Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:02

Депутаттар "Кофе и точка" жайларын жабууну талап кылышты


"Кофе и точка" жайларын текшерүү учурунда тартылган сүрөт.
"Кофе и точка" жайларын текшерүү учурунда тартылган сүрөт.

26-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев жана Эрулан Көкүлов Финансылык көзөмөл кызматынын өкүлү, милиция кызматкерлери менен бирге Бишкектеги “Кофе и точка” жайларын текшерүүгө барып, аларды жабууну талап кылышты. Анда бул жайлар тамактанган жерлердин атына жамынып алып кумар оюндарын ойнотуп жатканын эскертишти. Буга далил катары “Кофе и точка” түйүндөрүнүн биринен эле эсепке акча салып, ошол жерден онлайн кумар оюндарын ойноп көрүштү.

“Азаттыктын” атайын иликтөөсүнөн кийин келип отурабыз. Булардын сайттарын бөгөттөө керек. Эмнеге башка сайттарды бөгөттөп, бирок буларга күчү жетпейт? Ал эми Финансылык чалгын кызматы “Кофе и точка” жайларын толук жабыш керек. Башка вариант жок”, - деди Маматалиев.

Депутаттардын чакыруусу менен келген Ленин райондук милициясы кылмыш ишин козгоого прокуратура уруксат бербей жатканын, буга ишкерлерди текшерүүгө тыюу салган мараторий негиз болгонун билдирди.

“Азаттык” 12-апрелде “Бишкектеги кофеканага жамынган кумар оюндары” деп аталган иликтөө жарыялаган. Ушундан кийин Бишкектеги Свердлов райондук ички иштер бөлүмү өзүнүн аймагындагы “Кофе и точка” жайларынын эки филиалын жаап, эшигине мөөр басып кеткен. Ал эми башка райондогу кеңселери иштеп жатат. Жалпы жонунан “Кофе и точканын” Бишкекте тогуз, Ошто эки филиалы болгон.

Анда жарым жылдан бери Бишкекте бир нече “Кофе и точка” деген жай иштеп жатканы, сыртынан кофеканалардын бириндей көрүнгөнү менен ичинде кумар оюндары ойнотула турганы аныкталган. Иликтөөдө кумарканага машинасын, акчасын уттурган адамдар тууралуу сөз болгон.

Алардын бири “Азаттыкка” кайрылып, бул жайлардын иши тууралуу маалымат берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG