Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:23

Захарова казак-орус чек арасындагы кезек тууралуу түшүндүрмө берди


Мария Захарова
Мария Захарова

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова казак-орус чек арасындагы кезек күтүүлөр, тажик жарандарына карата тыюу салуулар тууралуу комментарий берди. Орус тышкы иштер министрлигинин сайтында 27-апрелде жарыяланган маалыматта Захарова "Крокус Сити Холлдогу" кол салуудан кийин террордук коркунуч уланып жатканын, буга байланыштуу орус-казак чек арасында коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн билдирди.

Ал Орусиянын аймагына кирген чет элдик жарандар жарандыгына карабастан кылдат текшерилери айтылат.

"Чек ара бекеттеринде кезекте турган унаалар тууралуу маалымат каражаттары көбүртүп жазганын баса белгилеп кеткибиз келет. Учурда алардын жалпы саны 30дан ашпайт. Чек арадан өтүүнү уюштурууда биздин Чек ара кызматы балдарга, аялдарга жана кары-картаңдарга биринчи кезекте көңүл бурат", - деп жазылган билдирүүдө.

Жума күнү Орусияга Казакстан аркылуу жөнөп бараткан 600гө жакын тажик жараны казак-орус чек арасынан өтө албай жатканы кабарланган.

Ишембиде Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) жарандарын Орусияга барбай турууга чакырган. Мекеменин сайтында 27-апрелде жарыяланган билдирүүдө өтө зарыл, чукул гана иш чыкса баруу керектиги жазылган.

Укук коргоочулар Москвадагы «Крокус сити» борборундагы кандуу окуядан кийин Орусияда Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген мигранттарга каршы маанай күчөгөнүн, текшерүү көбөйгөнүн билдирип келген.

22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарында “Крокус Сити” борборунун алты миңдей көрүүчүгө эсептелген концерттик залында отургандарга кол салуу болгон.

Кеминде төрт киши автоматчан кирип барып, адамдарды аткан жана өрт койгон видеолор тараган. Бери дегенде 145 адамдын өмүрүн алган кол салууга шектелип кармалган ондон ашуун кишинин көбү теги тажикстандык экени аныкталган. (AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG