Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:34

Пенсия жогорулайт. Ким канча алат?


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия көтөрүлөрүн өлкөнүн Социалдык фонду кабарлады. Маалыматка ылайык, эс алууга чыккандардын пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгү 38% жогорулайт. Бул канча каражатты түзүшү мүмкүн?

Кыргызстанда октябрдан тарта пенсиянын камсызданыруу бөлүгү көбөйөрүн өлкө бийлиги ушул аптада жарыялады. Бул жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Ага ылайык, өлкөдөгү 30 миң сомго чейинки пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү орточо 38%, бирок 500 сомдон кем эмес өлчөмдө көбөйөт. Бул үчүн 3,9 млрд сом каралды. Пенсия көтөрүлөрү кабарлангандан бери кимге канча сом кошулат деген суроолор утур-утур берилүүдө.

Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев 15-сентябрда маалымат жыйынындагы сөзүнө караганда, пенсия аталган мекемеге чогулган акчанын эсебинен көтөрүлөт.

"Былтыр мамлекеттен берилген акча 1780 сом болчу. Аны 3170 сомго чейин чыгардык, базалык бөлүктөгү бул сумманы толугу менен мамлекет камсыздап берген. Бул үчүн мамлекеттен 15 миллиард сомго жакын акча бөлүнгөн. Быйыл камсыздандыруу бөлүгүн эле 38% көтөрүп жатабыз. Бул сумманын баары тең пенсиялык фонддун, башкача айтканда Соцфонддун акчасы".

Адегенде Алиев айтып жаткан пенсиянын базалык бөлүгү жана камсыздандыруу бөлүгү кайсылар экенин түшүндүрө кетели. Базалык бөлүк - бул жылына мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн акча. Ал бардык пенсия алгандар үчүн бирдей сумма менен айына 3170 сомдон берилип турат. Ошондой эле пенсиянын көлөмүнө жараша 250 сомду мамлекет электр энергия үчүн төлөп берет. Ал эми камсыздандыруу бөлүгү - бул жарандардын Социалдык фонд үчүн айлыгынан кармалат.

Жарандын канчалык тажрыйбасы же алган айлыгы көп болсо, ошончо көп акча топтолот. Жыйынтыгында пенсияга чыкканда камсыздандыруу бөлүгү көп чогулган жарандын пенсиясы да жогору болот.

Демек, ушул жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын дал ушул камсыздандыруу бөлүгү 38% жогорулайт.

Мисалы, буга чейин 6000 сомдук пенсиянын 3170 сому базалык бөлүк болсо, 250 сому - электр энергиясы үчүн бөлүнгөн акча. Калган 2580 сому - камсыздандыруу бөлүгүндөгү акча.

Эми ушул 2580 сом 38% жогорулаганда, 980 сом кошулат. Ошондо 6 миң сом пенсия алган жаран 6980 сом алып калат. Жалпысынан, пенсиянын көлөмүнө 500 сомдон кем эмес акча кошулат деп ишендиришүүдө.

Ошондой эле бул жогорулатуулар ден соолугуна байланыштуу пенсияга чыккан жарандарга да тиешелүү, бирок 3-топтогу майыптардын иштеген иши болсо, 19% чейин көтөрүлөт.

Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевдин айтымында, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин маянасы көтөрүлгөндөн кийин Соцфондго түшкөн акча көбөйгөн.

Ошондой эле жеке сектордо иштегендерден да көбүрөөк акча түшө баштаган. Бул акча пенсиянын көлөмүн көтөрүүгө мүмкүндүк берди дейт.

"2021-жылы биздин бюджетибиз 2 миллиард сом профицит менен чыккан. 2022-жылы 10 миллиард сом профицит болгон. Быйыл план боюнча 13 миллиард профицит менен чыгабыз. Жалпысынан, 30 миллиардга жакын акчабыз бар. Быйылкы пенсия жогорулагандан кийин толугу менен үзгүлтүксүз төлөп берүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар", - деди Бактияр Алиев.

30 миң сомдон ашык пенсия алгандарга бул жогорулоонун тиешеси жок. 30 миң сомдон ашкан пенсияларды жогорулатуу маселеси каралып, кошумча керектөөлөрдүн тийиштүү эсеби жүргүзүлүп жатканы кабарланды. 30 миң сомдон ашык пенсия алгандардын саны өлкөдө 3 миңге жакын.

Соцфонддун маалыматына караганда, учурда Кыргызстанда 100 миңге жакын пенсионердин алган акчасы жашоо минимумунан төмөн. Ал эми пенсия курагындагылардын жашоо минимуму 6813 сомду түзөт.

Бул 100 миңден ашык пенсионер 6813 сомго жетпеген пенсия алышат дегенди билдирет.

Алардын бири Кант шаарынын тургуну Рабия Валиева 4 миң сомдой пенсия алат.

"Мурда 3500 сом алчумун, анан 4200 болуптур. Эми 500 кошулса, 4700 сом болот. Ал акчага эч нерсе келбейт. Энергиянын акчасын берем, ал бери дегенде миң сомго чейин келет. Ун алсам, картөшкө ала албайм, картөшкө алсам, май ала албайм. Отурам эми кийинки айды күтүп, ошол кантип акча болсун? Менин тажрыйбам жетиштүү, бирок эмнеге мынчалык аз болуп жатканын билбей жатам".

Маалыматка караганда, пенсия көтөрүлгөндөн кийин Кыргызстандагы орточо пенсиянын көлөмү 9354 сомду түзүп, азыркыга салыштырмалуу 1692 сомго жогорулайт.

Пенсиялык система боюнча эксперт Жамийла Тогузбаева буга чейин пенсия мынчалык деңгээлде көтөрүлө элек болчу деди:

Жамийла Тогузбаева
Жамийла Тогузбаева

"Мен Соцфонд системасында 20 жыл иштеп жүрүп, мынчалык көбөйгөнүн көрө элек элем. Дайыма 10-15% көтөрүлчү. Жалпысынан пенсиянын көлөмү аз болуп жаткандыктан, жыл сайын ушинтип көтөрүп турса жакшы болот. Ал эми камсыздандыруу бөлүгү көтөрүлгөнү деле жакшы".

Кыргызстандын 2021-жылы 5-майда кабыл алынган Баш мыйзамында эң төмөнкү пенсиянын өлчөмүн жашоо минимумунан жогору көрсөткүчтө кармоо милдети коюлган. Бул берене Жогорку Кеңеште кызуу талкууланып, аны аткарбаганы үчүн өкмөт кызматтан кетиши керек деген сунуш да берилген.

Кийин Конституциялык сот социалдык төлөмдөр боюнча беренени өкмөттүн сунушу менен талкуулап, Конституциядагы бул талапты мамлекет милдеттүү түрдө аткарбай турганын, “ал максат гана болгон” деп чечмелеп берген.

Мындан улам Социалдык фонд мыйзам долбоорун даярдап жатканын, ал кабыл алынса, пенсия жашоо минимумуна жакындай турганын айтууда.

2023-жылдын 1-кварталына карай өлкөдөгү жашоо минимуму 7500 сомду түзөт.

Соцфонддун маалыматына ылайык, өлкөдө 765 миң 600 пенсионер бар. Алардын ичинен 219 миңдей пенсионер 5 миң сомго чейинки өлчөмдө пенсия алат.

Быйылкы алты айда Кыргызстанда 38 774 адам пенсияга чыккан.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG