны тезирээк тактап, текшерүү тартибин, чек арадан өтүү эрежесин бир калыпка салуу керек. Антпесе өлкөдөгү саясий маанайга жараша чек арадан өтүү тартиби да өзгөрө берет. Аны биротоло чечиш керек.

Ошентип акыркы он күндөн бери Баткен облусунун ичинде жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавына байланышкан чек ара көйгөйлөрү кайрадан козголо баштады. Демек бул жаатта кызматташууну жандандырып, тирешүүлөрдүн алдын ала тургандай иштерди күчөтүү зарыл болуп тургандай.

XS
SM
MD
LG