Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:10

Экономика-2022: өкмөт жана эл – кайчылаш жыйынтыктар


Кыргыз экономикасынын 2022-жылдагы көрсөткүчтөрү.
Кыргыз экономикасынын 2022-жылдагы көрсөткүчтөрү.

Кыргыз өкмөтү 2022-жылды жалпы экономикалык өсүү менен жыйынтыктап жатканын жарыялоодо. Эл аралык жана ички оош-кыйыштарга карабай ички дүң өндүрүмдүн өсүшү Евразия экономикалык биримдиктин өлкөлөрүнүн ичинен алдыга чыкты.

Өкмөт мындай жетишкендикке ириде кардиналдуу реформалар менен антикризистик иш-аракеттери алып келгенин айтып турат. Ал эми эксперттик көз караштар менен статистикалык фактылар бир катар багыттар боюнча тескери динамиканы көрсөтүүдө.

Кыргызстандын экономикасы 2022-жылы эл аралык коомчулук күтпөгөн жыйынтыктарга жетишти. Министрлер кабинети өлкө бул жылды ички дүң өндүрүмдүн 7% өсүшү менен жыйынтыктап жатканын жарыялады. Ал эми Улуттук статистика комитетинин эсеби боюнча экономиканын реалдуу өсүшү Кумтөрдү эсепке албаганда 4,8% болду.

Кандай болгондо да бул көрсөткүчтөр эл аралык уюмдардын жыл башындагы божомолдорунан ашып түштү.

Дүйнөлүк банк Кыргызстандын ИДПсынын көлөмү 2022-жылы 5% кыскарат десе, Moody's эл аралык агенттиги 1% түшөт деп күткөн. Эл арлык валюта фонду 0,9%, ал эми Евразия өнүктүрүү банкы 1,1% гана өсөт деген божомол беришкен.

Экономиканын тармактарында - өнөр жай 14,9%, айыл чарба 6,7%, курулуш 5% жана кызматтар 4,1% өстү.

Жалпы көрсөткүчтөр ички дүң өндүрүмдүн өсүп жатканын көрсөткөнү менен экономиканын ар кайсы тармактарында каатчылыктын капшабы артканы байкалды.

Маселен, өлкөнүн жалпы бюджетинин көлөмү чоңоюп жатканы менен, аны менен катар тартыштык да кескин өсүп 35 млрд. сомдон ашты. Фискалдык реформалар чогултулган салыктын көлөмүн көбөйткөнү менен, көмүскө экономиканын үлүшү да өсүп баратканы байкалууда.

Валюта базарында каатчылык курчуп, ишкерлер менен карапайым калктын капчыгын какса, банктардын кирешесин 5-10 эселеп өстүрдү. Калктын жакырчылыгы былтыр 8% өскөн болсо, быйыл андан кем эмес өсөрү болжолдонууда.

"Элдик экономика" түрмөгүндө 2022-жылдагы урунттуу экономикалык жараяндарга назар салдык.

Бюджет да өстү, тартыштык да көбөйдү

Кыргызстандын 2022-жылдагы консолидацияланган бюджети 403,9 млрд. сом болду. Ал эми республикалык бюджетинин көлөмү 282 млрд. сом деп болжолдонгон. Бирок иш жүзүндө 272 млрд. сом чогулары маалым болду. Бажыдан түшө турган төлөмдөр 24 млрд. сомго аз аткарылып калды. Бажычылар мындай жагдайдын жаралышына ириде ашкере көп коюлган план менен орус-украин согушунун айынан жаралган эл аралык каатчылыкты бетке кармашууда.

Апрелде, июнда, августта жана октябрда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин маяналары, жөлөк пулдар жана пенсия 50 пайыздан 100 пайызга чейин көтөрүлдү.

Бюджеттин кирешеси жеткиликтүү аткарылбай жаткан маалда чыгымдар да көбөйүп, өкмөт парламентке кайрылып, бюджетти өзгөртүүгө аргасыз болду. Маалым болгондой, 2022-жылдагы бюджеттин тартыштыгы 35,4 млрд. сом деп бааланат. Буга сентябрь айындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш жана анын кесепеттерин жоюу иштери негизги себеп болууда.

Финансы министри Алмаз Бакетаев мурда болбогондой ири бюджеттик тартыштыктын курамын мындайча чечмеледи.

"Бүгүнкү күндө инвестициялык тартыштыгыбыз 14 млрд. 200 млн. сом болду. Башында 9 млрд. сом болчу. Экинчиден, өткөн жылы мамлекеттик органдардын өздөрүнүн атайын каражаттары бар, кызмат көрсөткөндө пайдасын көрүп жатпайбы. Ошол чыгымдардын баарын каржылап бүткөндөн кийин 6 млрд. 700 млн. сом калдык калган, алардын эле калдыгы. Ошону менен 14 млрд. 200 миллион, ага 6 млрд. 700 млн. сом кошулуп, 20 млрд. сомдон ашык тартыштык болуп эсептелинип атат. Ыкма боюнча, өзүнүн булактары менен. Эми бюджеттик тартыштыкка келсек, быйыл 10 млрд. 100 млн. сом кирешебиз азайды. Бюджетти бажы аркылуу 24 млрд. 800 млн. сомго оңдоо менен алып келе жатабыз. Бүгүнкү күндө бюджеттик тартыштык 14,5 млрд. сом. 14,5 млрд. сом бюджеттик тартыштык жана 14 млрд. 200 млн. сом инвестициялык тартыштыкты жана 6 млрд. 200 млн. сом атайын каражатты кошкондо жалпы тартыштык 35 млрд. сом болуп жатат".

Министрлер кабинети 2023-жылдын консолидацияланган бюджетин 503,4 млрд. сом болот деп бекитүүдө. Бул ушул жылдын бюджетинен 99 млрд. сомго көп. Ошол эле маалда келерки жылдын расмий белгиленген бюджеттик тартыштыгы 21 млрд. сомдон ашары болжолдонууда.

2023-жылы энерготармакка 10 млрд. сомдон ашуун, мамлекеттик банктардын уставдык капиталын көбөйтүүгө 3 млрд. сом, ипотекалык насыялоо менен туристтик тармакты өнүктүрүүгө бир миллиарддан жана Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 816 млн. сом жумшалары болжолдонот. Муну менен катар, Жалал-Абад шаарын экинчи экономикалык борборго айландыруу үчүн 2 млрд. сомдун тегерегинде бөлүнүп жатат.

Жыл соңуна карай мамлекеттик карыздын көлөмү 5 млрд. 218 млн. долларды түзөт. Анын 80% тышкы карыз болсо, 20% ички карыз түзөт. 2022-жыл ичинде мамлекеттик карыздын көлөмү 71 млн. долларга өскөн. Январь-ноябрь айларында ички карызды төлөөгө 10 млрд. сом, тышкы карызды жабууга 20,6 млрд. сом жумшалды.

Фискалдык реформалар жана көмүскө экономика

Өкмөттүн салык саясаты казынага түшкөн каражаттын көлөмүн өстүргөндөй көрүнгөнү менен аныгында көмүскө экономиканы да көбөйттү. Бул жаатта эксперттердин кабатырлануусунун жөнү бар экендиги аныкталууда.

Өкмөт жыл башында жаңы салык кодексин ишке киргизип, фискалдык реформаларды жүзөгө ашырууну баштаган. Реформалардын натыйжасында салык тармагынын административдик башкаруусу жакшырып, товар жүгүртүү жараяны санариптешип жатат. Өкмөт салыктык башкарууну жакшыртуу көмүскө экономиканы ачыкка чыгарып, чогулган салыктын көлөмүн өстүрүп жатканын башкы жеткишкендик катары көрсөтүп келет.

Деген менен көзөмөл-кассалык жабдыктарын мажбурлап орнотууга каршы болгон ишкерлердин нааразылык толкуну ушул күнгө чейин токтобой келет.

Бул арада 2021-жылы көмүскө экономиканын ички дүң өндүрүмгө карата катышы акырындап өсүп баратканы байкалган. 2020-жылы көмүскө экономиканын үлүшү 20,8% болсо, 2021-жылы бул көрсөткүч 21% болуп калган.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев июнь айында "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү" мыйзамынын долбоорун сунуштап жатып "көмүскө экономиканын үлүшү 30% жеткенин" билдирген.

"Бүгүнкү күнгө карай Улуттук статистика комитетинин божомолу боюнча көмүскө экономиканын суммасы ички дүң өндүрүмгө карата 30% түзөт. Бул статкомитеттин эсептөөлөрү боюнча. Эл аралык рейтингдик агенттик болсо бизде көмүскө экономика 47% экенин билдирүүдө. Фискалдык жагын жакында кореялык кесиптештерибиздин изилдөөсү болду эле, алар учурда салыктык базанын 70% көмүскөдө жатканын болжолдошууда. Бул маалыматтар ырасталып жатат. Учурда биз көзөмөл-кассалык жабдыктарды жайылтуу боюнча чоң кампания жүргүзүп жатабыз. Фискалдаштыруунун эсебинен бизде салыктык базанын 20% өстү".

Кумтөр кени

Кыргызстандын экономикасында Кумтөр кени бараандуу орунду ээлейт. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров алтын өндүрүшү барган сайын өрүш алып жатканын белгиледи.

"2022-жылдын 10 айында бүт жер казынасынын акысын, бардык төлөмдөрдү кошуп эсептегенде, киреше 39,6 млрд. сомдон ашты. Кумтөр алтын кени бизге толугу менен өттү. Беш арбитраждык соттордун бардыгы жабылды, Америка менен Европада дагы. Мындан ары толугу менен биздин карамагыбызга өттү. 2010-2021-жылдары, он бир жылда болгону 90,8 млн. доллар же 5,3 млрд. сомду дивиденд катары ала алганбыз. Ал эми 2022-жылдын он айында эле Кумтөр кенинен салык жана салыктык эмес жана келишимдерде каралган төлөмдөрдүн көлөмү 26,5 млрд. сомду түздү. 2021-жылы 10 тонна алтын алдык, ал бизде турат. 2022-жылы 17,2 тонна алтынды өзүбүздүн кампаларыбызга сактайбыз деген эсеп-чотторубуз бар".

Май айындагы кендеги жаракадан улам өндүрүштүк процесстердин бир кыйла мезгилге үзгүлтүккө учурашы, Лондон биржасындагы Good Delivery макамынын кайра калыбына келтирилиши, өндүрүлгөн 19 тонна алтындын түшүнүксүз тагдыры жана убактылуу башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүктүн коррупцияга шектелип кармалышы 2022-жылы Кумтөр кениндеги олуттуу окуялардан болуп калды.

Импорт көбөйдү, экспорт кыскарды

Тышкы соода ишмердигинде импорттун көлөмү өсүп, экспорттун чейрек көлөмү кыскарып кетти.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2022-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстандын тышкы товар жүгүртүүсү 9 млрд. 658 млн. долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 41% көбөйдү. Импорттун көлөмү 76% өссө, экспорт тескерисинче 23% азайды.

2022-жылы Кыргызстандын жеңил өнөр жай өндүрүмдөрүнүн Орусияга экспорту кескин өстү.

Январь-октябрь айларында жеңил өнөр жай тармагынын өндүрүмдөрү жана аларды коштогон товарлар жалпысынан 459 млн. долларга экспорттолгон болсо, анын 415 млн. доллардан ашууну же 90% Орусияга сатылды. Бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8 эсеге көп.

Экономист Элдар Абакиров Орусиянын экономикасына көз карандылык кыргыз экономикасынын тобокелдигин арттырарын, тышкы товар жүгүртүүнүн багыттарын мүмкүн болушунча диверсификациялоо зарыл экенин айтат.

"Орусияга экспорт дээрлик эки эсе көбөйдү окшойт. Бирок ал жерде эмненин эсебинен көбөйдү? Биринчиден, Кытайдан агым көбөйдү, анткени, санкция болгондуктан Орусияга товар түз барбай, биз аркылуу барып атат. Бул эми реэкспорт. Кыргызстандын да экспорту бар, ал көбүнчө тигүү өндүрүмдөрү. Калган товарлар көбүнчө реэкспорт. Февралдан баштап санкциялар Кыргызстанга позитивдүү таасир этип атат. Анткени биз аркылуу көп товар өтүп калды, соодагерлердин соодасы көбөйдү, кийим тигүү тармагынын экспорту көбөйдү. Ошол жагынан позитив бар. Бирок, бул канчалык узакка уланат, ал өзүнчо суроо. Анткени Орусияда дагы рубль көтөрүлө баштап, сом дагы долларга карата түшө баштады. Бул жерде башка тобокелдиктер пайда болуп атат. Орусия экономикасынын басымынан улам Кыргызстандын экономикасы да тескерисинен кетиши мүмкүн. Орусиянын экономикасы минуска кеткенине карабай биз ошол жерден өзүбүздүн экспорт, соода, мигранттардын акчасын көбөйтүп алсак, албетте биз өсө беришибиз мүмкүн. Бирок колдон келсе, албетте, диверсификация кылышыбыз керек. Мындай тобокелдикке барбашыбыз керек, бир өлкөнүн экономикасына байланган жакшы эмес".

Кыргыз экспортунда Орусия менен Казакстан мурдагыдай эле басымдуу үлүштү ээлеп турганы менен тизмеде жаңы өлкөлөрдүн аттары да көрүнө баштады. Буга эксперттер ырастагандай, орус-украин согушу менен кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу калаба олуттуу түрткү берди.

Өзбекстанга майда мал-жандык менен көмүрдүн экспорту өстү. Буурчак экспортунда Түркия, Орусия, Болгария жана Македониянын көрсөткүчтөрү 15 пайыздан 35 пайызга чейин кыскарып, алардын ордуна Ооганстан, Ливан, Сирия, Сербия жана Ирандын көрсөткүчтөрү 82 пайыздан 27 эсеге чейин өстү. Кытай баалуу металлдар менен көмүрдү мурдагы жылдардан көп сатып ала баштады.

Көмүр экспортунда Европанын Румыния менен Польша өлкөлөрү салыштырмалуу ири көлөмдөр менен пайда болду. Смартфондун реэкспорту Бириккен Араб Эмирликтерине 2,3 эсеге өстү.

Азык-түлүк коопсуздугу

2022-жылы өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо үчүн айыл чарба тармагына бюджеттен 26,5 млрд. сом каражат бөлүнгөн. Анын бир бөлүгү дыйкандар үчүн жеңилдетилген насыя катары берилди. Мындан тышкары, сапаттуу үрөн, жер семирткичтерди сатып келүү, ирригация тутумдарын оңдоо сыяктуу иштерге да каражаттар каралган.

Айыл-чарба министрлиги кабарлагандай, иш жүзүндө 26,5 млрд. сомдун 14,5 млрд. сому бөлүнгөн. Анын ичинен 12 млрд. 580 млн. сому өздөштүрүлдү.

Расмий статистика 2022-жылы өлкөнүн айыл-чарбасы 6,7% өскөнүн көрсөтөт. Рекорддук суммадагы каражаттын берилгенине карабай, тармакта ийгиликтер жакшы болбой жатканына сын айткандар да бар.

Айыл-чарба министри Аскарбек Жаныбеков алынып келинген жогору сапаттуу үрөндөрдүн шарапаты менен 2022-жылы дан эгиндеринен гектарына 60-70 центнерден түшүм алынып, түшүмдүүлүк 3-3,5 эсеге өскөнүн жарыялады. Кыргызстан мурда дан эгиндери менен өзүн 40% камсыздап келген болсо, быйыл 70-80% чейин камсыздашы күтүлүп жатат. Министр иш ушундай ыраат менен жүрсө Кыргызстан 2025-жылга карай социалдык маанилүү делген 9 азыктын жетөөсү менен өзүн толук камсыздоого жетишерине ишендирүүдө.

Бирок расмий статистикалык маалыматтар 2022-жылы Кыргызстанга импорттолгон орус буудайынын көлөмү 171 миң тоннадан ашып, мурунку жылга караганда 2,5 эсеге өскөнүн көрсөтөт.

Валюта базарындагы каатчылык

2022-жылы Кыргызстандын валюта базары карапайым калк менен ишкерлерди оор сыноолорго тартса, финансы уюмдарына ири кирешелер чогулду. Өлкө экономикасы 7% өскөнү менен инфляция андан эки эсеге ашып түштү.

Орусия экономикасындагы олку-солкулуктан улам Кыргызстанда да накталай доллар тартыштыгы курчуп, банктар менен алмаштыруу жайларында аны накталоодон 5% чейин комиссия алуу жана сатууга чектөөлөр киргизилди. Мындан улам июнь-июль айларында валютанын көмүскө базары түптөлүп, ал жыл соңуна карай кулачын жайды. Көмүскө базардагы валюта расмий курстан 1-2 сомго кымбат сатылат.

Ишкерлер банктар менен алмаштыруу жайларынан расмий курс менен накталай доллар таба албагандыктан, аргасыздан көмүскө базарга кайрылып жатышканын жашырбайт. Алар мындан улам, ал жактагы курстук айырма элге сатылуучу товарга жүктөлөрүн айтышат.

Эксперттер валюта базарындагы каатчылыктан коммерциялык банктар эбегейсиз пайда көрүп жатышканын эсептеп келишет. Талдоочу Арсланбек Кененбаев банктардын валюталык операциялардан тапкан кирешесин мурунку жылдарга караганда 5,5 эсеге өскөнүн айтат.

"Биз карасак, азыр банктын пайдасы көбөйдү. Өткөн жылы валюталык кирешеси 11 млрд. сом болчу, азыр 60 млрд сомго жетти. Башкача айтканда, 50 млрд. сом кошумча пайда табышты. Бул жарым миллиард доллар, бир гана валюталык операциялардан. Албетте, "кара базар" күчөп атат жана ушундай көрүнүш дагы боло берет. Биз талдап көрдүк, банктардын насыялардан тапкан пайыздык кирешеси бар. Ушул пайыздык киреше өткөн жылга караганда 26% көбөйдү. Бирок жалпы пайда 5-5,5 эсе көбөйдү. Анткени азыр валютадан тапкан киреше менен операциялык киреше көп болуп жатат. Мисалы, Орусияга абдан көп акча кетип атат. Ошондуктан биз азыр банктар валюталык операциялардан акча таап атышканын көрүп атабыз. Алмаштыруу бюролорун такыр билбейбиз, алар абдан чоң акча таап атышат, бирок канча экенин эч ким билбейт. Анткени алар көбүнчө көмүскө жол менен иштеп атышат".

Ал эми өкмөт башчы Акылбек Жапаров банктардын кирешесинин мындай өсүшүн өөн көрбөйт жана буга кубанып турганын жашырбайт.

"Быйыл мына, "Айыл Банк", "РСК Банк", "Керемет Банктар" жана бүт банк тутуму валюталык операциялардан жогору киреше алганы атышат. Кедейлерге кыйын болуп атат, бирок бир тармакка, мисалы банктарга бул жакшы болду. Менин божомолум боюнча, былтыр 3 млрд. сом пайда табышты эле, быйыл мына 20 млрд. сом же беш эсе көп пайда алганы жатышат. Ушундай оошуулар (переток) 20-30 жылда бир жолу эле болот. Ушундан алганда, ушул үч банкыбыздан дагы дивидендди көп алабыз. Биз быйыл өкмөттүк компаниялардан быйыл 2-3 эсе көп дивиденд алуу планын койгонбуз. Ушундай чоң-чоң компаниялар өзүнүн жумушчуларын да багып, маяналары бизден чоң болуп, бизге дивиденд дагы төлөшү керек. Анткени биз аларга монополияны, шарттын баарын түзүп берип атабыз".

Жакырчылык жана жумушсуздук

Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли соңку эки жылдан бери кескин өсүп келет. 2022-жылы жакыр катмардын саны 8% өсүп, өлкө калкынын 33,3% түзүп калган. Ал эми 2022-жылдагы абал тууралуу мамлекеттик расмий маалыматтар азырынча жарыялана элек. Бирок эл аралык уюмдар жакырчылыктын деңгээли жыл соңуна карай 38% жетиши мүмкүндүгүн эсертишүүдө.

Өкмөт 2021-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк программасынын колдоосу менен 200 жакыр үй-бүлөгө 100 миң сомдон кайтарымсыз каражат берип, аларды киреше булагы менен камсыздоо аракетин көргөн. 2022-жылы бул долбоор мамлекеттик бюджеттен улантылып, ага 2800 үй-бүлө камтылды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламент жыйынында Кыргызстан жакырчылыкты ченөө боюнча Дүйнөлүк банктын ыкмасынан баш тартып, Кытайдын тажрыйбасына өтүүгө ниеттенип турганын билдирген. Демек, 2023-жылдан баштап жакырчылыктын деңгээли боюнча статистикалык көрсөткүчтөр башка сандар менен айтылып калышы мүмкүн.

Жапаров учурдагы катаал жагдайда жакырчылыктын деңгээли өсүп баратканын, бирок алдыда эң оор шартта турган 220 миң жакыр үй-бүлөнү каатчылыктын чеңгээлинен сууруп чыгуу иши турганын айтат.

"Жакырчылык сөзсүз түрдө болот, алааматты көрүп атпайбызбы. 67-70% бизге керектелүүчү товарлардын баарын тең чет мамлекеттен алып келип жатабыз. Баалар өсүп атат. Сиздердин жардамыңыздар менен быйыл биз 1 млн. 600 миңге жакын кишиге жардам бере алдык. Пенсия, жөлөк пул жана маяна алгандардын баарына жардам бердик. Бюджеттин колунан келген жардамын бердик. Бирок, калган дагы эл бар да, 7 млн. деп атабыз, бир миллиону сыртта жумуш иштеп жүрсө дагы, калгандары баары тең эшиктеги өскөн бааны жон териси менен сезип атат. Жогору катмар болуп калгандар орто, орто катмардагылар кедейге түшүп калып жатат. Жалпы тенденция бар, мындан биз баш тарта албайбыз. Бирок эң кыйын болуп атканы 220 миң үй-бүлө".

Статистикалык эсептөөлөр Кыргызстанда жумушсуздук өсүп баратканын көрсөтөт. Эл аралык уюмдар Кыргызстандагы жумушсуздук 2020-жылдагы пандемиядан берки үч жылда 32% өскөнүн билдирүүдө.

2022-жылы жумуш менен камсыздоо мекемесине расмий кайрылып, каттоого турган жумушсуздардын көрсөткүчү 2,9% деп эсептелет. Улуттук статистикалык комитеттин өз алдынча сурамжылоосу боюнча, Кыргызстанда 2022-жылы жумушсуздуктун деңгээли 5,3% түзөт деп бааланат. Ал эми, Эл аралык валюта фондунун баалоосу боюнча 2022-жылы Кыргызстандагы жумушсуздуктун деңгээли 9% түзөт.

Жумушсуздуктун деңгээли 2019-жылга чейин аздан болсо да төмөндөп келген болсо, 2020-жылы 26% өсүп кеткен. Дүйнөлүк банктын эсептөөлөрү боюнча, 2021-жылы 4,5% өскөн.

Эмгек, социалдык өнүгүү жана миграция министрлигинин Жумуш менен камсыздоого көмөктөшүү бөлүмүнүн башчысы Наргиза Туркебекова каттоого турган жумушсуздардын саны көбөйүп жатканын айтат.

"Статистика комитетинин маалыматы боюнча, жумушсуздардын саны азаюуда. Бирок каттоодо тургандардын саны көбөйүп жатат. Мисалы, 2019-жылы каттоодо турган жумушсуздардын жалпы саны 94 248 адам болгон. 2020-жылы каттоого турандардын саны 98 746 адам болуптур. 2021-жылы 99 341 адам жана быйылкы жылдын он айында 101 800 адам каттоодо турат. Башкача айтканда, каттоодо турган жарандардын саны аз да болсо өсүүсү байкалууда".

Кыргызстан 2022-жылдын кышын мурунку жылдагыдай эле энергетикалык кризистин кучагында өткөрүп жатат. Түркмөнстандан электр энергиясын импорттоо үчүн Азия өнүктүрүү банкынан 50 млн. доллар карыз алынды.

Кыргыз өкмөтү алдыдагы жылдары өлкө бюджетин толтурууда салыктык төлөмдөргө көз карандылыкты азайтып, өндүрүштү өстүрүүгө бел байлап жатканын белгилеп келет. Максатка жетүү үчүн "Кыргызиндустрия" баштаган бир катар улуттук компаниялар түзүлүүдө.

Акылбек Жапаров айткан сөздөргө таянсак, алдыда четтен тартылган карыздар (насыя менен гранттар) бюджетти жамаачылоого эмес, жалаң өнүгүү долбоорлоруна жумшалмакчы. Ушундай темп менен барсак, буюрса, 2024-жылдан баштап казынага чогулган каражаттын көлөмү артып, профицитке өтөрүнө ишендирет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG