Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:08

ЖЭБде жараат алгандар Түркиядан кайтып келет


Адана шаардык илимий ооруканасынын күйүк бөлүмүнүн дарыгерлери, Кыргызстандын Анталиядагы башкы консулу Рустам Кошонов, кыргызстандык бейтаптар. Сүрөт Башкы консулдуктун Фейсбук баракчасынан алынды.
Адана шаардык илимий ооруканасынын күйүк бөлүмүнүн дарыгерлери, Кыргызстандын Анталиядагы башкы консулу Рустам Кошонов, кыргызстандык бейтаптар. Сүрөт Башкы консулдуктун Фейсбук баракчасынан алынды.

Кыргызстандын Анталиядагы Башкы консулдугу Бишкектин жылуулук электр борборундагы кырсыктан жабыркаган эки кыргызстандык бейтаптын дарылануусу аяктаганын, алар 9-майда Кыргызстанга учуп келерин Фейсбук баракчасына жазды.

Консулдук бейтаптардын саламаттагы жакшырганын белгилеп, алардын дарылануусуна көмөк көрсөткөн догдурлар менен мекендештерге ыраазычылыгын билдирди.

Тик учак кырсыгында жабыркаган экинчи учкуч Түркиянын Адана шаарындагы клиникада дарылануусун аяктап, 7-майда Кыргызстанга кайтып барганы кабарланды. Жараат алган дагы бир учкуч 25-апрелде мекенге кайтып келген.

17-январда Бишкектеги "Фрунзе-1" авиабазасында машыгуу учурунда Ми-8МТВ аскердик тик учак кулаган. Кырсыктан экипаждын командири, 29 жаштагы капитан Жайыл Самудинов каза тапкан. Коргоо министрлиги бортто жалпы 11 киши болгонун кабарлап, калгандары ооруканада дарыланып жатканын билдирген. Эки кишини дарылоону Түркияда улантуу чечими кабыл алынган.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек ЖЭБинде жарылуу болуп, электр энергиясын чыгарган жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган. Натыйжада борбор калаада жылуулук жана ысык суу берүү чектелген. Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери дароо башталып, дале уланууда.

Кырсыктан беш адам жабыркап, Бишкектеги "Тез жардам" борборуна түшкөн. Алардын экөөнүн абалы оор болгондуктан Түркияга жөнөтүлгөн.

Тик учак кырсыгында жана ЖЭБдеги аварияда жабыркаган кыргызстандык төрт бейтап 4-февралда президенттик ТУ-154 учагы менен Түркиянын Адана шаарына жеткирилген. Аларга Түркияда жашаган кыргызстандыктар жана Анталиядагы Башкы консулдук көмөк көрсөткөнү айтылган. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG