Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:13

Сот БШКнын Бекмурза Эргешовго байланыштуу чечимин жокко чыгарды


Бишкек шаарынын административдик соту Борбордук шайлоо комиссиясынын №7 Ош бир мандатуу округунан талапкер Бекмурза Эргешовду жарыштан четтеткен чечимин жокко чыгарды.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Эргешовдун ишенимдүү өкүлү Мэлис Обозов билдирди.

26-апрелде Бекмурза Эргешовдун талапкерлик каттоосун жокко чыгаруу чечимине Боршайкомдун сегиз мүчөсү “макул” деп добуш берип, чечим кабыл алынган. Буга башка талапкерлердин БШКга жана бийлик өкүлдөрүнө административдик ресурс колдонулуп жатканы тууралуу жазган арызы негиз болгон.

Буга чейин эркин журналист Ыдырыс Исаков айрым аткаминерлер жана аларга баш ийген кызматкерлер шайлоодогу талапкерлердин бири Бекмырза Эргешовдун штабында жүргөнүн иликтеп чыккан.

Ош шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Азат Кубат бул видео чыккандан кийин атайын комиссия түзүлүп, иликтөө жүргөнүн жана анын чечими менен айрым кызмат адамдары жазага тартылганын билдирген.

28-апрелде №2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Жалпысынан үч округда 30 талапкер катталган, алардын бирөө гана (Ош шаарында) аял. (DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG