Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:55

"Алыбызга жараша пенсия төлөйбүз". Өкмөт аткара албаган берене


Жогорку Кеңеште эки күндөн бери Конституциянын 44-беренесинин аткарылышы боюнча маселе көтөрүлүүдө. Айрым депутаттар бийлик Баш мыйзамдагы пенсия, жөлөк пул жашоо минимумунан төмөн болбошу керек деген талапты аткарбай жатканын айтып, өкмөттүн отставкасын талап кылды. Мунун алдында Министрлер кабинети бул беренени чечмелеп берүү өтүнүчү менен Конституциялык сотко кайрылган.

16-февралда Жогорку Кеңеште өкмөттүн жазгы талаа жумуштарына даярдыгы каралып жатканда депутат Адахан Мадумаров Конституциянын аткарылышы боюнча маселе көтөрдү. Ал Баш мыйзамда “пенсия, социалдык жөлөк пул жана башка социалдык жардам мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунан төмөн болбошу керек” деп жазылганын, бирок өкмөт аны аткарбай жатканын сындады.

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

“Конституциянын 44-беренесине түшүндүрмө алуунун кажети жок. Ал жерде “Кыргызстанда пенсия, жөлөк пул эң төмөнкү керектелүүчү куржундан кем болбойт” деп турат. Анын эмнеси түшүнүксүз? Урматтуу кесиптештер, мен өткөндө эле өкмөттүн отчёту каралып атканда булар Конституциянын 44-беренесин аткарбаганы үчүн гана кызматтан кетиш керек деп айткам. Төлөй албасаңар иштей албайбыз, биз Конституцияны аткарбайбыз дегиле да. Силер пенсия, жөлөк пулду көтөрдүк деп кыйкырганыңар менен азыр эле кесиптештер “беш сомдук пияз 100 сомго чыгып кетти” деп айтышты. Социалдык төлөмдөрдү көтөрөсүңөр, милдеттүүсүңөр. Ошону көтөрөбүз деп бийликке баргансыңар. Ал жүктү көтөрө албасаңар көтөрөбүз деген азаматтар турат. Ошолорго бергиле”.

13-февралда Конституциялык соттун басма сөз кызматы Конституциясынын 44-беренесинин 2-бөлүгүн чечмелеп берүү жөнүндө Министрлер кабинетинин сунуштамасы өндүрүшкө алынганын билдирген. Парламенттин 16-февралдагы жыйынында премьер-министр Акылбек Жапаров депутат Адахан Мадумаровго жооп берди.

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

“Министрлер кабинети укугубуздан пайдаланып ошол беренени чечмелеп берүүнү суранып Конституциялык сотко кайрылдык. Биз экономикага чактап, колубуздан келген гана жардамды бере алабыз. Бул беренеге мен каршы чыккам. Бирок ал Конституцияга кирип калган. Ошондуктан Конституциялык сотко кайрылып атабыз. Адахан Кимсанбаевич, мен пенсия төлөй албайм. Министрлер кабинети төлөйт. Өзүнүн алына, экономикасына жараша. Бүт дүйнө жүзү ошондой. Жашоо минимуму жыл сайын өзгөрүп турат. Аны АКШда, Жапония да кубалап жетпейт. Так маалымат болуш үчүн биз Конституциялык сотко кайрылдык. Төлөй албасак өлөлүбү эми?”.

Акылбек Жапаровдун сөзүнө караганда, Кыргызстанда бир айлык жашоо минимуму азыр 6800 сомдун тегерегинде. Төмөнкү пенсия 1200 сом. Жыл башында Улуттук статистика комитети 2022-жылдын эсеби менен бир айлык жашоо минимуму 7178 сом деп белгиленгенин кабарлаган.

Өкмөт былтыр пенсия 90 пайызга чейин көтөрүлгөнүн, ал эми айлык акылар 150 пайыздан 200 пайызга чейин жогорулаганын билдирүүдө. Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч. Ал квартал сайын эсептелип турат.

Конституциянын 44-беренесине байланыштуу маселе Жогорку Кеңештин 15-февралдагы жыйынында да көтөрүлгөн. Депутат Дастанбек Жумабеков бул маселе боюнча Министрлер кабинетинин Конституциялык сотко кайрылышын сынга алган.

Дастанбек Жумабеков.
Дастанбек Жумабеков.

“Конституцияда “социалдык жардам мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунан төмөн болбошу керек” деп жазылып турат. Бул пенсия менен жөлөк пулга тиешелүү. Эми ушул боюнча Конституциялык сотко кайрылганыңар кызык болуп атат. Бул уят иш болду. Баш мыйзамда жазылдыбы ал аткарылышы керек”.

2021-жылы жаңы келген бийлик Конституцияны өзгөртүп, ага жогоруда сөз болуп жаткан берене киргизилген. Баш мыйзамдын долбоорун иштеп чыккан Конституциялык кеңешме бул социалдык Конституция болгонун билдирип, дал ушул пенсия, жөлөк пул жашоо минимумунан кем болбой турганын бетке кармашкан. Азыр иштеп жаткан Баш мыйзамга 2021-жылы 5-майда кол коюлган. Анын пенсия менен жөлөк пул, социалдык төлөмдөргө байланыштуу 44-беренеси 2023-жылдын 1-январында күчүнө кирди. Толук президенттик башкарууга алып келген Баш мыйзам оппозициянын, юристтер коомчулугунун сынына кабылган.

Конституциялык кеңешменин төрагасы, президенттин кеңешчиси Бекбосун Бөрүбашев талкууга түшкөн берене тууралуу мындай деди:

“Бул убагында элдин талабы болгон. Анан элдин талабы менен Конституцияга кирген. Биз ар бир адамды эмес элди угабыз да”.

Конституциялык сот Конституцияны расмий чечмелеп берет, мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын Конституцияга ылайык келүүсү тууралуу иштерди, бийлик бутактарынын ортосундагы компетенциялар жөнүндө талаштарды карайт, Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбооруна корутунду берет.

Юрист Эржан Кайыпов Конституцияга социалдык төлөмдөргө байланыштуу берене убагында популисттик чакырыктар менен эле кошулуп калганын айтып, буларга токтолду.

“Конституцияны жазуу, аны иштетүү үчүн адистердин, эксперттердин жана коомдун биргелешкен иши анан көп убакыт керек. Бирок бир-эки айда эле жазылып азыр иштеп аткан Баш мыйзамдын кесепети дагы көп болот. Конституцияга шашылыш, үстүртөн, бардык топтордун талабына туура келбеген да беренелер кирип кеткен. Азыр талаш болуп аткан берене жазылып жатканда Кыргызстандын экономикасы эске алынган эмес. Бирок Конституциянын бул беренеси сөзсүз иштеш керек. Бул талап Конституцияда жазылып тургандан кийин Конституциялык сот Баш мыйзамдын өзүн туура эмес деп чечим чыгара албайт да. Бул популисттик чакырыктардын кесепети болду”.

Жогорку Кеңештин 16-февралдагы жыйынында негизи Министрлер кабинетинин жазгы талаа иштерине даярдыгы каралды. Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков өкмөттүк саат учурунда айдап-себүү иштери үчүн үрөн менен камсыз кылуу 86 пайыз, күйүүчү май менен 100 пайыз экенин айтты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG