Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:32

Алтай таануучу Чарлз Карлсондун 80 жаш белеси


Профессор Чарлз Карлсон ПИАКтын коноктору менен. Бишкек. 26.8.2018.
Профессор Чарлз Карлсон ПИАКтын коноктору менен. Бишкек. 26.8.2018.

Учурунда “Азаттык” үналгысынын өрүшүнө өз салымын кошкон чыгыш таануучу, урал-алтай таануучу, профессор Чарлз Карлсондун 80 жылдык мааракесине арналган блог.

Өткөн кылымда, б.а. 1939-жылы 20-февралда, алыскы АКШнын мормон христиандары байырлаган айтылуу Юта (Utah) штатында Карлсондордун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген балага Чарлз (орусча Чарльз) Фредерик (Charles Frederic) деген ысым берилген. Анын бабаларынын теги англистешкен шведдерден болгон.

Ошондо ыңаалап түшкөн чүрпө өзүнүн 80 жылдыгын пост-советтик Борбордук Азиядагы Кыргыз Жумуриятында кадыр-барктуу университеттин профессору катары өткөрөт деп эч ким ойлобосо керек.

Таалим

Чарлз Карлсон алган билим өтө ар тараптуу. Оболу ал Санта-Барбара шаарында Батыш Музыка академиясында таалим алып, скрипка аспабы боюнча дипломго ээ болгон.

1962–63-жж. ал Юта мамлекеттик университетинде (Utah State University) музыка жаатында окуп, бакалавр даражасын алган.

Андан соң ал Евразиядагы индоевропалык эмес тилдерди үйрөнүүгө өтөт.

1963-жылы ал АКШнын Блүмингтон шаарындагы Индиана университетиндеги Урал жана Алтай таануу бөлүмүнө тапшырып, тил илими жаатында окуй баштайт. Мында анын негизги тилдери ­ фин-угор тилдери болот. Ал асыресе мажар (венгр) тили боюнча адистешет.

Албетте, АКШда Индиана университетинде таалим алуу көп тилдерди үйрөнүү менен айкалышкан. Маселен, Чарлз түрк тилдери боюнча да сабак алган.

Денис Сайнор (1916-2011) Валбербергдеги ПИАК жыйынында. 27.8.2001.
Денис Сайнор (1916-2011) Валбербергдеги ПИАК жыйынында. 27.8.2001.

Чарлз Карлсондун өмүрүндөгү эң орчун бурулуштардын бири – Индиана университетинде айтылуу алтай таануучу, профессор Денис Сайнор (1916–2011) мырзанын дарстарын угуп, анын шакиртине айлануусу болгон.

Кеңири билимдүү, полиглот, либерал чыгыш таануучу, залкар окумуштуу Денис Сайнор (мажарча тегаты – Шинор, Denis Sinor) 1962-жылы АКШнын Индиана университетинде (Indiana University) окутуучу-профессордук ишин баштап, мында Урал таануу жана Алтай таануу кафедрасын ачат. Кафедра кийинчерээк Борбордук Евразияны иликтөө кафедрасы болуп аталып, аны ал 1981-жылга чейин башкарган.

Өзүнүн устаты тууралуу Чарлз Карлсон биз менен маегинде анын 1953-жылы Эл аралык туруктуу алтай таануу жыйынын (ПИАК / PIAC) уюштуруп, анын отурумдарын жыл сайын үзгүлтүксүз өткөрүп келгенин ыраазы боло айтып, андан тышкары буларды кошумчалаган:

- Менимче, ал өтө залкар мурас калтырды. Профессор Сайнор, оболу, абдан көп шакирттерин телчиктирди. Алар дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүндө ири илимпоздор, профессорлор болуп калышты. Ал “Борбордук Азиянын Кэмбриж Тарыхы” сыяктуу эмгектерди жарыялады. Андан тышкары, ал “Евразия” деген илимий терминди киргизди. Ошентип, ал “Алтай тил дүйнөсүнүн калктары” деген терминди Азия менен чектеп салбай, кеңейтип, ага Кавказдагы алтай элдерин да кошту. Жапондордун тили да Алтай дүйнөсүнө кириши мүмкүндүгүн жазды. Ошентип, ал өзү киргизген “Евразия” илимий түшүнүгү аркылуу Европа менен Азияны бириктирди.

Чарлз Карлсон 1967-жылы Индиана университетин мажар таануу (Hungarian Studies) адистиги боюнча диплом алып аяктайт.

Андан соң аталган университетке Урал жана Алтай таануу тармагынын тил илими жаатында изилдөө жүргүзүү үчүн аспирантурага (1967–70) тапшырат. Өзүнүн диссертациясын коргоп, Ph.D. (философия доктору) илимий даражасын алат.

Чарлз Карлсон Фулбрайт грантын алып, 1968–69-жылдары Түркиянын Анкара университетинде изилдөөчү болуп иштейт. Мында ал түрк тилдерин терең үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө жетишет. Ара-чолодо ал Анатолиядагы топонимдерди (жер-суу аталыштарын) изилдейт.

Чарлз Карлсон 1973-жылы Мичиган университетинин Тил илими институтунун аспирантурасын (Post-graduate) аяктаган.

Чарлз Карлсон бара-бара фин-угор, түрк жана башка элдердин тилдери жана адабияты, Евразиянын урал жана алтай тилдерине кирген топторундагы элдердин тарыхы, салыштырма тил илими, журналистика ж.б. жаатында адис болуп калыптанды.

Окутуучу, котормочу, илимпоз

Чарлз Карлсон 1973–76-жылдары АКШнын Техас штатындагы Коммерс шаарында Чыгыш Техас мамлекеттик университетине караштуу Тил жана адабият факультетинде доцент (Assistant Professor) болуп иштейт. Ал студенттерге салыштырма тил илими, англис тилинин тарыхы ж.б. темалар боюнча дарс окуйт.

Ошол жылдары, ара-чолодо, ал 1973–75-жылдары Эл аралык Изилдөө жана алмашуу кеңешинин (IREX) аспирантурадан кийинки изилдөөчүсү катары Мажарстандын борбору Будапешт шаарында Мажарстан Илимдер академиясынын Тил институтунда стажировкада болгон.

Мында ал урал жана түрк тилдеринин семантикасын салыштырма изилдөө менен алектенген жана дүйнөгө таанымал мажар чыгыш таануучулары менен жакындан таанышкан. Ошол эле учурда ал жаш мажар окумуштууларына макалаларын англисче жарыялоого көмөк кылган.

Чарлз Карлсон 1975–77-жылдары Финляндияга келип, Йүвэскүлэ шаарындагы Йүвэскүлэ университетинде (University of Jyväskylä) Англис тил факултетинде келгин доцент катары дарс окуган. Ошол эле учурда илимий финн-англис тил долбоору менен кызматташкан.

1977–78-жылдары Чарлз Карлсон Будапешттеги Лоранд Этвөш атындагы университетте (Loránd Eötvös University) Котормочулук институтунда окутуучу болуп иштеп, котормо усулдары, ар кыл илимий тармактардагы идиомалык көйгөйлөр жаатында сабак берет. Ал мажарлардын англис тил мугалимдерине да адистик көмөк кылган.

Ошол эле 1977–78-жылдары ал Будапешттеги Корвина (Corvina) басма үйү менен мажар тилинен англисчеге котормочу катары кызматташкан. Илимий жана көркөм адабият өрнөктөрүн англисче которуудан тышкары, ал мажарстандык англисче журналдардын (New Hungarian Quarterly; Hungarian Review) макалаларын да редакциялап турган.

“Азаттык” үналгысында

Чарльз Карлсон айдыңдык өмүрүнүн оодук бөлүгүн “Азаттык” үналгысына арнады. 1979–95-жылдары ал “Эркин Европа/Азаттык үналгысынын (ЭЕ/АҮ) Мүнхендеги баш кеңсесинде иштеп келди.

1979–жылдан 1984-жылга чейин ал “Эркин Европа/Азаттык үналгысынын Мүнхендеги баш кеңсесинде Берүүлөргө анализ жасоо бөлүмүндө берүүлөр серепчиси болуп иштеди.

Мында ал түрк тилдүү кызматтардын азербайжан, казак, кыргыз, өзбек, татар, түркмөн берүүлөрүнүн тексттерин анализ кылып, бул кызматтардын жылдык баалоо жүрүмдөрүнө катышып келди.

1984–86-жылдары ал ЭЕ/АҮ Улуттук берүүлөр деректиринин жардамчысы болуп иштеди.

Ал эми 1986–88-жылдары болсо Карлсон мырза ЭЕ/АҮ түрк тилдүү жана тажик кызматтарын жалпы жетектеген деректир болду. Ошол доордо ЭЕ/АҮ Кыргыз кызматын айтылуу Азамат Алтай (1920–2006) башкарып турган.

Азамат Алтай “Азаттыктын” Мүнхендеги студиясында. 1980-жж.
Азамат Алтай “Азаттыктын” Мүнхендеги студиясында. 1980-жж.

1988–90-жылдары Карлсон мырза ЭЕ/АҮ Улуттук берүүлөр деректиринин милдетин аткарды. Дал ошол жылдары "Азаттык" үналгысын, б.а. ЭЕ/АҮ Кыргыз кызматын Аким Өзгөн (Abdülhakim Özgön; 13.12.1953 - 27.3.2017) жетектеп калган.

1990–1995-жылдары Карлсон мырза “Азаттык” үналгысынын советтик жумурияттардын тилдеринде уюшулган кызматта жумурияттардын тилдеринде уюшулган кызматтарынын жалпы деректиринин орун басары болуп иштеди.

1995-жылы май-июнь айларында ЭЕ/АҮнүн баш кеңсеси Германиянын Мүнхен шаарынан Чехиянын борбору Прага шаарына көчүрүлдү.

Ошол жылдын соңунан тартып Чарлз Карлсон ЭЕ/АҮнүн бириктирилген Казак, Кыргыз жана Өзбек кызматтарынын жалпы деректири болуп калды. Бул кызматты ал 2002-жылдын 31-декабрына чейин аркалады (2003-жылдын 1-январынан тартып ЭЕ/АҮнүн Казак, Кыргыз жана Өзбек кызматтары кайрадан өз алдынча кызматтарга жиктелди).

Чарлз Карлсон (оңдо) менен Ферит Аги ЭЕ/АҮ мааракеси маалында. 2001.
Чарлз Карлсон (оңдо) менен Ферит Аги ЭЕ/АҮ мааракеси маалында. 2001.

2003-жылдын январынан тартып Карлсон мырза бир нече жыл ЕЭ/АҮ Жаңылыктар бөлүмүндө улук кабарчы болуп иштеп, Борбордук Азия жаатында серептер жазып турду. Андан соң ардагер болуп калды.

Илимий-педагогдук ишмердиги

Профессор Чарлз Карлсон “Азаттык” үналгысында иштеп жүргөн чагында өзүнүн илимий ишмердигин эч токтоткон жок.

Маселен, ал 1999-жылы ПИАКтын жылдык жыйынын ЕЭ/АҮнүн Прагадагы баш кеңсесинде өткөрүп, ошол жыйындын президенти болду.

Кийинчерээк да ал ПИАКтын Казан шаарындагы (2007) жана Кыргызстандагы (2018) жылдык жыйындарынын уюштуруу комитеттеринин мүчөсү болгонун кыстара кетүү абзел.

Чарлз Карлсон XXI кылымдын башында Ташкендеги жана Казандагы университеттерде дарстар окуп жүрдү.

Кыргызстандагы илимий-окутуучулук ишмердиги

Профессор Чарлз Карлсон 2009–17-жылдары Бишкекте Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде профессор кызматында иштеди. Аны бул кызматка оболу 2009-жылдагы ректор, адабиятчы, диалектолог, фолклорчу жана этнограф Сулайман Кайыпов алганы эсте.

2017–18-окуу жылдан тартып Чарлз Карлсон Бишкектеги Борбордук Азия Америкалык университетинде (AUCA) профессор кызматын аркалап келүүдө.

Ал Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын пландарына ылайык “Мурас” фонду 2012-жылдан тартып уюштурган эл аралык илимий жыйындардын көбүнө жандуу катышты.

Менимче, профессор Чарлз Карлсон өзү окуткан студенттердин дилин таба алган мыкты педагог. Анын Бишкек, Берлин, Прага шаарларындагы айрым дарстарына күбө болуп, дарсты өзгөчө чыгармачылык менен даярдаганына ыраазы болдум.

Ал музыка билимин да унутпастан, таалимге колдоно билет. Мисалы, ал КТМУдагы кайсы бир семинарын мажар композиторунун түрколог катары салымына арнаган.

Мааракеңиз кут болсун!

Урматтуу профессор Чарлз Карлсон Кыргызстанды жана кыргыз элин өзгөчө ардактайт. Биздеги секулярдык билим берүү системасына жана ачык коомго умтулуу аракеттерине ал өзгөчө жогору баа берип келет.

Ч. Карлсон менен Т. Чоротегин Эдил дарыясын кезүү маалында. ПИАК. Казан, Татарстан, Орусия. 05.7.2007.
Ч. Карлсон менен Т. Чоротегин Эдил дарыясын кезүү маалында. ПИАК. Казан, Татарстан, Орусия. 05.7.2007.

Профессор Чарлз Карлсон өзүнүн 80 жылдык торколуу тою өтүп жаткан окуу жылында да, туз буюруп, Кыргызстандын жогорку билим берүү тармагына устат педагог кызматын көрсөтүүдө.

Мухиттин ары жагынан келип, Ала-Тообузду аздектеп калган профессор агайыбызга чың ден соолук, узак өмүр, бакыбаттык, мындан аркы албан чыгармачыл ийгиликтерди каалайбыз.

P.S.

Профессор Чарлз Карлсондун 80 жылдыгына арналган илимий кереге кеңеш 2019-жылы 24-апрелде Бишкек шаарында өткөрүлмөкчү.

XS
SM
MD
LG