Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:01

Сауд Арабиясы Газадагы согуштун экономикага таасирин эскертти


Газа тилкеси.
Газа тилкеси.

Сауд Арабиясы жекшемби күнү саммитте Израил менен Хамастын ортосунда уланып жаткан согуштун глобалдык экономикалык маанайга тийгизген таасирин эскертип, стабилдүүлүккө чакырды. Бул тууралуу АР агенттиги жазды.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен палестин лидерлери жана Израил менен ХАМАСтын (АКШ менен Евробиримдикте тыюу салынган) ортосунда ок атышпоо келишимине ортомчулук кылууга аракет кылган башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү Эр-Рияддагы саммитке чакырылган.

Сауд Арабиясынын каржы министри Мохаммед аль-Жадаан Газадагы согуш Украинадагы жана башка жерлердеги кагылышуулар менен бирге экономикалык абалга "катуу басым" жасап жатканын айтты.

"Аймакка стабилдүүлүк керек", - деди ал.

Газа тилкесинде 200 күндөн бери уланып жаткан согушка ХАМАС радикал уюмунун Израилдин конуштарына кол салуусу түрткү болгон. Былтыр 7-октябрдагы чабуулда жоочулар 1200дөй кишини өлтүрүп, 250дөй адамды барымтага алганы кабарланган. Израилдин бийлиги азыркы тапта "хамасчылардын" колунда жүздөй киши жана 30дай адамдын сөөгү бар экенин билдирүүдө.

Радикал уюмга жооп катары Израил армиясы Газа тилкесинде аскердик операциясын баштаган. Жергиликтүү бийликтин маалыматында, бул убакыт ичинде 34 миңдей кишинин өмүрү кыйылды. (AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG