Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:11

Ала-Тоонун Батыштагы Азаматы


Азамат Алтай “Азаттыктын” Мүнхендеги студиясында берүү даярдоодо. 1980-жылдар.
Азамат Алтай “Азаттыктын” Мүнхендеги студиясында берүү даярдоодо. 1980-жылдар.

Азамат Алтайдын (Кудайберген Кожомбердиевдин) 100 жылдык мааракесине арналган кичүү замандашы жана шакирти Т.Чоротегиндин блогу.

Эгемендиктин баасын элге жеткирген атуул

Кыргыз Республикасы – эгемендиги бүт дүйнө коомчулугу тарабынан таанылган демократиялуу, көп партиялуу жумурият. Учурда ал парламенттик демократияны түптөө үчүн талаптанууда.

Өлкөбүздүн мамлекеттик көз каранды эместиги жарыяланган 1991-жылдын 31-августунда туулган чүрпөлөр 2020-жылы 29 жашка толуп, 30га карады. Алар үчүн эгемендик өздөрүн курчап турган жыргалчылыктуу инфратүзүмдүн ажырагыс бир бөлүгү.

Биз мурдагы бир катар блогдорубузда “Кыргызстан СССРдин курамынан чыгып кетүүгө толук акылуу” деген укуктук негиздемени жазган юрист профессор Кубанычбек Нурбеков тууралуу байма-бай эскерип келдик.

Ал –– ушул ойду көксөгөн жалгыз айдың эмес эле.

Андан да мурда дал ушул идеяларды байма-бай козгогон, Кыргызстандын эгемен жана демократиялуу жумуриятка айланышы, кыргыз элинин ар тараптуу маалыматка ээ болгон өсүп-өнгөн улуттардын сабынан орун алышы үчүн күрөшкөн далай чыгаандарыбыз болгон.

Ошолордун ичинен – улуу согушта Батышта калган бозгун кыргыздардын арасынан төбөсү Кан-Теңир чокусундай суурула көтөрүлүп чыккан бир айырмалуу инсан бар. Ал –– айтылуу Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев; 15.9.1920––23.5.2006).

Анын үнү менен 1953-жылдын 18-мартында “Азаттыктын” кыргызча берүүсү туңгуч ирет обого чыккан. Анын нускоосу менен “Азаттыктын” кыргыз кызматынын алгачкы мууну телчиккен. Анын үнүн ата-бабаларыбыз советтик тоталитардык доордо кыска толкун аркылуу жашыруун тыңдап, акыйкат маалымат алып турушкан.

Анын берүүлөрүндө Кыргызстанда сөз кылууга тыюу салынган СССРден боштондукка чыгуу идеялары, ачык айтылбаган тарыхый чындык, жаап-жашырылган инсан таануу көйгөйлөрү чагылдырылып, анын аркасында атуулдарыбызда коомдук турмушка советтик коммунисттик цензуранын чектөөлөрүнө эч сыйдырылбаган айырмалуу көз караш калыптанган.

Дал ошондуктан аны эгемендиктин жарчысы болгон деп таасын айтабыз жана анын арбагын терең таазим кылып сыйлайбыз.

Биз 2010-жылы жарык көргөн китепчебизде Азамат Алтайдын өмүр жолу тууралуу кеңири сөз кылган элек. Аны азыркы тапта интернеттен акысыз жана эркин жүктөп окуй аласыздар.

Шилтеме: Чоротегин Т.К. Ала-Тоонун Батыштагы бүркүтү: (Азамат Алтайдын 90 жылдык мааракесине). – Бишкек: “Азаттык” үналгысы, 2010.

Мен бүгүнкү чакан баянымда Азамат Алтайдын өмүр жолунун айрым урунттуу учурларын гана эскерте кетмекчимин.

Кичи мекени –– Ысык-Көл

1961-жылы ноябрда АКШнын жарандыгын алып жатып, өз ысымы “Кудайберген Кожомбердиевдин” ордуна оңой айтылган жана жазылган ысымга кантип көчкөнүн Азамат ага кийинчерээк мындайча эскерген:

“Биринчиден, элим үчүн азаматтарча кызмат кылайын, экинчиден, байыркы заманда кыргыздар Алтайда жашагандыктан, кыргыздардын мекени, сүйлөшкө да жеңил, деп Азамат Алтай болуп кала бердим”.

Анын азан чакыргандагы ысымы – Абдымурза болгон. Эки айдан соң гана ага Кудайберген деген ысымды жергиликтүү молдо берген. Атасы – Кожомберди Теке уулу кыргыздын бугу уруусунун ичиндеги кыдык уругунун Асан уулдарынан.

Кожомберди Теке уулу 1916-жылы кыргыз элинин падышалык Орусияга каршы кубаттуу улуттук боштондук көтөрүлүшү ырайымсыз басылгандан кийинки азаптуу Улуу Үркүн маалында Батыш Кытайга качып барып, падыша өкмөтү кулаган соң кайтып келген. Батышта бозгунда жүргөн уулунун аманчылыгын тилеп жүрүп, Кожомберди 1963-жылы сентябр айында дүйнөдөн өткөн.

Кудайбергендин энеси Кантике Черикчи кызы - тоңдук саяктардан.

Кудайберген Кожомберди уулу (Азамат Алтай) агабыз 1920-жылы Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Корумду (кийинчерээк – Кызылчек, андан соң – Бөкөнбаев) айылында туулган.

Өз киндик каны тамган айылды Азамат ага: “Жайлоо дейин десең жайлоо эмес, кыштак деп аташка да негиз жок. Жака болуп жайкалган буудай бышпайт, жайлоо болуп чайпалган тулаң өспөйт. Үч тарабы тоо,” – деп эскергени бар.

Корумду айылынын тургундары кийинчерээк колхоздор акырындап ирилеше баштаганда айылдан 30 чакырымдай төмөндөгү ири кыштакка (азыркы Бөкөнбаевге) көчүрүлгөн.

Албетте, 15-сентябрды Кудайберген жарык дүйнөгө келген нагыз күн катары тастыктап айтуу кыйын, анткени ал бул датаны өзү эле (айрым совет кыргыз жазуучулары 7-ноябрды өздөрүнүн туулган күнү катары шарттуу тандаган сыяктуу эле) төрөлгөн күнү катары шарттуу тандап алган:

“15-сентябрь – менин өзүмдүн коюп алган күнүм. Биздин заманда качан, кайсы күнү туулгандыгыбыз жөнүндө эч кимдин кабары жок. Болгону атамдын айтканы боюнча “күздүн күндөрү” дегени гана боюнча болжолдоп жазылган күн”, – деп Азамат ага эскерген.

Кудайбергендин айылдагы классташтарынын бири –– айтылуу кыргыз акын айымы Тенти Адышова болгон.

Кудайберген 15 жашында Түп районундагы зооветтехникумда кыска мөөнөткө окуп калды, бирок үй-бүлө шартына байланыштуу айылына кайтып келген. Андан кийин комсомолдун Тоң райондук комитетинде жаш муундарды тарбиялоо бөлүмүндө иштеп жүргөн.

Балтика боюндагы аскер кызматы

Кудайберген Кожомбердиев 1940-жылы сентябрда Кызыл аскерге чакырылды. Тоңдон “Киров” деген кемеге түшүп, Балыкчыга жетишти. Андан жүк ташуучу машине менен Бишкекке (ал кездеги Фрунзеге) келишти.

Пишпек темир жол бекетинен аскерлерди узатуу жөрөлгөсүнө ошол кездеги Кыргызстандын аскер комиссары, генерал Иван Васильевич Панфилов (1892––1941) да катышканын Азамат ага учкай эскерет.

Анын 1940-жылдагы окуялар тууралуу эскерүүсүнө кылчайсак:

“Биздин эшелон 17 күн дегенде Литвага келди. Ал убакта Литванын борбор шаары Каунас эле. Каунаста бизди аскерий бөлүккө бөлүштү. Менин жанымдагы балдардын арасындагы жогорку билимдүүлөрдү бир ротага бөлүндү. Бул –– келечектеги запастагы орто командирлер. Мен андан-мында окугандыктан, 8-класстагы билимим бар деп жаздырып койгомун. Полктун кенже командирлерин даярдай турган курсанттардын катарына кошушту....”

Азамат Алтай.
Азамат Алтай.

Согуш туткуну

Улуу Ата мекендик согуш маалында, 1941-жылы августта Азамат Алтай жанындагы башка жоокерлер менен бирге Литвада, Калинин облусунда германдык фашисттерге туткунга түшүп калды.

1941-жылы туткунга түшкөн алгачкы учурун Азамат агай мындайча эскергени бар:

“...Биз анын алдында (туткунга түшөөрдөн мурда) Великие Луки деген шаар үчүн бир канча ирээт согушка катышкан элек. Тамактын айынан токойдон чыгып, бир кыштакка киргенибизде, колго түштүк. Жашыл кийимчен аскерлер келип, бизди тегеректешти. Испандардын «Голубая дивизия” (“Көгүлтүр дивизия) дегени бизди туткундаган, алар бизди немистерге өткөрүп беришти. Немистер бизди бир лагерге алып барып тыкты”.

Туткунга түшкөндөрдүн акыбалы өтө оор болду. Кээде абактан качып, партизандык топторго жолугуп, кайра камалып, акыры Германия тарапка айдалат.

1944-жылы 4-мартта туткундарды Франциянын Брест шаарына поезд менен алып келишет. Аларды кайра Германияга ташып баратканда, ошол жылдын май айынын башында Азамат Алтай поездден түшө качат, Францияда эптеп жашырынып баш калкалап жүрөт. Азамат Алтайдын айтымында, ал фашисттерге каршы күрөшкөн Француз каршылык көрсөтүү кыймылына да катышат.

1944-жылы июнда ал турган жер Батыш ынтымагынын аскерлери тарабынан толук боштондукка чыгарылып, Азамат агай акыры мурдагы нацисттик туткун болгон советтик аскерлердин убактылуу лагерине кабылат.

Тактап кетүү зарыл болгон жагдай –– Кудайберген Кожомбердиев эч качан «Түркстан легионунда» кызмат кылган эмес. Кыргызстандагы айрым мезгилдүү басма сөздөгү Азамат Алтайды алиги легион менен байланыштырган маалыматтар дарекке негизденбеген, чындыкка таптакыр коошпогон жоромол болуп саналат.

Албетте, Түркстан легионунда кызмат өтөгөн кыргыздар да болгон. Муну эч ким танбайт. Ал түгүл Берлинде сүргүндөгү Түркстан жумуриятынын өкмөтү түзүлүп, 1942-жылы жазында “Түркстан легиону” расмий калыптанып бүткөн. Анын башчысы –– теги өзбек саясатчы Вали Каюм-хан (1904––1993) болгон (ал 1922-жылы Бухара Элдик Кеңештик Жумурияты тарабынан Германияга окууга жиберилген, Берлин университетинде окуган. Кийинчерээк СССРге кайтпай, Берлинде кала берген жана акыры нацисттер менен кызматташып кеткен).

Анын орун басарларынын бири – кыргыз жазуучусу Сатар Алмамбет эле (анын “Бет-Алман” деген адабий аты болгон).

Балким, Сатар Алмамбет деле татар акыны Муса Жалил сыяктуу тымызын антифашисттик иш-аракет жүргүзгөнү үчүн СССРге ишенимдүү кайткандыр, Бирок анын чындыгына сталиндик доордо көңүл буруп отурушкан эмес, ал ГУЛагда жүрүп, анан Хрущевдин доорунда элине кайтып келген. Буюрса, советтик НКВДнын (КГБнын) архивдери ачылып, Сатар Алмамбеттин өзү тууралуу тергөөдө жазгандары ачык жарыяланып калгысы бардыр (нацистик Германиядагы татар-башкыр туткун жоокерлерден куралган “Эдил-Орол” легионунун жетекчилеринен болгон Муса Жалилди да НКВДдагылар согуштан кийин Аргентинага качып кеткен деп жоромол кылышкан, бирок Моабит түрмөсүндөгү антифашисттик ырлары сакталып калган бул залкар акынга өлгөндөн кийин “Советтер Союзунун Баатыры” наамын ыйгарышкан).

Батыш Европада калуу

Кудайберген Кожомбердиев 1944-жылы Батыш ынтымагынын аскерлери тарабынан боштондукка чыгарылып, Батыш Европада туруп калган.

Оболу ал деле СССРге кайтууга аракет кылат.

Кудайберген Кожомбердиев (Азамат Алтай) ага өз эскерүүсүндө совет бийлигинин өкүлдөрү мурдагы согуш туткуну болгон өз жоокерлерине алар советтик башкаруу аймагына өтөөр замат эле ырайымсыз мамиле кыла баштаганын өз жон териси менен сезип, алардын далай кордугун көргөнүн айтат.

Мындай запкыдан соң, ал 1946-жылдын 1-январында Батышка качып өткөнүн мындайча айтат:

“Ошентип, 1946-жылдын биринчи күнү советтик куралды, шинелди таштап, гимнастёркамдын үстүнө костюмумду салдым да, англис зонасына өттүк. Смоген жол билет, мен жашаган жерге баралык деп, бир шаардан бир шаарга чейин жөө жүрүп, арадан он күн өткөндөн кийин Германиянын түндүгүндөгү Олденбург шаарына келдик...”

Андан ары Азамат агай поездге жармашып, эптеп Францияга өткөн. 1946-жылдын 10-январында Парижге келип түшкөн.

“Советтер Союзунда туулганыбызды жашырып, (Фритьоф) Нансен паспорту деген эмигранттык паспорт менен жашоого туура келди.”, – деп жазат Азамат агай. Атажуртунан айрылып, эч мамлекеттин атуулу болбогон мигранттар үчүн бул “нансендик” паспорт бюрократиялык тоскоолдуктарды жеңген гуманисттик документ болду.

“Азаттык” үналгысынын экинчи кыргыз кызматкери жана бул кызматтын 1975-84-жылдардагы директору, кийинчерээк – ардагери Төлөмүш Жакып уулу. Мүнхен шаары. 1991-жылдын майы.
“Азаттык” үналгысынын экинчи кыргыз кызматкери жана бул кызматтын 1975-84-жылдардагы директору, кийинчерээк – ардагери Төлөмүш Жакып уулу. Мүнхен шаары. 1991-жылдын майы.

Кошумчалай кетсек, кыргыздын дагы бир көрүнүктүү кулуну, “Азаттык” үналгысынын жүгүн Азамат Алтайдын колунан өткөрүп алып, 1984-жылга чейин “Азаттыкты” жетектеп келген Төлөмүш Жакып уулу (1926–1992) да согуш туткундарынын бири болчу.

Элине кайтып келе жаткан мурдагы согуш туткундарына СССРде өзгөчө ырайымсыз Мамиле жасалып жатканына күбө болуп, ал да Азамат агай сыяктуу эле Батышта калууну чечкен.

Коомдук жана агартуучулук ишмердик

Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев) 1940-жылдардын аягында Батыш Европада жашап калган Борбор Азиялык бозгундардын «Түрк эли» уюмунун ишмердигине жигердүү катышкан. «Түрк эли» уюму Борбор Азиядагы советтик жумурияттардын көз карандысыздыгы, өз келечегин өзү аныктоо укугу, демократиялык болочогу үчүн күрөшүү максатын көздөгөн.

Демек, Азамат Алтай өзүнүн “Азаттык” үналгысына чейинки бозгундук доорунда эле Борбордук Азиянын СССРден эгемендигин колдогон айдыңдык кыймылдарга катышкан.

1946-жылы 23-ноябрда Азамат Алтайдын бир макаласын орусиялык эмигранттардын журналы жарыкка чыгарган.

“Тагдырымды түшүндүрүп, эки журналга узун бир кат жазып жибердим. Көп өтпөй «Социалистический вестник» (“Социалисттик кабарчы”) катымды кыскартып, «Түркестанец” деген ат менен «Исповедь молодого киргиза” (“Жаш кыргыз жигитинин ыймандай сыры”) деген темада макаланы журналга чыгарышты”, – дейт Азамат агай өз эскерүүсүндө.

Ошол жылдары ал кыргыз, казак, орус, өзбек, түркмөн тилинде Мюнхенде чыккан «Түрк эли» журналына да кыргыздардын тарыхы, маданияты, советтик бийликтен запкы жеген кыргыз жазуучу, илимпоздору жөнүндө макалалар жазып, айрым сандарына редакторлук кылып турган.

Ал кезде ал “Кудайберген Кошой” деген да адабий атты (псевдоним) колдонгон.

Азамат агай Батышта бозгунчулукта өмүр сүрүүгө аргасыз болгон белгилүү орусиялык диссидент Александр Керенский, окумуштуу, советолог Александр Беннигсен (Alexandre Bennigsen, 1913––1988), Мустафа Чокайдын (1890––1941) жесири Мария Яковлевна Чокаева (Горина), поляк чыгышпозу Ананиаш Зайончковский (Zajaczkowski), немис чыгыш таануучусу Ханс Бензинг (Йоханнес Бенцинг; Johannes Benzing; 13.1.1913 — 16.3.2001) менен да, улуту башкыр, либерал-демократ жана көрүнүктүү түрколог Ахмет Зеки Велиди Тоган жана башка айдыңдар (интеллектуалдар) жана коомдук ишмерлер менен да тыгыз байланышып турган.

Башкыр жана түрк тарыхчысы, коомдук ишмер Ахмет Зеки Велиди Тоган.
Башкыр жана түрк тарыхчысы, коомдук ишмер Ахмет Зеки Велиди Тоган.

1949-жылы Мустафа Чокай тууралуу китепти даярдоого анын жесири, теги орус, мурда опера ырчысы болгон Мария Яковлевна Чокаева (Горина) айымга кабыш кылганын Азамат агай мындайча эскерип жазат:

“1949-жылдары Мария Яковлевнанын бир аз, чамасы 20–30 миңдей франкы болсо керек. Ошого Мустафа Чокайдын арбагына эскерме китепчесин чыгармак болуп калды. Мени иштетти. Мен кубанып иштедим. Материалдар чогулттум... Мустафа Чокай өзү уюштурган «Жаш Түркистан” журналынын атын коюп, Мария Яковлевна, Алим Алмат үчөөбүз эскерүү китепчени чыгардык. Кириш сөзүн «Жума” деген ат менен мен жаздым...”

Айтмакчы, Мустафа Чокай Түштүк Казакстандын Ак-Мечит жергесинде (азыркы Казакстандын Кызыл-Ордо облусунун Чиели/Шиели ооданында) 1890-жылы туулган. Анын атасы Чокой бий Торгой датка уулу – орто жүздүн кыпчак уруусунун шаты уругунан чыккан тектүү киши болгон. Мустафа 1902- 1910-жылы Ташкенде эркектер гимназиясында окуп, аны эң мыкты баа менен аяктайт (анын классташтарынын бири – кийинчерээк Орусиядагы Убактылуу өкмөттүн башчысы болгон Александр Керенский эле).

1917-жылдын күзүндө Мустафа Чокай оболу Түркстан автономиясынын Кокондогу өкмөтүндө каржы министри, андан соң тышкы иштер министри, ал эми Мухаметжан Тынышпаев баш министр кызматынан кеткен соң, анын ордуна Түркстан автономиясынын өкмөт башчысы болуп иштеген.

1918-жылы 18-февралда большевиктер менен солчул эсерлерден турган Кызыл армия жоокерлери Коконду басып алып, кандуу террор уюштурушуп, Мустафа Чокай жана башка лидерлердин тирүү калгандары башка жактарга качууга аргасыз болушкан.

Мустафа Чокай Уфа, Грузия жана Түркия аркылуу Батыш Европага жетип, 1922-жылдан бери Францияда туруп калган. Ал 1927–1931-жылдары “Жаңы Түркстан”, 1929–39-жылдары болсо “Жаш Түркстан” журналдарын чыгарып турду.

Мустафа Чокай (Шокай).
Мустафа Чокай (Шокай).

1940-жылы сентябрда герман фашисттери Парижге кирип келген. Ошондон тартып Мустафа Чокайдын азыр да кызуу талашка түшкөн турмушу башталган. Соңку маалыматтарга караганда, ал фашисттик Германия туткундаган советтик Борбордук Азиядан келген кишилердин оор ал-акыбалын концлагерлерди кыдырып жүрүп көрүп, фашисттик бийликти сынга алган.

1941-жылы 27-декабрда М.Чокай белгисиз жагдайда кайтыш болгон. Ал өлгөндөн үч ай өткөн соң нацисттик Германия “Түркстан легиону” деген аскердик бирдикти расмий уюштурган.

Мустафа Чокайдын бейнесин калыс изилдөөдө Азамат Алтай да катышкан аны эскерүү китебинин өзгөчө орду бар.

Азамат Алтай бозгунда жүргөн казак, өзбек, татар-башкыр, ногой интеллектуалдары менен да байма-бай байланышып турган.

Азамат Алтай учурунда досу, советолог А.Беннигсен мырзага Борбордук Азиянын түрк калктарынын тилдериндеги мезгилдүү басылмалардын материалдарын илимий максатта жалпылоо үчүн кыргыз, казак, өзбек тилдеринен которуп берип турган.

“Азаттык” үналгысындагы алгачкы кыргыз

1953-жылы Кудайберген Кожомбердиев башкеңсеси Мүнхенде жайгашкан «Азаттык» үналгысына (азыркы «Эркин Европа-Азаттык» үналгысынын Кыргыз кызматы ал кезде тек гана Түркстан кызматынын бир бөлүмү болчу) ишке кирди.

Ошол жылдын 18-мартынан тартып ал “Азаттыктын” “Түркстан кызматынын кыргызча берүүлөрүн даярдап, обого алып чыга баштады.

Кудайберген Кожомбердиев кыргызча берүүнүн бир эле учурда редактору, автору жана алып баруучусу болгон. Кийинчерээк анын жолун Төлөмүш Жакып уулу уланткан.

1953-жылы 5-мартта Иосиф Сталин өлгөн. Бул окуядан 13 күн өткөн соң ишин баштаган “Азаттык” үналгысы, ошентип, кыргыз үнүн эл аралык радионун алкагында дүйнөгө чыгарган, кыргыздын улуттук кадыр-баркынын символдорунун бирине айланган маанилүү маалымат каражаты болуп телчиге баштады.

Коммунисттик өлкөлөрдө тыюу салынган адабият 1953--1956-жылдары Батыш Германиядан Чыгыш Европага аба толтурулган баллон аркылуу да учурулуп турган.
Коммунисттик өлкөлөрдө тыюу салынган адабият 1953--1956-жылдары Батыш Германиядан Чыгыш Европага аба толтурулган баллон аркылуу да учурулуп турган.

Өзүн Батыш Европадагы айдыңдар чөйрөсүндө тааныта алган, терең билимге умтулган, өз доору үчүн мыкты сабаты бар Азамат Алтайдын “Азаттыктын” кыргызча берүүлөрүн түптөөгө тартылышы, менимче, “Азаттыктын” кыргыз кызматы үчүн чоң утуш болгон.

Айтмакчы, эгерде Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Азамат Алтай фашисттер тарабында согуш аракеттерине катышкан болчу болсо, анда аны эч качан “Азаттыкка” кызматка алышмак эмес эле. Бул дагы белгилей кетчү өтө маанилүү жагдай.

Нью-Йоркко көчүп кетүү

Батыш Германиядагы Мүнхен шаарында бир аз убакыт иштеп турган соң (1956-жылдын 15-сентябрында) Азамат Алтай бул шаардан Нью-Йоркко (АКШга) көчүп келет да, саал көп узабай Нью-Йорк китепканасынын түркология бөлүмүндө иштеп калат.

Кийинчерээк Азамат Алтай Нью-Йоркто сапарда жүргөн казак жазуучусу Мухтар Ауэзов, бир катар кыргыз айдыңдары менен да жолуккан.

Нью-Йоркто да ал «Азаттык» үналгысы менен тыгыз кызматташып, апта сайын ар кыл материалдар даярдап жиберип турду.

Маселен, 1967-жылдын 2-3-июнунда Канаданын Монреал шаарында ЭКСПО-67 жармаңкесинде Кыргызстандын күнү өткөрүлүп, Азамат Алтай бул окуя тууралуу “Азаттыктан” “Баракелде, кыргыздар!” деп репортаж уюштуруп турган.

Санияга үйлөнүү

Кудайберген Кожомберди уулу 1958-жылы Мекеге зыярат кылат. Мекеде жүрүп кыргызстандыктар менен жолугат. Сузактын Ачы айылынан келген кыргыз зыяратчы аркылуу кат жиберип, атасы Кожомбердиге өзүнүн аман-эсендигин билдирет.

Мекеден Стамбул аркылуу кайтып келе жатканында, Кудайберген боордош казак айдыңы Алим Алмат менен жолугуп, аныкынан Сания апа менен таанышат. Ага чейин да нечендеген мусулман кыздар менен тааныштырылган экен, бирок бирисине өзү жакпаса, экинчисин өзү жактырбай, үчүнчүсүнүн ата-энеси Кудайбергендин “каапыр өлкөдө” жашаганын жактырбай келишкен экен.

Досу Алим эже-сиңди эки кызды чакырып келип тааныштырат:

«Мүмкүн жактырышарсыңар, мүмкүн, үйлөнөөрсүңөр. Анан «китепти ордуна койдуңбу?» деп сурасам, демек, жактыбы дегеним, деп Алим мага пароль (сырсөз) үйрөттү...

Ошо китеп – менин Санием. Жанындагысы сиңдиси Нажие экен. Ал күнү кыздарды үйүнө жеткирип койдук. Эртеси энеси менен жездесинин алдынан өтүп, дагы эки күндөн кийин мечитте нике кыйдырдык”, – деп жазат Азамат Алтай.

Азамат Алтай өмүрлүк жары Санийе менен.
Азамат Алтай өмүрлүк жары Санийе менен.

Теги урал татарларынан болгон, Орусиядан Кытайга, анан Жапонияга өтүп, акыры ата-энеси Түркияда байырлап калган Сания апа Түркиянын атуулу болчу. Ал эми Германиядагы түрк консулдары Кудайберген менен Санияны расмий никеге тургузбай бир нече ай бою кыйнашат. 1959-жылы АКШнын Мүнхендеги баш консулунун бир уй тилиндей колдоо катынын күчү менен гана Түркиянын Мүнхендеги консулу эки күндө нике кагазын бүтүрөт.

Андан соң Сания апа дээрлик үч айдай Кудайбергендин Мүнхендеги досу Виктор Вербицкий менен анын жубайы Таня Вербицкая (Зотованын) үйүндө америкалык визаны күтүп жашайт. Акыры Сания апа мухиттин ары жагына келип, күйөөсүнө кошулат.

(1997-жылы кеч күздө мен Азамат Алтай агабыздын Нбю-Йорктогу үйүнө барып, Сания апаны да көрүп калдым. Ошондо да 76 жаштагы Сания апа жылдыздуу, мээримдүү жана жаракөр көрүндү).

Кайрадан Мүнхенде

“Азаттыктын” Кыргыз кызматынын башчысы Төлөмүш Жакып уулунун улам өтүнгөндүгүнөн улам 1980-жылдардын башында Азамат Алтай кайрадан Мүнхенге келип, өзү түптөгөн кыргыз кызматында иштей баштады. Төлөмүш Жакып уулунун ооруп калгандыгына байланыштуу, Азамат Алтай 1984-жылдан тартып “Азаттык” үналгысынын деректири кызматын аркаолап калды.

Ал Түркиядан таалим алып, түркиялык кыргыздарга таандык акцент менен сүйлөгөн “Азаттыктагы” жаш кесиптештерине Ала-Тоодогу кыргыздардын тилин жана акцентин үйрөтүп, журналисттик кесип жана тил жаатында ырааттуу кеп-кеңешин берип жүрдү. Алардын ичинен өзүнө мураскорду жетекчилик ишке убактылуу дайындап, жөндөмүн байкап, тажрыйба аркылуу тандоо жолу менен иргеди.

Аким Өзгөн. 2004-жылдын күзү. А.Капай уулунун сүрөтү.
Аким Өзгөн. 2004-жылдын күзү. А.Капай уулунун сүрөтү.

Азамат Алтай 1988-жылы пенсияга чыгып, кайрадан Нью-Йоркко кетти да, ордуна өзү тарбиялаган шакирти Аким Өзгөн деректир болуп калды.

Нью-Йорктогу кадырман кыргыз карыя

Ардагердик эс алууга чыккандан көзү өткөн 2006-жылга чейин Азамат Алтай агабыз АКШнын Нью-Йорк шаарында жашап келди.

Анын бул шаардагы үйү АКШга барган миңдеген кыргыз боордошторунун зыярат жайына айланды. Алардын ичинде Кыргыз өкмөт мүчөлөрү, депутаттары, элчилери, жазуучулары, журналисттери, публицисттери, маданият жана спорт өкүлдөрү болушту.

Алардын бири – Кыргыз Республикасынын Баатыры, драматург Бексултан Жакиев мырза Азамат Алтайдын архивинин бир бөлүгүн Ала-Тоого алып келген.

Азамат Алтай 1995-жылдан тартып Жалал-Абат менен Караколдогу университеттердин мыкты окуган студенттерине жеке өзүнүн атынан жыл сайын 500 доллардан сыйлык берип келди. Анын батасын жана стипендиясын алган нечендеген студенттер эми илимий даражага жетип, айрымдары коомдук ишмер болуп жүрөт.

Эгемен Кыргызстандын мурдагы президенти, өлкөбүздүн алгачкы тышкы иштер министрлеринин бири, Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы туңгуч элчиси, мамлекеттик жана коомдук ишмер Роза Отунбаева эжебиз Азамат Алтай тээ 1990-жылдардын башында Кыргызстандан АКШга келген студенттерге улам эле туш келди акчалай жардам бере бергенин эскерет.

Мурдагы президент Роза Отунбаева.
Мурдагы президент Роза Отунбаева.

“Бул балдарга караганда, Ала-Тоодогу элеттик университеттерде калган студенттердин акыбалы оорураак, андан көрө ошолорго көмөк кылсаңыз дурус болмок”, – деген Роза Исак кызы эженин кеңешинен улам, Азамат Алтай жогоруда айтылган эки университетке өз атынан стипендия ирээтинде акча жөнөтө баштаган экен.

(Бул тууралуу кийинчерээк, 2006-жылы май айында, Роза эже да Азамат Алтайды эскерүү кечесинде дагы бир ирет калайыкка тастыктап айтты).

Азамат агай өзү 1950-жылдардан бери кыргыздын тарыхы, маданияты, адабияты боюнча чогулткан баалуу китепканалык архивинин бир бөлүгүн 1995-жылы Кыргызстандагы Жалал-Абат университетине тартуулады. Кийинчерээк Жалал-Абат университетиндеги Илимий китепканада Азамат Алтайдын бурчу ачылды.

Азамат агай 1995-жылы 24-августтан 11-сентябрга чейин эгемен Кыргызстанга сый конок катары келип, «Манас» эпосунун шарттуу миң жылдык мааракесине катышты, өзү терең урматтаган жана эл аралык коомчулукка пропагандалаган жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков, тилчи Кусейин Карасаев, кытайлык манасчы Жусуп Мамай сыяктуу кыргыз залкарлары менен Бишкекте дидарлашты.

Азамат Алтай жана бир катар кыргыз акын-жазуучулары Түгөлбай Сыдыкбековдун үйүндө. Бишкек. 1995-жылдын августу.
Азамат Алтай жана бир катар кыргыз акын-жазуучулары Түгөлбай Сыдыкбековдун үйүндө. Бишкек. 1995-жылдын августу.

Өз киндик каны тамган Атажуртуна, Ысык-Көл кылаасына келип, элдин ага берген чыныгы баасы тээ совет доорундагы расмий каралоолордон таптакыр башка экенине өз көзү менен күбө болду.

2003-жылы июнда Азамат Алтай агабыз Прага шаарына келип, өзү да түптөөгө катышкан эл аралык радионун 50 жылдык мааракесине сый конок катары катышып, “Азаттык” үналгысынын XXI кылымдын башындагы муунуна жолугуп, өз батасын берип кетти.

Тээ Мүнхенде аны менен чогуу иштеген орус жана башка тилдердеги кызматтардын ардагерлери Прагадагы мааракелик салтанаттар маалында аны менен кучакташып көрүшүп жатышты. Аны алар “Берген” деп атап жатышканына күбө болдум.

Көрсө, обого чыккан жана жарык көргөн макалаларында ал өзүн Азамат Алтай деп тааныштырганы менен, кесиптештери анын алгачкы атын (Кудайберген) кыскартып, “Берген” дешчү тура.

Бул ысымы тууралуу жумшак юмор катылган эскерүүсүндө Азамат Алтай мындайча жазат:

“...Кудайберген деп менин эски досторум да чакырат. Бирлери “Кудай” деп да чакыра башташты да. “Кудай” дегендерге “Жок, силер мени “Кудай” дебегиле, толук айткандан зериксеңер, анын экинчи бөлүгү бар “Берген” деген. “Берген” деп чакыргыла!” десем, ошентип айтып жүрүштү”.

Акыркы сапар

«Азаттык» үналгысынын ишмердигинин башатында турган, Кыргызстандагы демократиялык жараянга бараандуу салым кошкон коомдук ишмер Азамат Алтай рак оорусунун айынан 2006-жылы 23-майда Нью-Йорк убактысы боюнча таңкы саат 06:25те дүйнөдөн кайтты.

Маркумду акыркы сапарга узатуу ырасымы Нью-Йоркто өткөрүлдү. 27-майда анын сөөгү өзүнүн керээзине ылайык Нью-Йорктогу мусулман көрүстөнүндө маркум жубайы Сания апанын ((Saniye Altay; 19.12.1921 –– 19.11.2005) кабырынын жанына коюлду.

Азамат Алтайды акыркы сапарга узатуу күндөрү. Нью-Йорк. 2006.
Азамат Алтайды акыркы сапарга узатуу күндөрү. Нью-Йорк. 2006.

Бүт дүйнө жүзүнөн көңүл айтуу каттары бизге келип жатты. Анын жакындарынын жана жалпы эле кыргыз элинин азасын бөлүшүп, көңүл айткандардын бири –– чыгаан жазуучубуз, коомдук ишмер, элчи Чыңгыз Айтматов (1928––2008) болду.

Кыргызстанда да өкмөттүк деңгээлде маани берилип, жергиликтүү гезиттерге расмий өкүлдөр, журналисттер жана коомчулук өкүлдөрү кол койгон аза-кат (некролог) жарыяланды.

2006-жылы “Азаттык” үналгысынын жамааты Бишкекте жана Азамат Алтайдын киндик каны тамган айылда (азыркы Бөкөмбаев шаарчасында) жергиликтүү бейөкмөт уюмдар менен биргеликте уюштурган эскерүү кечелери “Азаттык” үналгысы жана кыргыз улуттук сыналгы каналы (азыркы КТРК) аркылуу жалпы кыргыз элине кеңири чагылдырылды.

Азамат Алтай Кыяс Молдокасымов менен Нью-Йоркто баарлашууда. 22.9.2005.
Азамат Алтай Кыяс Молдокасымов менен Нью-Йоркто баарлашууда. 22.9.2005.

Жаркын элеси –– эл эсинде

Айтмакчы, Чыңгыз Айтматов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Болот Миңжылкиев, Төлөмүш Океев сыяктуу азыр дүйнөдөн өткөн залкар агаларыбыз тээ Совет доорунда эле Азамат Алтай сыяктуу бозгундагы кыргыз журналисттеринин коомубуз үчүн тарыхый салымын баамдап, өз учурунда аларды баалап-урматтай алышкан.

Азамат Алтай менен Бексултан Жакиев Ысык-Көлдө. 12.9.1995.
Азамат Алтай менен Бексултан Жакиев Ысык-Көлдө. 12.9.1995.

Жазуучу Казат Акматов, комузчу Чалагыз Исабаев, окумуштуу-сөздүкчү Жолдош Жусаев, коммунист, коомдук ишмер Бейшен Мураталиев сыяктуу агаларыбыз да ошол эле опурталдуу заманда “Азаттыктын” кызматкерлери жана ардагерлери менен тайманбай баарлашкан.

Азыр да уучубуз куру эмес. Эгемен Кыргызстандын энциклопедиясына, окуу китептерге Азамат Алтай жана анын шакирти Төлөмүш Жакып уулу ж.б. тууралуу макалалар байма-бай жарыяланууда. Кыргыздын Бексултан Жакиев, Кеңеш Жусупов, Кыяс Молдокасымов сыяктуу айдыңдары да Азамат Алтай тууралуу эскерип жазып келишет.

Ал эми америкалык калемгер Жеф Лили “Тоолор куладыбы?” аттуу китебинде Азамат Алтай менен Чыңгыз Айтматовдун тагдырларын салыштырган инсан таануу багытындагы кызыктуу баянды сунуштады.

Жеф Лили өзүнүн Азамат Алтай жана Чыңгыз Айтматов тууралуу китебин Конгресс китепканасында тааныштырууда.
Жеф Лили өзүнүн Азамат Алтай жана Чыңгыз Айтматов тууралуу китебин Конгресс китепканасында тааныштырууда.

Тоңдун Бөкөмбаев шаарындагы көчөлөрдүн бирине Азамат Алтайдын ысымы коюлган. Эгемендик доордо абдан көп кыргыз уулдарына “Азамат” жана “Алтай” ысымдары берилип келет. Менимче, айрымдары ат коюуда Азамат Алтайдын өрнөктүү өмүрүн эске алышкан го деп санайм.

Азыр да эски оторчул коомду самаган замандаштарыбыз анда-санда жалпыга маалымдоо каражаттарында “Орусияга кайра кошулсакпы?” деп жазып чыга калып жаткан тапта, жаш муундарыбыз Азамат Алтай чакырган эгемендик ураанын аңдай билгендей жана коргой алгандай өсүшү керектигин аба менен суудай зарылчылык деп билебиз.

Бүгүнкү эгемен, демократиялуу жана айдыңдык (секулярдык) Кыргызстан –– Азамат Алтай сыяктуу бабаларыбыздын өмүрлөрү текке кетпегендигинин башкы күбөсү. Бабалардан мурасталган эгемендик байрагын татыктуу көтөрөлү.

Азамат Алтай - Ала-Тоонун Батыштагы бүркүтү
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:03 0:00
Түз линк

Кыскача адабият:

Азамат Алтай (1920-2006): Азаттык менен демократиянын жарчысы: (Азамат Алтайдын 90 жылдыгына арналган жыйнак) / Башкы редактору, кириш сөзүнүн автору Т.К.Чоротегин. Эскерүүлөрдүн редакторлору: В.Сагындык кызы Жуматаева, С.Жумагулов, К.Чекиров, Т.Чоротегин. Рецензент А.Капай уулу Койчиев. – Бишкек: Интерполиграф, 2010. – 320 бет, сүрөттөр. - ISBN 978-9967-26-039-9.

Ала-Тоонун Батыштагы бүркүтү: (Азамат Алтайдын 90 жылдык мааракесине)/ Редактору Кубат Чекиров; рецензенти Арслан Капай уулу Койчиев; сүрөтчүсү Асан Турсункулов. -Бишкек: “Гүлчынар” басмасы, 2010. — 60 бет, сүрөттөр - [“Азаттык” үналгысы.] – ISBN 978-9967-409-87-3

Жусупов, Кеңеш. Жан шерик: Жыйнак / Жыйнакты түзгөн Айгүл Эралиева. – Бишкек: Бийиктик, 2007. – 588 б. (Мында: 233-236-беттер). – ISBN 978-9967-13-229-0.

"Кыргызстан": Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы редактору академик Үсөн Асанов. - Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. - 688 бет, илл. – ISBN 9967-14-046-1.

Lilley, Jeffrey B. Have the Mountains Fallen?: Two Journeys of Loss and Redemption in the Cold War. – Indiana University Press; Illustrated Edition (January 25, 2018). – 336 pages. – ISBN-10: 025303244X; ISBN-13: 978-0253032447.

XS
SM
MD
LG