Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Министр Бейшеналиев бөйрөк донорлору таңкыс экенин билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев орган алмаштыруу маселелерине байланыштуу 27-апрелде кайрылуу жасады. Анда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргызстандын өзүндө мамлекеттин эсебинен бөйрөк алмаштыруу операциялары жасала баштаганын, 10 чакты бейтапка ушундай операция жасалганын билдирди. Бирок учурда донорлорго байланыштуу маселе бар экенин белгилеп, гемодиализде жаткан жарандардын жакындарына кайрылып, аларды донор болууга үндөдү.

"Мындан ары дагы бөйрөк алмаштырам деген бейтаптарга чыгымын мамлекет төлөп берет. Азыркы күндө үч миңге жакын гемодиализде жаткан адам бар. Көпчүлүгү донор табылбай жатат дешүүдө. Донорлор табылса тез-тез алмаштырып берип гемодиализден чыгарып жиберсек жакшы болот эле. Гемодиализде жаткан оорулуулардын туугандарына кайрылат элем: колуңардан келсе жакындарыңарга бөйрөк боюнча донор болуп берүүңөрдү суранам",-деп жазды министр.

Бейшеналиев Садыр Жапаров кыргызстандык дарыгерлерге боор жана жилик чучугун (костный мозг) алмаштыруу үчүн операция жасоону тапшырганын, келерки айдан тарта жасала башталарын белгиледи.

Учурда 15 бейтап боорун, төрт адам жилик чучугун алмаштыруу операциясына даярдалып жатканын, кеткен чыгымды мамлекет көтөрөрүн кошумчалады.

Ушул жылдын февраль айында Садыр Жапаров Кыргызстанда гемодиализ алып жаткан бардык адамдардын бөйрөк алмаштыруусуна кеткен чыгымды өкмөт төлөп берерин билдирген. Анда бейтап донорду өзү табарын, донор боло алчулардын тизмесин кеңейткенге жол берген мыйзамга кол койгонун айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG