Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:57

Беш айда пенсия үчүн 29,6 миллиард сом бөлүндү


Быйыл беш ай аралыгында республикалык бюджеттен пенсионерлерге жалпысынан 29 млрд. 631 млн. 648 083 сомдук пенсия төлөндү. Бул былтыркы ушул убактагы көрсөткүчкө караганда дээрлик 6,9 млрд.сомго көп. Социалдык фонддун маалыматына ылайык, былтыркы беш айда пенсионерлерге 22 млрд. 746 млн. 773 336 сом төлөнүп берилген.

Беш айда пенсиялык төлөм эң көп Ош облусуна - 5 млрд. 457 млн. 788 020 сом бөлүнгөн. Ал эми Талас облусуна эң аз - беш айда 1 млрд. 234 млн. 434 507 сом бөлүнгөн. Бул айырма облустардагы пенсионерлердин саны менен байланыштуу.

Социалдык фонддун маалыматына караганда, учурда өлкөдө 740 миңдей пенсионер бар. 2022-жылдын октябрь айында президенттин жарлыгы менен пенсиянын орточо суммасы эки миң сомго жогорулаган.

Статистика комитетинин 2022-жылдын үчүнчү кварталындагы эсеби боюнча, Кыргызстанда жашоо минимуму 7242 сомду түзөт. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG