Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:07

Баткенде кыргыз-тажик чек арасын тактоого байланыштуу кезектеги сүйлөшүү өттү


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Баткен шаарында 21-27-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасын тактоого байланыштуу эки өлкөнүн жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Өкмөттүн басма сөз кызматы "тараптар чек аранын чечиле элек аймактары боюнча сүйлөшүү жүргүзгөнүн" билдирди. Келерки жолугушуу Тажикстандын аймагында өтөт жана үйлөшүүлөр уланат.

"Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү",-деп жазылган маалыматта.

Буга чейинки жолугушуу 7-13-апрель күндөрү Тажикстандын Бустон шаарында өткөн жана анда тараптар чогуу талаа изилдөөлөрүн жүргүзгөн.

Баткендеги 24-29-март күндөрү топографиялык топтордун кезектеги жолугушуусунда чек аранын дагы 28,37 чакырымын такталганы кабарланган.

29-мартта Баткен шаарында эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары, Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолуккан.

Анын алдында Бустон шаарында тараптар чек аранын дагы 11 чакырымга жакын сызыгы макулдашылганын жарыялаган. Ташиев менен Ятимов 16-мартта аталган шаарда кездешкен.

Президент Садыр Жапаров былтыр жыл аягында Баткенге барганда Тажикстан менен чек ара 2024-жылдын жаз айларына чейин такталып каларын айткан.

Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым. 2022-жылы президенттер жолуккан маалда мунун 664 чакырымы боюнча орток пикир табылганын айтышкан.

Чек ара такталбагандыктан суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта байма-бай чыр-чатактар болуп келген. 2021-жылдын апрель-майында жана 2022-жылдын сентябрында чек арада эки мамлекет кандуу кагылышууга барган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG