Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:08

Экинчи дүйнөлүк согуштун башаты жана аяктаган кезеңи


Нацисттик Бухенвалд концлагеринде кармалгандардын бир тобу.
Нацисттик Бухенвалд концлагеринде кармалгандардын бир тобу.

Германдык нацизмге каршы согуштагы Улуу Жеңиш бир катар өлкөлөрдө 8-майда расмий белгиленсе, айрым постсоветтик өлкөлөрдө 9-майда майрамдалууда. Деги дүйнө өлкөлөрү, анын ичинде мурдагы Советтер Биримдиги Экинчи дүйнөлүк согушка жана анын ичинде Жапонияга каршы согушка качан кирген? Бул алааматтуу согуш качан аяктаган? Тарыхчынын блогу.

Экинчи дүйнөлүк согуштун башаты

Дүйнөлүк тарыхта Экинчи дүйнөлүк согуш (ЭДС) 1939-жылы 1-сентябрда Польшада башталып, 1945-жылы 2-сентябрда Ыраакы Чыгышта жана Тынч океандын алабында аяктаган деп дээрлик орток таанылган.

Албетте, адамзатты бул ири согушка жакындаткан чөлкөмдүк маанидеги согуш аракеттери 1939-жылга чейин эле ар кыл континенттерде жүрүп келген.

Алааматтуу ЭДС 61 мамлекетти, 110 миллиондой калайыкты (жер төгөрөгүнүн жалпы калкынын 80 пайызын) өзүнө камтыган.

Бир жагынан эл аралык антифашисттик жана антимилитаристтик ынтымак, экинчи жагынан нацисттик Германия, фашисттик Италия жана милитаристтик Жапония жана аларга ар кыл убактарда кыска мөөнөткө кошулууга аргасыз болгон өлкөлөр турган эки ири топтун өз ара кармашы жалпысынан 70–80 миллиондой кишинин өмүрүн алган. Бул согуш маалында этностук тазалоо (Холокост), этносторду депортациялоо сыяктуу адамзатка каршы кылмыш түрлөрү да орун алган.

ЭДСке жол ачкан окуялардын бири катары фашисттик Италия менен нацисттик Германиянын 1936-жылдын 25-октябрына карата жетишилген өз ара ынтымагын аташат.

Алар өздөрүнүн аскердик жана саясий ынтымагын денедеги башты каалаган жагына бурган моюн омурткасына жана техникадагы өзү кыймылдабастан, башкаларды (маселен, дөңгөлөктү) ары-бери айландырган өзөктүк түтүккө салыштырышкан.

Италиялык фашисттердин төбөлү (“дуче”) Бенито Муссолини бардык европалык өлкөлөр Рим менен Берлин түзгөн өзөктүк түтүктүн (же моюн омурткасынын) айланасында гана тегеренип калууга тийиш деген дымагы күч сөзүн 1936-жылы 1-ноябрда айткан соң, саясий адабиятта “Рим–Берлин моюн омурткасы” же “Рим–Берлин өзөгү” термини пайда болгон.

Кийинчерээк, 1940-жылы сентябрда, аларга согушчан Жапония да кошулуп, бул үчилтикти алардын жер жүзүндөгү баскынчыл дымагы үчүн “Өзөк мамлекеттер” (“Axis powers”) деп шарттуу атап калышкан.

Советтер Биримдигинде бул өлкө ЭДСка 1941-жылы 22-июнда гана тартылган деген расмий жобо таңууланган.

Нацисттик жана советтик аскерлердин достук парады. Брест. 22.9.1939.
Нацисттик жана советтик аскерлердин достук парады. Төрдө - колбашчылар Хайнц Гудериан менен Семён Кривошеин. Ал кездеги Польшанын Брест шаары. 22.9.1939.

Иш жүзүндө Советтер Биримдиги (сталиндик тоталитардык режим) ЭДСка 1939-жылы 17-сентябрда эгемен Польша өлкөсүнө чыгыштан кол салуу жана нацисттик Германияга шерик болуу менен кирген.

Орто жолдо, 1939-жылдын ноябрынын соңунан 1940-жылдын жаз айларынын башына чейин, Советтер Биримдиги эгемен Финляндияга баскынчыл согуш жүргүзүп, жортуул жасап, бирок түндүк-батыштагы бул согуш советтик режим үчүн дээрлик майнапсыз аяктаган. Коммунисттик эмес Финляндия өз эгемендигин сактап калган.

Ал эми 1940-жылы СССРдеги тоталитардык режим Балтика боюндагы эгемен жумурияттарды жана Румыниянын Бессарабия аймагын күч менен каратып алган. Советик бул баскынчылыкка гитлердик тоталитардык режим (1939-жылдын августундагы Молотов-Риббентроп пактынын жашыруун протоколуна ылайык) макул болгон.

Демек, СССР ЭДСка 1941-жылы июнда эмес, 1939-жылы сентябрда эле нацисттик Германияга удаалаш жана, Батыштагы антифашисттик ынтымактан айырмаланып, алгач гитлердик режимге үзөңгүлөш катары кирген.

Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташы

Батыш Европада

Айрымдар ЭДС 1945-жылы май айында соңуна чыккан деп жаңылыш ойлогон учурлар бар. Чындыгында, “Өзөк мамлекеттердин” ичинен фашисттик Италия ЭДСге 1940-жылы 10-июнда кирген. Ал эми 1943-жылы 8-сентябрда Италия менен антигитлердик ынтымак ок атышууларды токтотуу тууралуу макулдашкан соң, өлкөдө фашисттер менен антифашисттердин ортосунда жарандык согуш дүрт жанган.

1945-жылы 25-апрелде Италиядагы Улуттук боштондукка чыгаруу комитети жалпы италиялыктарды фашисттик режимдин калган-каткан күчтөрүнө каршы куралдуу көтөрүлүшкө чакырган. (Бул күн азыркы Италияда улуттук майрам болуп саналат).

28-апрелде Бенито Муссолини италиялык антифашисттер тарабынан өлүм жазасына тартылган. 2-майга карата Италия фашисттерден толук тазаланган.

Германдык нацисттер өздөрүнүн 1933–1945-жылдардагы режимин “Улуу Герман мамлекети” (“Großdeutsches Reich”) деп аташканы белгилүү. Улуттук социалисттик немис жумушчу партиясы деп аталган нацисттик партиянын лидери жана диктатор Адолф Гитлер 1945-жылы 30-апрелде өзүн өзү атып өлтүргөн. Жубайы Ева Браун цианид калийин ичип өлгөн.

Рейхстагга кирип барган жана анын айрым бурчтарын ээлеген советтик жоокерлер фюрердин бункеринен 500 метр гана алыстыкта болушкан. Рейхстагга карай чабуулда эрдик көрсөткөндөрдүн бири – кыргыз Акматбек Сүттүбай уулу Сүйүнбаев (Ахматбек Сүйүмбаев) болгон.

30-апрелде Гитлердин ордуна рейхсканцлер болуп калган Паул Йозеф Геббелс жана жубайы Магда эртеси, 1-майда, оболу өз балдарын өлтүргөн соң, өз жандарын өздөрү кыйышкан.

1945-жылы 8-майда германдык нацисттик режимдин өкүлдөрү эл аралык антифашисттик ынтымактын өкүлдөрүнө шартсыз багынып берүү тууралуу келишимге кол коюшкан.

Ал эми 1945-жылы 23-майда Фленсбург жергесинде нацисттик өкмөттүн тирүү калган мүчөлөрү камакка алынган. Германиянын аймагы жеңген мамлекеттер (АКШ, СССР, Улуу Британия жана Франция) тарабынан түзүлгөн Көзөмөлдөө кеңеши тарабынан жетектелип калган.

1949-жылы 23-майда капиталисттик көзөмөлдөөчүлөр тарабынан Германия Федерациялык Республикасы, ал эми 7-октябрда Советтер Биримдиги тарабынан социалисттик жумурият болгон Германия Демократиялык Республикасы деген эки башка мамлекет түзүлгөн.

Чыгыш Азияда

Ал эми ЭДСнын Ыраакы Чыгыш менен Тынч океан аймагындагы кан майданы 1945-жылдын жай айларында деле айыгыша улантыла берген.

1945-жылы 14-июлда антифашисттик Италия Жапонияга каршы согуш жарыялагандыгын да айта кетсек болот.

1945-жылы 24-июлда, Потсдам жыйыны маалында, АКШнын президенти Гарри Трумэн СССРдин жетекчиси Иосиф Сталинге өз өлкөсүнүн өзөктүк куралы бар экендигин кыйытып айткан.

28-июлда АКШ, Кытай жана Улуу Британия “Потсдам декларациясы” деп аталган документ аркылуу Жапонияга шартсыз багынып берүү талабы бар ультиматумду коюшкан. Арийне, өз аскердик кубатына ишенген Жапония 28-июлда бул ультиматумду четке каккан.

Мындан соң АКШнын президенти Трумэн Жапонияга каршы өзөктүк курал колдонууга өз өлкөсү үчүн моралдык укук пайда болду деп санаган.

6-августта АКШнын “Энола Гэй” (“Enola Gay”) аттуу аскер учагы жапондук Хиросима шаарына “Наристе бала” деген өзөктүк бомбаны таштаган.

8-августта Советтер Биримдиги Жапонияга каршы согуш жарыялаган.

9-августта америкалык “Бокскар” (“Bockscar”) учагы жапондук Нагасаки шаарына “Семиз киши” (“Fat Man”) деп аталган өзөктүк бомбаны таштаган.

Ошентип, ЭДС адамзат тарыхында өзөктүк кыргын куралы колдонулган алгачкы алааматтуу согуш болуп катталып калды.

15-августта жапон императору Хирохито (1901–1989) үналгы аркылуу өз улутуна кайрылып, Жапония Потсдам жыйынынын шарттарын толук кабылдай тургандыгын белгилеп, багынуу тууралуу чечимин шардана кылган жана жапондорго “чыдабас нерсеге чыдагыла” деп буйрук берген.

Бирок анын ак сөөктөр жана сабаттуулар гана дурус аңдай тургандай шөкөттөлүп айтылган сөздөрүнүн түпкү маңызын карапайым жапондуктардын көбү дароо эле аңдашкан эмес делет. Хирохитонун сөзүндө эгерде согушту уланта берсек, анда жапон улуту гана жок болбостон, жалпы адамзаттын кырылышына кептелип калышыбыз ыктымал деген маани да камтылган.

16-августта Хирохито өз аскерлерине ок атышууларды токтотуу тууралуу жарлык чыгарган.

22-августта жапондук Квантун армиясы Манчжурия аймагында советтик Кызыл армияга багынып берген.

Жапониянын багынышы тууралуу келишимге кол коюу. 02.9.1945.
Токио булуңунда америкалык “Миссури” аскер кемесиндеги Жапониянын багынып бериши тууралуу келишимге кол коюу аземинде. 02.9.1945.

Ал эми 1945-жылы 2-сентябрда Токио булуңунда америкалык “Миссури” аскер кемесинде жапондор биротоло жана шартсыз багынуу тууралуу келишимге кол коюшкан. Бул келишим ЭДСнын аяктагандыгын расмий билдирген тарыхый документ болуп калды.

Кыскача жыйынтыктасак, ЭДС 1945-жылы 8-май күнү эмес, 1945-жылы 2-сентябрда аяктаган деп айтуу керек.

1945-жылы май айында бул алааматтуу согуштун европалык гана майданындагы бөлүгү соңуна чыккан. Советтер Биримдиги бул согушка 1941-жылдын 22-июнунан тартып гана антифашисттик ынтымак тарабында катышкан.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG