Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:33

Бишкекте Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңишке арналган митинг-реквием өттү


Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтындагы митинг-реквием. 9-май, 2024-жыл.
Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтындагы митинг-реквием. 9-май, 2024-жыл.

9-майда Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңишке 79 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү.

Ага Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов баштаган жетекчилер, согуштун ардагерлери, шаар тургундары, меймандар жана өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү катышты. Алгач Өчпөс отко гүлчамбар коюлуп, согушта курман болгондор эскерилди.

Майрамдык салтанатта сөз сүйлөгөн Төрага Нурланбек Шакиев Улуу Жеңиш майрамы мекенчилдиктин жана элдин тайманбас эрдигинин үлгүсү экенин белгиледи. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов президент Садыр Жапаровдун куттуктоосун окуп берди.

Мындан соң Бишкек шаардык аскердик гарнизонунун жоокерлеринин салтанаттуу жүрүшү болду. Жыйынтыгында жетекчилер согуштун ардагерлери менен бирге атайын даярдалган аскердик тамактан ооз тийишти.

Президент Садыр Жапаров Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) мааракелик саммитине катышуу жана 9-майда Москвадагы парадга катышуу үчүн Орусияга кеткен.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ушул жылдын 1-мартына карата маалыматы боюнча, Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 40тай ардагери калды. 2023-жылдын май айында алардын саны 64 болчу.

1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан, алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG