Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:39

Миңжылкыев - бас үндүүлөрдүн дөө-шаасы


Болот Миңжылкыев
Болот Миңжылкыев

Мындан туптуура 80 жыл илгери кыргыз атын дүйнөгө тааныткан улуу ырчы Болот Миңжылкыев жарык дүйнөгө келген.

Оңбогондой оорчулук Кыргызстанды жакалап, өнөр адамынын жашоо-турмушу кыйындап кеткен чакта ал Санкт-Петербургдагы айтылуу Мариинский театрында ырдап, чыгармачылыгын уланткан. Дүйнөдөгү саналуу опера жылдыздарынын бири бу жалганды мындан 23 жыл илгери таштап кеткен. Сөөгү маркумдун керезине ылайык кыргыз жеринде коюлган.

Атак-даңк

Табият Болот Миңжылкыевге кайталангыс үндү, келишкен келбетти, ага кошуп бийик адамгерчиликти ченебей берген экен. Анан да анын ырчылык жөндөм-шыгынын өз учурунда ачылып, жалаң кыргыз эмес жаамы дүйнөгө белгилүү опера өнөрүнүн саналуу генийлеринин катарынан орун алышы биралдын кызык, экинчи жагынан шыдыр болгондой таасир калтырат. Бирок ал кандай мээнет, маңдай тер төгүп, дүйнөлүк атак-даңкка жеткенин жакындары, кесиптештери мыкты билет. Алтымышынчы жылдардын башында баш калаадагы Опера жана балет театрынын студиясында билим алып, ошол жерден Ташкендеги консерваторияга жолдомо менен жөнөтүлгөн. Ташкенден келип өзү сүйгөн театрда иштей баштаганда опера ырчыларынын чанда биринин гана бактысына жазылчу Италиянын айтылуу Ла-Скала театрында чеберчилигин өркүндөтүүгө жөнөтүлгөнү чыгармачылык бактысы болгон.

Болот Миңжылкыев сахнада.
Болот Миңжылкыев сахнада.

Улуу опера ырчысы үчүн өнөр сахнасы кайсы бир өлкө же шаар менен эле чектелбейт, ыр генийин бардык жерде алакан чаап тосуп алышат, угармандарынын сүймөнчүгүнө арзыйт. Ал эми наам, элдик, мамлекеттик сый-урматтар ага улай келе берет. Болот Абдылда уулунун сыйлыктары менен наамдары, кайсы өлкөлөрдө өнөрүн көрсөткөнү, аткарган ролдорун тизмелеп чыкса кыйла орун алары бышык. Кыргызстандын, СССРдин эл артисти, мамлекеттик сыйлыктардын ээси, көптөгөн конкурстардын жеңүүчүсү - бул тизме дагы башка узундан узун болуп кете берет. Дегинкиси ал союздук өнөр жарыштардан бир да ирет куру кол кайткан эмес.

Баарынан да Италиянын атактуу сахнасында дүйнөнүн мыкты опера ырчылары менен Жузеппе Вердинин “Дон Карлос” операсында падыша Филипптин партиясын аткарганы анын чыгармачылык диапазону канчалык кенен экенин көрсөтүп турат. Анан мына ушул татаал, түйшүгү түмөн өнөрүндө жеткен чыгармачылык бийиктиги орус композитору Модест Мусоргскийдин “Борис Годунов” операсындагы Борис Годуновдун партиясы болду.

Болот Миңжылкыев Борис Годуновдун ролунда.
Болот Миңжылкыев Борис Годуновдун ролунда.

Алгач Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында, кийин Москвадагы Чоң театрда, Санкт-Петербургдагы Мариинский театрларында ал элүүгө жакын партияларды, саны жагынан оголе көп вокалдык чыгармаларды аткарган. Талыкпаган мээнети, тыным билбес аракети, анан да табият берген керемет үнү менен дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө болуп, улуу өнөрдүн кылымда бир жаралчу сейрек генийлеринин бири экенин ырастай алган. Миллиондогон күйөрмандары анын талантына тан беришкен.

Америкадагы жолугушуу

Айтса, ошондой чет өлкөлүк гастролдорунун биринде ал алыскы Америкада жашап жаткан Азамат Алтай менен кездешкен экен. 1975-жылы СССРдин Чоң театры койгон “Борис Годунов” операсы бир айга жакын америкалыктарга тартууланып, мына ушул окуя тууралуу кабарлаган “Нью-Йорк Таймс” гезитинин андагы башкы каармандын партиясын Тибеттин жанындагы ортоазиялык бир республикадан келген ырчы аткарганы жөнүндөгү кабар ал жердеги кыргыз Азамат Алтайдын баамына илинип калат.

Бир аз тартынып, бирок да кыргыз экенине сүйүнгөн Азамат Алтай Болот Миңжылкыев токтогон мейманканага барып, эшик тоскон жерден номуруна телефон чалат. Тагдырдын жазмышы менен чет жерде туруп калган улутташынын өтүнүчүн уккан улуу ырчы “Мен да кыргызмын агай, азыр чыгам беш мүнөт күтө туруңуз” деп тосуп чыгып, кучак жая көрүшүп, узакка сүйлөшүп отурушат. Андан да кызыгы, Чоң театрдын Вашингтондо өткөн оюнуна Болот Миңжылкыев концертти уюштуруучуларга эки билет табууну, эгер таба алышпаса ырдабай турганын айтып, айласын кетирет. Аргасы куруган театр жетекчилери улуу ырчынын эки тууганын президенттик ложага отургузушканын, ырдап бүткөндөн кийин Миңжылкыев алгач ошол экөөнө, анан залдагы көрүүчүлөргө ызат көрсөткөнүн замандаштары эскерип жүрүшөт.

Миңжылкыев артынан коюлган аңдууга карабай Азамат Алтайдын үйүндө конок болуп, чер жазышып өткөн-кеткенди сүйлөшүп үй ээсин ыраазы кылып кайткан экен. Ошол жерде ал: “Биз кыргыздар аябай эле азбыз, бири-бирибизге колдоо көрсөтпөсөк, жоголуп кетишибиз оңой эле”, - деп айтыптыр.

Советтер союзу заманында өлкөнүн башкы театрынын ырчысы катары дүйнө кыдырып, көп өлкөлөрдө өзүнүн кыргыз экенин таанытып келген улуу ырчы коммунисттик империя урап, өнөр адамдарынын жашоо-турмушу өзгөчө оор абалда калганда айласыздан Санкт-Петербургдагы айтылуу Мариинский театрына иштөөгө которулган. Туулган жеринен ыраак, анткен менен жаңы заманда баштагы ысымына көчүп, илгертен келаткан салтын улап кеткен опера театрында ал 1989-жылдан тарта иштеп калган.

Каармандардын калдайган айылы

Болот Миңжылкыев кыргыз жана дүйнөнүн башка театрларында аркыл пландагы кайталангыс образдарды жараткан. “Манас” операсындагы Коңурбай, “Айчүрөк” операсындагы Семетей, “Русалкадагы” Тегирменчи, ырчынын атын дүйнөгө тааныткан Борис Годунов, Петр Биринчи, Мефистофель, “Хованщинадагы” Хованск, Иван Грозный, Кутузов дагы башка партиялар анын кызылдай мээнетке башын сайып жараткан образдарынын айрымдары гана. Ал эми анын камералык чыгармалары, кыргыз угармандарына өзгөчө жакын “Алтынчы күнү кечинде”, “Кыргыз жерим” баштаган элдик ырлар, романстар, орус жана чет өлкөлүк вокалдык классиканын үлгүлөрүчү!

Болот Миңжылкыевдин сахнага чыкканда көрүүчүлөрдү өзүнө тартып алчу касиети бар эле. Анын аткаруусундагы ар бир чыгарма өзгөчө жаңырып, чыгарманын башта билинбей, катылып келген келген сыры бажырая ачылып, өзгөчө бир жаңырып чыга келчү. Ошон үчүн Болот Миңжылкиев катышкан оюнга көрүүчүлөр түрүлүп келчү. Опера жана балет театры кээде айылдарга чыгып, ачык асман алдында, айланасын бийик зоолор курчаган, көк жашыл шибер үстүндө апыл-тапыл жасалган машине-сахнада же карапайым калк алдында жөн эле жерде ырдаганда улуу тоо шаңкайып, таштан-ташка урунган тоо дайрасы кошулуп, бийик чыккан коңур үндүн сыйкыры баарын бийлеп алчу.

Дүйнөгө таанымал, өнөр адамына ыроолончу расмий сый-ургалдардын баарына жеткен улуу ырчынын өтө жөнөкөйлүгү, баарынан да бир боор элине деген сүйүүсү ага дайыма шык, дем берип келди. Анан да, пенде баласынын чанда бири гана чыдай алар түмөн түйшүккө баш байлап, ал тек санап чыкса кыйла убакытты алар кыргыз, орус, дүйнөлүк классиктердин эң мыкты операларында башкы партияларды, ага кошуп вокалдык чыгармаларды аткарып жүрдү.

Табият ага чендебей өнөр бергени менен өмүр жашын кыйла эле чектеп коюптур. Чыгармачылык бийик серелерге жетип, дүйнөлүк саналуу опера ырчыларынын бири катары таанылган улуу ырчы 58 жашында бу жалганды таштап кеткен. Мариинский театрындагы кесиптештери анын соңку өтүнүчүн орундатышып, маркумдун сөөгүн туулган жерине коюу зыйнатына катышты.

Мариинский театрынын жетекчиси, айтылуу дирижер Валерий Гергиев кесиптеши тууралуу минтип жазган:

“Миңжылкыев Чоң театрда Мариинский театрынын гана артисти катары эмес, биздин өлкөдө Марк Рейзен менен ага-ини Пироговдордон кийин жарк этип чыккан кайталангыс бас үндүүлөрдүн мыктысы – өзгөчө бир дөө-шаасы катары ырдамак. Ал театр үчүн күн-түн дебей иштей берчү, аным үчүн кандай наам алам, кайсы жерлерге барам деп сурачу эмес. Аябай жупуну, бирөөлөрдөн эч нерсесин аябаган март, анан да башкалардын ийгилигине ичи тарыбаган айкөл адам болчу”, - деп эскерет Валерий Гергиев.

Кыргыз кыйырынан чыккан улуу таланттарды, залкарларды, генийлерди эли эстей жүрүшү абзел. Белгилүү геолог, коомдук ишмер Абдылда Миңжылкыевдин уулу Болот кыргыз элин дүйнөгө тааныткан дүйнөлүк деңгээлдеги улуу ырчы болчу. Андай кайталангыс залкарлар калк арасынан сейрек да болсо чыгат экен, аны эстеп, барктап алыш элинин милдети.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG