Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:17

Алтайга жолугуудан коркпогон Айтматов жана Миңжылкыев


Бексултан Жакиев жана Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев). Ысык-Көл, 12-сентябрь, 1995-жыл.
Бексултан Жакиев жана Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев). Ысык-Көл, 12-сентябрь, 1995-жыл.

«Азаттыктын» эң алгачкы кабарчысы, маркум Азамат Алтай 15-сентябрда 100гө толмок.

Ал мекенине бара албай Батышта калганда, катаал режимдин камчысынан коркпой, ага эки атактуу кыргыз - Чыңгыз Айтматов жана Болот Миңжылкыев кандайча жолугуп чер жазыша маектешкенин жазуучу Бексултан Жакиев эскерген эле. Төмөндө ошол эскерүүнү сунуш кылабыз.

- Чыңгыз Айтматов менен Азамат Алтай СССР маалында темир көшөгөнүн эки жагында жашаса да өмүрүндө бир нече жолу жолугуп, маектешип сырдашкан экен. Ал жылдары Кыргызстандан чет өлкөгө жүздөгөн болбосо да ондогон адамдар - илимпоздор, артисттер, өнөрпоздор барышкан. Азамат Алтай кээде аларга учурашканы атайын билет алып жетип барса, аны «чыккынчысың» деп жерип, сүйлөшпөй койгондор да болгон. Бирок Айтматов менен Миңжылкыев аны алыскы тууганындай тосуп алып, маектешип сырдашкан экен. Эмне үчүн бул экөө ошондой эрдикке барган?

- Алар эрдик деле издебесе керек. Азамат Алтайдын айтуусу боюнча, өзү СССР маалында Мүнхенде «Азаттыкта» иштеп жүргөндө ал жердегилерге: «Биз Айтматовду айталы, кабарлайлы мыкты жазуучу экенин, бирок биздин зыяныбыз тийип калбасын, көп эле басым жасай бербейли, себеби «Азаттык» Совет мамлекетинин душманы катары эсептелет», - деп айтчу экен. Ансыз да илгери атасы атылып кеткен Чыңгыз Айтматовго залакабыз тийбесин деп этияттанчу тура.

Азамат Алтай Бишкекте. 30-август, 1995-жыл.
Азамат Алтай Бишкекте. 30-август, 1995-жыл.

Азамат Алтай Нью-Йоркто жашап жүргөндө Айтматовдун «Фудзиямадагы кадыр түн» чыгармасы Бродвейдеги театрда коюлмак болуп калат. 1973-жылы башталган ошол иштерге кыргыз жазуучусун, анын чыгармасын жакшы түшүнгөн адам издешип, Колумбия университетинин китепканасында иштеген Азамат Алтайга байланышка чыгышып, ал спектаклди даярдоо иштерине аралашып, которгонго жардам берип, «кыргыздын ырлары керек» дегенде аларды да таап берген экен. Ошентип оюн театрда коюлганда ага гонорар, спектаклге бекер киргенге бир нече билет берилет.

Мен кийин эгемендик жылдары барганда Нью-Йорктогу үйүндө бир айдай жүрдүм. Билет жок болуп театрга кире албай калганбыз, билеттер кымбат болгонуна карабастан эл калтырбай талап кетет эмеспи. Ал эми 1975-жылдын июль айында Бродвейдеги атактуу театрдын адабият бөлүмүндө Мира Гинзбург деген аял иштечү экен. Ага Азамат Алтай «спектаклдин премьерасына Айтматовду чакыр» десе «ал Солженицынге каршы катка кол койгон» деп чакырбай коёт. Себеби бир топ жазуучулар, Паустовский баш болуп ошондой айыптоо катына кол коюп беришкен. Азамат Алтайга гонорарын беришкенде ал: «Ушул акчаны да албайм, бекер билеттерден да баш тартам, ушул каражатка андан көрө Айтматовду Америкага чакыргыла» деп туруп алат. Ошентип Айтматовду Нью-Йоркко чакырышат, ал барып калат. Анын алдында эле Нью-Йоркто Москвадагы Большой театр «Борис Годунов» операсы менен Америкага гастролго барат. Годуновдун партиясын Гончаренко деген атактуу ырчы аткармак. Анын эртеси гезиттин баары чуулдап, «тамагы ооруп Годуновду аткара албай атат» дешип, Большой театрдын жетекчилери түнү менен Болот Миңжылкыевди алдыртып, ошол операнын труппасы менен атактуу кыргыз ырчысы Американы кыдырган экен.

- Жефф Лили Чыңгыз Айтматов менен Азамат Алтайдын тагдырында кандайдыр бир тарыхый окшоштуктарды тапкысы келген. Айтматов 53 жыл бою атасынын тагдырын билбей, «тирүүбү же жокпу» деп белгисиздикте жашаган. Азамат Алтай өз чечими менен, тагдырдын буйругубу, ата мекенинен ажыратылган. Ал да бирөөнүн жалгыз уулу болгон. Экөө тең ичинде терең арман, кусалык сезими менен жашаган. Ушундан окшоштукту көрүүгө болобу?

- Албетте, окшоштуктар бар. Азамат Алтай 1940-жылы аскерге кетип, 1941-жылы туткунга түшкөн, согуштан кийин бул жакка келерде запкы көрүп, Францияга кетип калган.

Азамат Алтай кыргыз жазуучулары менен. Бишкек, 1995-жыл.
Азамат Алтай кыргыз жазуучулары менен. Бишкек, 1995-жыл.

- Сиз кийин барганда далай күндөр-түндөр сырдаштыңыз... Согуштан кийин Батышта калып калганына өкүнбөйт бекен?

- Өкүнүч жөнүндө айтпады. Кыргызстанды, Ысык-Көлдү эстесе эле куса болуп, көзүнөн жаш куюлуп ыйлай берчү. Манастын 1000 жылдыгына барганда түн ичинде мен ал кездеги машинем - «Жигулим» менен тосуп алып, айылга алып бардым. Эл көчөгө батпай кылкылдап кетиптир. Анан райондун акими «Волга» машинесинен чыгып баратып: «Аба, менин машинеме түшпөйсүзбү?» - десе, Азамат Алтай: «Мен Бексултандын «сур коёну» менен келдим эле, ошону менен эле жетип алам», – деп жооп берди. Баратып согушка чейин атасы экөө тиккен үч теректи көрүп, кучактап алып буркурап ыйлап, ичиндеги муңун чыгарып алды.

- Советтик идеологиянын таасири азыр деле бар. «Бул кишинин эмне баатырдыгы бар, элге кандай пайдасы болду эле?» – деп суроо салгандарга кандай жооп берет элеңиз?

- Азамат Алтай келгенде, кыргыздын салты менен тосуп алганыбызды көргөн бир ууч аттуу-баштуу адамдар, согуштун баатырлары: «Чыккынчыны эмне баатыр кыласыңар?» - деп, Акаевди тамга такаган экен... Мен анда жок элем, кийин угуп алып, ошол баатырлардын бирине барып айттым. «Сиз согушка бардыңыз, бир полктун курамында бир ашууну бошотконуңар үчүн «Баатыр» деген наам алдыңыз. Эгерде сиз Алтайдын ордунда болуп фашисттердин туткунуна түшүп калсаңыз эмне болот элеңиз, ойлодуңузбу?» - дедим. «Азамат Алтай колго түшүп концлагерде ачарчылыктан өлүп кала жаздап качып чыгып, Литвада, Беларуста партизандарга кошулуп чытырман токойлорду аралап согушуп жүрүп далай азап-тозокту көргөндө да, согуштан кийин Францияда, Германияда, Америкада жашап калганда да өмүр бою кыргыз деп, Манас деп жашап келген. Биздин элдин, Борбор Азия элдеринин тарыхын, каада-салтын, маданиятын изилдеген далай батыштык илимпоздор менен иштешип, кыргызды таанытканга, керек болсо Советтик Кыргызстанда ал кездери айтууга тыюу салынган Касым Тыныстанов, Ишеналы Арабаев, Төрөкул Айтматов, Баялы Исакеев өңдүү мекендештер тууралуу маалымат топтоп жайылтууга салым кошкон. Мен анын артынан барып, архивинен бери баарын аңтарып көрдүм, кымындай да элге зыяны тийчү эч нерсесин байкаган жокмун. Анан сиздин айтканыңыз кантип болсун? Акылман, баатыр киши мындай айтпайт», - да десем, ал киши: «Мүмкүн мен катуу кетип калдым окшойт», – деди.

Азамат Алтай Тоңдогу Бөкөнбаев айылында жердештери менен. 1995-жылдын августу.
Азамат Алтай Тоңдогу Бөкөнбаев айылында жердештери менен. 1995-жылдын августу.

- Чыңгыз Айтматов менен СССР кезинде Нью-Йоркто, кийин Мүнхенде жолугушкан экен. Ошондо эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн сизге айткан жок беле?

- Алгач Нью-Йоркто Болот Миңжылкыев менен жолугуп, анын кыргыз экенин ошондо билиптир. «Мурун казакпы деп жүрчүмүн, абдан жөнөкөй жигит экен» деп, экөө таанышып: «Ресторанга барып чай ичелиби же үйгө баралыбы?» - деп сураса Болот шыр эле: «Үйгө эле баралы», - дептир. Ошентип экөө сыр алышып аңгемелешип отурушса эле театрдан жанагы Мира Гинзбург чалып: «Айтматов келип сизди сурап атат», - деп кабарлайт. Болот Миңжылкыев, Азамат Алтай байбичеси Сание жеңе үчөө такси менен жетип барып Айтматовду тосуп алышып, үйгө алып келип үч кыргыз түн оогончо бир топ нерселерди сүйлөшүп отурушуптур. Чыңгыз менен таанышып көрүшкөнү анын өмүрүндөгү эң бактылуу учур болгонун кайталап айтчу, дайыма. Айтматов ага «буюрса, Манастын 1000 жылдыгын өткөрөбүз, мамлекеттик тойго келип катышып бериңиз» деп чакырган экен.

- 55 жыл чек аранын ары жагында диссиденттик өмүр сүрүп, көр тириликтин аракетин көрүп жүрө бербестен, Батышта биздин элди изилдеген илипоздорго жардам берип, кыргыздар, Борбор Азия элинин тарыхы, маданияты тууралуу көптөгөн китептерди чогултуп, Касым Тыныстановдун китебин болочок изилдөөчүлөргө пайдалуу болсун деп латын арибинде терип чыгып, далай эмгектерди жасаса да, коомдо азыр да аны жеригендер кездешет. Бул деги эле жалпы биздин коомго мүнөздүү көрүнүшпү?

- Менимче кыргыз эли Азамат Алтайды жерибейт. Мурда министр болуп эле жүргөн бирөө мага: «Сен Азамат Алтайды калп эле мактап жүрөсүң», - дейт. Ушундайлар бар. Бир нерсени анык билмейин имиш-имиш менен жүргөн адам сөзсүз жаңылыштык кетирет. Азамат Алтай өтө мекенчил киши эле. Кыргыздын, түрк элдеринин тарыхын, адабиятын абдан мыкты билген. Өз алдынча казып окуп билимин ушунчалык тереңдеткен экен.

Чыңгыз Айтматов жана Азамат Алтай тууралуу Жефф Лилинин китебинин бет ачары АКШ Конгрессинин китепканасында өткөн.
Чыңгыз Айтматов жана Азамат Алтай тууралуу Жефф Лилинин китебинин бет ачары АКШ Конгрессинин китепканасында өткөн.

- Андан тышкары орус адабиятын да мыкты билчү... Мени менен сүйлөшүп отурганда Пастернак, Солженицын, Зощенконун чыгармаларын айтып отурду. Китептерди окуй берип терең билим топтоптур. Жеке китепканасындагы миңдеген журнал, китептерди окуу жайларына жеткиртип бербедиби, кийин...

- Ооба, орус жазуучуларын абдан жакшы билген. Солженицындын чыгармаларында каармандардын тагдырын саясатташтыруу жагы бар. Ал эми Айтматовдун өзгөчөлүгү, мыктылыгы – анын чыгармаларында саясат, жамандоо жок. Бирок кемчиликтерди каармандардын образы, жашоо-турмушу аркылуу тереңинен көрсөтөт. Ошондой кемчиликтер жоюлмайын адам адам боло албайт деген терең ой камтылган, ойлоно билген адам аны илгиртпей түшүнөт.

Америкалык изилдөөчү Жефф Лили эки-үч жыл иштебей жумушунан чыгып алып ушул эки кыргыздын баскан жолун, ишмердигин изилдеп, Азамат Алтай менен Чыңгыз Айтматов экөө кыргыз элинин эркиндиги, эгемендиги үчүн ар кимиси өз майданында зор салымын кошкон деген жыйынтыкка келген. Анын китебинде экөөнүн «кансыз согуш» маалында Нью-Йорк, Мүнхендеги жолугушуулары, Азамат Алтай менен Болот Миңжылкыевдин Нью-Йорк, Цюрихтеги жолугушуулары сүрөттөрү менен кеңири баяндалат. Калыстык үчүн айта кетели, темир дарбазанын наркы бетинде жашап калган Азамат Алтай менен бул дүйнөлүк атагы бар эки кыргыздан башка да илимпоздор, коомдук ишмерлер жолугушуп, кийин кат алышып турушкан. Алар тууралуу келечекте дагы сөз кылабыз.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG